Медицина кызматкерлери ооруканада бейтапты кароодо. Архивдик сүрөт

Коронавирус бир суткада 115 адамдан табылып, үч адам акка моюн сунду

120
(жаңыланган 11:41 12.01.2021)
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 495ке жетти. Анын ичинен 78 181и айыкса, тилекке каршы, 1 374 адам ажал тапты.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 115 адамдан табылып, 178 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 47;
  • Чүй облусу – 43;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 3.

Айыккандар:

  • Бишкек – 60;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 43;
  • Ош облусу – 8;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 28;
  • Жалал-Абад облусу – 12;
  • Баткен облусу – 14.

Кечээтен бери Бишкекте эки, Ысык-Көлдө бир бейтап коронавирустун курмандыгы болгон.

Азыркы тапта ооруканаларда 808 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 242 бейтаптын абалы оор болсо, 49унун абалы өтө оор деп бааланууда.

Бир суткада өлкө боюнча эки медиктен коронавирус табылган. Анын бирөө Жалал-Абаддан болсо, экинчиси Ысык-Көл облусунда.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 495ке жетти. Анын ичинен 78 181и айыкса, тилекке каршы, 1 374 адам акка моюн сунду.

120
Белгилер:
медик, бейтап, оору, коронавирус, статистика, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1517)
Тема боюнча
Узун кезек, ыраазычылык, үмүт... Коронавируска каршы эмдөө учурундагы сүрөттөр
ДССУ коронавирустун жаңы штаммы 41 өлкөгө жайылганын билдирди
Кыргызстанда коронавирус жугузган 253 бейтап оор, 57си өтө оор абалда жатат
Аэрпорттогу учак. Архив

"Манас" аэропортунда эки аба каттам учпай турат

4
(жаңыланган 10:49 26.01.2021)
"Манас" аба майданынын аймагын эртең менен туман каптаган. Эл аралык "Манас" аэропортунун жетекчилиги жүргүнчүлөрдү каттамдар боюнча учак жайдын сурап билүү-бөлүмүнө чалып тактоону өтүнөт.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунда бүгүн туманга байланыштуу эки каттам кармалып турат. Бул тууралуу аталган аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

Учак жайдын аймагына таң эрте туман түшкөн. Аба ырайындагы абалга байланыштуу айрым каттамдар токтотулуп турат.

Алар: Алматы — Бишкек — Алматы жана Ош — Бишкек авиа каттамдары.

Мекеменин маалымат кызматы каттамдар боюнча маалыматты аэропорттун 0(312)693109 сурап-билүү телефону аркылуу тактап алууну өтүнөт.

4
Белгилер:
туман, аба ырайы, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема боюнча
Авиадиспетчер Төлөгөнов: жоопкерчилик күч, кээде учактардын кагышканы түшкө кирет
Кишенделген аял. Архив

Эркек кишини интимдик видео менен шантаж кылган аял кармалды. Бишкектеги окуя

21
Арыз ээсинин айтымында, белгисиз аял андан 30 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып, бербесең интимдик мүнөздөгү видеолорду туугандарыңа жиберем деп коркуткан.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургунун интимдик видео менен шантаж кылып акча талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 11-январда Ленин райондук милициясына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз аял "туугандарыңа интимдик видеону көрсөтөм" деп 30 миң сом талап кылып жатканын айтып, ага чара көрүүнү суранган.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 36 жаштагы аял 15 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурда кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Пара талап кылуу") менен тергөө амалдары башталган.

21
Белгилер:
опузалап акча талап кылуу, алдамчылык, шантаж, коркутуу
Тема боюнча
700 миң сомдун дайны жок. Оштогу "Достук" бажы бекетинин тескөөчүсү кармалды