БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча иш баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Бул аракеттер 2019-2023-жылдарга пландалган "Дени сак адам — өнүккөн өлкө" программасынын алкагында ишке ашканы турат.
Оптималдаштыруунун алкагында аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, аймактык ооруканалар, стоматологиялык клиникалар сыяктуу медициналык мекемелер бириктирилип, кайрадан түзүлөт.
"Анализ жүргүзүп көрсөк, көпчүлүк медициналык мекемелер бир аймакта жайгашат экен. Ошол эле учурда көпчүлүгү бири-биринин функциясын кайталайт, лабораториялык жана диагностикалык жабдуулар толук кандуу пайдаланылбайт. Аткарыла турган иш-чаралар жарандарга бир эле жерден ооруну алдын алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча бардык кызматтарды колдонууга шарт түзөт", — деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Ал, ошондой эле, финансылык, кадрдык, материалдык ресурстарды үнөмдүү колдонууга мүмкүнчүлүк пайда болорун айтты. Мындан тышкары, министр мындай өзгөрүүлөр бир дагы медикти ишсиз калтырбай турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Британиядагы Оксфорд университетинин окумуштуулары тез аранын ичинде коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина даярдоого белсенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости чет элдик сайттарга шилтеме берип жазды.
Аталган окуу жайдын командасы ушул тапта AstraZeneca вакцинасы менен иштеп жатат. Буга кошумча коронавирустун жаңы штаммына каршы изилдөө жүргүзө турганын айтышкан.
Ал эми Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жаңы штаммдар боюнча илимпоздор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген.Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Ал азыр бир катар мамлекеттерге жайылууда.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы супермаркеттер түйүнүнүн маркетинг боюнча жетекчиси Никита Рыжих ири дүкөндөр мөөнөтү өтүп кеткен товарларды эмне кыла турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинде маек берип жатып айтып берди.
Рыжих белгилегендей, мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр дүкөндөрдүн текчелеринде турбашы керек.
"Супермаркеттерде күн сайын кыдырып, товарлардын мөөнөтүн текшерген кураторлор иштейт. Эгер персонал мөөнөтү өтүп кеткен товарларды убагында тапшыруучуга өткөрүп бербесе, анда алар сый акыдан кол жуушат. Бул процесс алдын ала жүргүзүлөт. Товар бир же эки жума мурда эле кайтарылат. Тапшыруучу тарап менен түзүлгөн келишимде кайтарып берүү пайызы да жазылат. Мисалы, кайсы бир товардан 100 даана алсак, анын 10 пайызын гана кайтарып беребиз. Эгер 15 пайызын кайтара турган болсок, 5 пайызынын акысын төлөшүбүз керек", — деди Рыжих.
Ал арзандатуу же башка акциялар мөөнөтү өтүп кеткен товарлардан кутулуунун ыкмасы эмес экенин белгилеп, бул маркетинг стратегиясы экенин кошумчалаган.