"Алтуха" каймана аты бар криминалдык авторитет ИИМге чакырылды. Себеби

Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда шайлоодон кийинки саясий абалга байланыштуу криминалдык авторитет ИИМге чакырылганы айтылган.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги "Алтуха" каймана аты менен таанымал криминалдык авторитет Алтынбек Ибраимов профилактикалык баарлашууга чакырылганын тастыктады.
Учактан спецназ желкелеп алып кетти. Кримтөбөл Чачтын кармалган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Учактан спецназ желкелеп алып кетти. Кримтөбөл "Чачтын" кармалган видеосу
Милициядан билдиришкендей, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жарандарды профилактикалык баарлашууга чакыруу мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Ибраимов мурда бир нече жолу соттолгон. Аны криминалдык милиция кызматына алып келип, тартиптин бузулбашы керектиги боюнча расмий эскертүү беришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0