Өкмөттүн мурунку башчысы Кубатбек Боронов. Архивдик сүрөт

Боронов сурактан чыгып, Финпол эмнеге чакырганын айтып берди

293
(жаңыланган 17:56 12.01.2021)
Экс-премьер Боронов анын маалыматтары керектүү болуп, мындан ары суракка чакырылбастыгына ишеним артты.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Өкмөттүн мурунку башчысы Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын сурагынан чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бороновдун айтымында, Финпол аны кылмыш иштеринин бири боюнча күбө катары чакырып, коронавирус пандемиясы башталгандан кийинки өкмөттүн иши тууралуу бир катар тактоочу суроолорду узаткан. Ал суракта саат 11.00дөн баштап болгонун билдирди.

"Өлкөгө келген гуманитардык жардамдар тууралуу суроо болду. Маалыматтарды ачыктабоо боюнча тил кат жазып бергендиктен тагыраак айта албайм", — деди экс-премьер.

Боронов анын маалыматтары керектүү болуп чыгып, мындан ары суракка чакырылбастыгына ишеним артты.

Экс-премьер коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсептин тагдыры боюнча суроого жооп берип жатып каражат максаттуу колдонулганын тастыктаган документтер бар экенине токтолду.

Өкмөттү жетектөөгө 2020-жылдын жаз айында келген Боронов пандемияга чейин биринчи вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан соң отставкага кеткен болчу. Андан кийин коронавирус менен ооруп айыкканы айтылган.

293
Белгилер:
коронавирус, финансы полициясы, сурак, Кубатбек Боронов
Тема боюнча
Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу
Кубатбек Боронов коронавирусту жеңип, ооруканадан чыгарылды
Кубатбек Боронов Финполго суракка чакырылды
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив

Медиктерге компенсация төлөө мыйзамы өзгөрдү. Кошумча акча алуунун жол-жобосу

4
(жаңыланган 20:09 26.01.2021)
Кызмат учурунда коронавирус жуктурган медиктердин компенсациясынын көлөмү өзгөрүп, мурдагыга салыштырмалуу азайды. Ал эми каза тапкандардын жакындарына төлөнчү каражат көбөйдү. Себебин Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

2021-жылдын январь айынан тарта кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери мурдагыдай 200 миң сом эмес, 75 миң сом компенсация алмай болушту. Ал эми оорудан көз жумган ак халатчандардын жакындарына 1 миллион сом эмес, болжол менен 2 миллион 800 миң сом берилет. Бул тууралуу буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирген.

Ал мындай жаңылыкты "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүргөн. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган мыйзамды карап, медиктерге кандай жеңилдиктер каралганын билип көрдү.

Компенсациянын мурдагы көлөмү

2020-жылдын жаз айында өкмөт өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып коронавирус жуктуруп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлерине 200 000 сом, ал эми каза тапкан медиктердин жакындарына 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү боюнча буйрук чыгарган. Документке ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Бирок быйыл "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргендиктен, өкмөттүн мурдагы буйругу күчүн жоготту. Андыктан компенсация эми өзгөртүлгөн мыйзамдын негизинде төлөнөт.

Негизи бул мыйзам сегиз жыл мурда, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган убакта эле кабыл алынган. Бирок пандемия эл өкүлдөрүн мыйзамга бир катар маанилүү, анын ичинде компенсация төлөөгө байланышкан толуктоолорду киргизүүгө түрткөн. Өзгөртүлгөн мыйзамга 2020-жылдын 29-июнунда ошол учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Андан соң өкмөт тарабынан төлөм тартибин аныктай турган механизм иштелип чыгып, мыйзам 2021-жылы күчүнө кирди.

Өзгөртүлгөн мыйзамда кандай артыкчылыктар бар?

Мыйзамдагы жоболор мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген медиктерге гана тиешелүү. Бирок көрсөтүлгөн жагдайларда ишке жеке клиникалардын медицина кызматкерлери тартылган болсо, анда бул алты пункт аларга да байланыштуу болот.

Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими маалында медиктерге төмөнкү шарттарды түзүп берүү зарыл:

  • үйдөн жумушка жана кайра үйгө чейин транспорт;
  • тийиштүү коргонуу каражаттары (бет кап, көз айнек, костюм, бахила, антисептик жана башкалар) — коопсуз иштөөгө мүмкүндүк берген көлөмдө;
  • талаптагыдай эмгек шарттары менен камсыздоо.

Компенсациянын азыркы көлөмү

Эгер медицина кызматкерлери ӨК же ӨА режими убагында саламаттыгын тобокелге салуу менен кесиптик милдетин аткарса, аларга компенсация кошумча каралат. Аны министрлер кабинети аныктайт, бирок өлчөмү ээлеген кызматына жараша төрт окладдан кем болбоого тийиш.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристтеринин айтымында, бул — иштегенине жараша айлык маянага кошулуп төлөнүп берилчү акча.

ӨК же ӨА режими убагында санитардык-карантиндик зонада эмгектенгендерге оор жумуштар, зыяндуу жана оор эмгек шарттары менен иштөө режими белгиленип, медиктерге ээлеген кызматына жараша 10 окладдан кем эмес өлчөмдө компенсация каралат. Алардын өлчөмүн да өкмөт аныктайт.

Бир жолу төлөнө турчу компенсация

Эгер медицина кызматкери ӨК же ӨА убагында кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп ооруп калса же жаракат алса, бирок майып болбосо, анда ээлеген кызматына жараша 15 окладдан кем эмес бир жолку жөлөк пул төлөнөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристтери түшүндүргөндөй, мыйзам боюнча кызмат учурунда оору жуктуруп же жаракат алгандардын айлык маянасы эмес оклады эсептелет. Ошол себептен алар болжол менен 5000 сом окладды алып, аны 15ке көбөйтүшкөн. Жыйынтыгында 75 миң сом чыккан. Белгилей кетсек, бул болжолдуу эсептөө. Кенже медперсоналдардын алчу акчасы мындан аз болуп калышы ыктымал.

Эгер медик ӨА жана ӨК режиминде өз милдетин аткаруу убагында кабылган илдеттен көз жумса, анда анын үй-бүлөсүнө маркумдун жыйырма жылдык орточо маянасынан аз эмес өлчөмдө бир жолку жөлөк пул төлөнөт.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон медиктердин жакындарына өзгөртүлгөн мыйзам боюнча болжол менен 2 миллион 800 миң сом төлөнөрүн кабарлаган.

Бул сумма кандай эсептелгенин министрликтин юристтери түшүндүрүп берди. Алар мында оклад эмес, каза болгон медиктин жыйырма жылдык айлык маянасы эсептеле турганын белгилеп кетишти. Юристтер финансисттер менен акылдашып, болжол менен 12 миң сомду алышкан. Анткени бул сумманын ичине оклад, иштөө коэффициенти (КТУ) жана башка төлөмдөр кошулат. 12 миңди 12 айга көбөйтүп, андан соң 20 жылга көбөйткөндө 2 миллион 800 миң сом чыккан. Юристтер бул болжолдуу гана эсептөө экенин эскертишти.

Эгер ӨА же ӨК шарттарында кесиптик милдетин аткаруу убагында медик ооруга кабылып, анын айынан таптакыр же белгиленген жагдайларда бир жыл өткөнчө иштей албай турган болсо, анда бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилет.

  • I топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 10 жылдык орточо маянасынан кем эмес;
  • II топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 8 жылдык орточо маянасынан кем эмес;
  • III топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 5 жылдык орточо маянасынан кем эмес.

Бир жолку төлөм Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен берилет.

Мындан тышкары, медкызматкерлерди эмдөөгө, иш убагында кабылган дартынан дарыланууга кеткен чыгымдары мамлекеттик жана муниципалдык медициналык уюмдардын өз эсебинен төлөнүп берилет. Ушул эле пунктуга милдеттүү медициналык кароолор да тиешелүү. Буга чейин медиктерге мындай жеңилдиктер жок болчу.

Белгилей кетсек, бул компенсациялар бир гана коронавирус жуктуруп алуу учуруна гана байланыштуу эмес. Бул өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда иштеген медиктерге тиешелүү. Ошондой эле аскердик же ИИМде иштеген медиктерге мыйзамдагы бул толуктоолор таптакыр тиешеси жок экенин юристтер эскертти.

Компенсациялар дароо ак халатчандардын колуна тийбей турганын да белгилеп кетүү зарыл. Сөзсүз комиссия карап чыгып, андан кийин берилет. Ишти мурдагыдай Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия текшербейт, ар бир саламаттык сактоо мекемесинде түзүлгөн комиссия иликтеп, текшерип анан каражат бериле турганы айтылды.

