БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 13-январдан 16-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын айтып ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматта көчкү Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр автоунаа жолунун 61-85-чакырымдарында (Кара-Кысмак капчыгайы) түшөрү болжолдонууда. Жолдор тайгак болуп, моз тоңот.Жолго чыккан айдоочулар автоунаа ортосундагы 500 метрлик аралыкты сакташы керектиги эскертилди.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду расмий беттештерде киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
35 жаштагы спортчу кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн "Наполи" менен оюнда гол киргизди. Беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктаган.
Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген 760-голу болду. Муну менен ал Австрия жана чехословакиялык футболчу Йозеф Бицандан ашып өттү. 1950-жылдары ойногон чабуулчу атаандаштарынын дарбазасына 759 ирет топ киргизген.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда кайгуул полиция кызматкери бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра дароо эле жумушка чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.
Салтанат Кытайдын Хэбей провинциясында өткөн. Анда жумушунан бошобогон полиция кызматкери түшкү тамактануу учурунда убакыт таап, келинчеги менен бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра эле кызматына жөнөгөнү айтылат.
Түгөйлөр 15-январда баш кошкон.