Беткапчан киши. Архивдик сүрөт

Жыт сезбей калуу Паркинсон оорусунун да белгиси болушу мүмкүндүгү айтылды

94
(жаңыланган 10:38 12.01.2021)
Паркинсон илдети айыккыс дарт. Дарыгерлер бейтаптын оорусунун күчөшүн жайлатканга гана жардам бере алат.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Окумуштуулар жыт билбей калуу Паркинсон оорусунун баштапкы белгиси болушу мүмкүндүгүн аныктаганын Express басылмасы жазды.

Паркинсон фондунун маалыматы боюнча, бул ооруга кабылгандар калтырап-титиреп калганга чейинки жылдарда алар маалы менен жыт билбей калып жатышкан. Кээде мындай симптом Паркинсон оорусунун диагнозу коюлганга чейинки 10 жылда байкалары айтылат.

Изилдөө көрсөткөндөй, Паркинсон дартына кабылгандардын 90 пайызы жытты жакшы сезбейт.

Учурда аталган илдет айыккыс болуп эсептелет. Дарыгерлер бейтаптын оорусунун күчөшүн жайлатууга гана жардам берип келишет.

Буга чейин дарыгер адам жытты коронавируска кабылганда, мурун көңдөйүнө суук тийгизгенде, курч же өнөкөт ринитте жана башка дем алуу органдарынын ооруларында сезбей каларын айткан.

94
Белгилер:
симптом, жыт, оору, коронавирус
Тема боюнча
Окумуштуулар: жөнү жок тердей берген адамда кооптуу оору болушу мүмкүн
Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрылуу керек? Телефондор
Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет
Бейтаптан анализ алып аткан медайым. Архивдик сүрөт

Бир суткада 90 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду

2
(жаңыланган 11:40 19.01.2021)
Азыркы учурда 742 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 37 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 90 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 145 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 21;
  • Чүй облусу – 37;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 23;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 3.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 83 268ке жетти.

Айыккандар:

  • Бишкек – 61;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 45;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 2.

Оору илештиргендердин басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 79 249 бейтап айыккан.

Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкектен, бири Ошто болчу.

Азыркы учурда 742 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 220сынын абалы оор болсо, 37 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Өткөн суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган эмес.

2
Белгилер:
өлүм, медик, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Люди идут по новому подземному пешеходному переходу между станциями Динамо Замоскворецкой линии и Петровский парк Большой кольцевой линии (БКЛ) метро в Москве.

Россияда "британиялык" штамм мартта күч алары болжолдонууда

1
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. COVID-19дун британиялык штаммы Россияда март айында кенен жайылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жорж Мейсон университетинин Системалык биология мектебинин профессору Анча Баранова билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, жаңы штамм буга чейин аныкталган вируска караганда жугуу мүмкүнчүлүгү бир кыйла жогору.

"АКШда "британиялык" штамм менен катталган бейтаптардын саны көбөйүүдө. Америкалык Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору АКШда март айында дал ушул штамм негизги көйгөй болорун болжолдоду. Мен Россияда да ушундай эле көрүнүш болот деген ойдомун", — деген Баранова.

Биологдун айтымында, узак убакытка чейин шарттуу түрдө коопсуз делген байланыштардан эми оору жугушу мүмкүн.

"Мурда сиз коронавируска кабылган бейтап менен 15 мүнөткө чейин сүйлөшсөңүз да илдет жукчу эмес. "Британиялык" штаммда бул көрүнүш жок дегенде беш мүнөткө чейин кыскарат. Так убакытты эч ким эсептей элек, бирок эски вирусту жаңысына алмаштыруу процесси ушундай болуп жатат. "Британиялык" штаммды алып жүрүүчүлөрдөн башкалар жугузуп алышат. Ал эми жаңы штамм эски вируска караганда тез жайылат. Вакцина ооруну кубалап чыгат деген үмүт бар", — деп белгиледи ал.

Профессор белгилегендей, Россияда жаңы штамм аныкталган бир учур катталып, бейтап обочолонгон. Бул аныкталган гана учур, аба каттамдары толук токтотулган эмес. РФке "британиялык" штамм катталган көптөгөн өлкөлөрдөн адамдар учуп келүүдө.

"Россияда жаңы штамм менен катталган бир эле учур бар. Өлкөгө үч айдан бери илдет жуктурган бир эле киши келген деп айтууга болбойт", — деп белгиледи Баранова.

Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган.

1
Белгилер:
Россия, илдет, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус