БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Баткен облусунда Өзбекстанга мыйзамсыз газ сатылып жатат деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Эске салсак, социалдык тармактарга Кадамжай районунун жаранынан Өзбекстанга жаратылыш газы мыйзамсыз сатылып жатат деген маанидеги видеокайрылуу тараган.
Мындан улам УКМК маалыматты жеринен текшерип көрүү чечимин кабыл алган.
"Түндүк Сох" газ сактоочу жер алдындагы кампасы Өзбекстандын "Узбекнефтегаз" ишканасынын балансында. 2010-жылга чейин коңшулар бул жерде Бухара облусунан келген газды сактоо жана бөлүштүрүү үчүн пайдаланышкан. Учурда ал жерде газ жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Ушул эле маселе өткөн жылдын декабрь айында козголуп, ага өкмөт өз түшүндүрмөсүн берген.
Бирок анда газ эмес, нефть тууралуу сөз болгон. Өкмөттөн билдиришкендей, Советтер Союзу мезгилинде Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына караштуу жалпы аянты 1400 гектарга жеткен жерге Өзбек ССРи тарабынан газ, нефть өндүрүүчү скважиналар курулган.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте батирге уурулукка киргендердин кылыгы бөлмөнүн ичине орнотулган камерага түшүп калган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милиция камерага тартылган видеону жарыялады. Кадрдан үйдөгү буюмдарды сыртка ташып бараткан адамдарды көрүүгө болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
ИИБден билдиришкендей, 9-январь күнү кыргызстандык жаран арыз менен кайрылган. Ал 8-январь күнү саат 19:40та белгисиз адамдар анын Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги батирин ачып киргенин айткан.
Тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүү кармалды. Экөө тең 39 жашта. Алар Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилди. Уурдалган баалуу буюмдардын баасы такталып жатат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ырчы Кайрат Примбердиевден "КР эмгек сиңирген артисти" наамы алынган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маалыматына таянып президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Жазык кодексинин 64-беренесине ылайык, адамдан мамлекет тарабынан берилген жогорку сыйлыктар ал кызмат абалынан пайдаланып оор жана өтө оор кылмыш кылганда гана кайтарып алынат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле мындай жооп Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жөнөтүлгөнү кошумчаланды.
Көп өтпөй министрлик маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев менен жолукканын кабарлады. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, мындан ары пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча макулдашуулар болгону кошумчаланды.
Эске салсак, буга чейин Курал Чокоевдин чет элдик көрсөтүүлөрдү туураган долбоору чыгып, аны интернет колдонуучулар катуу сынга алышкан. Ырчы Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз катышкан бул долбоордо коомго жат, адепсиз сөздөр айтылат.
Маданият министрлиги 2011-жылы Чокоевге ыйгарылган "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алган. Ал эми Примбердиевдин "КР эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу боюнча президенттин аппаратына сунуш жөнөткөн.