4
Белгилер:
өзгөртүүлөр, мыйзам, компенсация, медик
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID жуктурган медиктер 75 миң, көз жумгандардын жакындары 2,8 млн. сомдон алышат
Бишкекте бир бейтап көз жумуп, 97 адам оору жуктурду. Кыргызстандагы коронавирус
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт

Апта ирмеми: көркөмдүү муз тазалагычтан тарта жеңилген Конорго чейин

10
  • 19-январда Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти. Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталып, андан соң сууга чөмүлүп чыгышат
  • Россиянын Великий Новгородундагы Волхов дарыясында аялдар Крещение майрамында сууга түшүүдө
  • Байкал көлүндөгү муз
  • Индонезиянын Ява аралында Семеру вулканы атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды
  • Knights Guard хоккей командасынын кыздары Лас-Вегастагы оюн алдында музду тазалап жатышат
  • Израилдин Иордан өрөөнүндөгү токтоп турган фермадагы крокодилдер
  • АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясына учар алдында президенттик учакка отуруп жатышат. Дональд Трамп ноябрда өткөн президенттик шайлоодо демократ Жозеф Байденге жеңилген. Трамп атаандашы Байдендин инаугурациясына катышпай турганын айткан
  • АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден Вашингтондо өткөн инаугурацияда ант берип кызматына расмий киришти. Өз сөзүндө Байден салтка айлангандай эле бардык америкалыктар үчүн бирдей президент болорун убада кылды
  • 18-22-январь күндөрү Орловка тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү. Спортчулар лыжа менен тоодон ылдый жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүп мелдешти
  • Бразилиянын Манаус шаарында адамдар COVID-19 жуккан туугандарына кычкылтек баллондорун толтуруу үчүн кезекте турушат. Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.
  • Чилидеги Конгильо улуттук паркындагы түркүн түстүү жарыктар
  • Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярданып жаткан бийчилер. 26-январда Индияда башкы улуттук майрамы белгиленет. 1950-жылы ушул күнү өлкө Конституциясын кабыл алып, муну менен Британиянын колониясы статусунан Республика статусуна өткөнүн бекемдеген
  • Америкалык спортчу Алиса Лю Невада штатында көркөмдөп муз тебүү боюнча АКШнын чемпионатына катышып жатат
  • Гондурастык мигранттардын Гватемала полициясы менен кагылышы
  • Вьетнамдагы Шондонг үңкүрүндөгү туристтер
  • Москвадагы санкцияланбаган нааразычылык акциясынын катышуучулары
  • Порт-о-Пренседе (Гаити) вуду мода көргөзмөсүндөгү моделдер
  • UFC мушкери, америкалык Дастин Порье уюмдун эки салмактагы экс-чемпиону ирландиялык Конор Макгрегорду нокаутка түшүрдү. Беттеш 24-январда Абу-Дабидеги Мушкерлер аралы спорттук жайында UFC 257 мелдешинде болду. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап, утту
Байден АКШнын президенти катары кызматына расмий киришти, Гватемалада мигранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Sputnik Кыргызстан узаган аптадагы окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Индонезиянын Ява аралында Семеру жанар тоо атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды.

Вашингтондо АКШнын шайланган президенти Жозеф Байдендин инаугурациясы өттү.

Гаитиде Порт-о-Пренседе вуду модасынын көргөзмөсү өттү.

Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.

Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти.

Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярдыктар көрүлүүдө.

АКШнын Невада штатында көркөм муз тебүү боюнча өлкө чемпионаты өттү.

Гватемалада Гондурастан барган мигранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду.

Москвада Алексей Навальныйды колдогон санкцияланбаган нааразычылык акциясы өттү.

Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында UFC 257 мелдешинде ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье кармашты. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап утту.

Кыргызстандагы "Орловка" тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү.

10
  • 19-январда Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти. Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталып, андан соң сууга чөмүлүп чыгышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    19-январда Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти. Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталып, андан соң сууга чөмүлүп чыгышат

  • Россиянын Великий Новгородундагы Волхов дарыясында аялдар Крещение майрамында сууга түшүүдө
    © Sputnik / Александр Гальперин

    Россиянын Великий Новгородундагы Волхов дарыясында аялдар Крещение майрамында сууга түшүүдө

  • Байкал көлүндөгү муз
    © Sputnik / Кирилл Шипицин

    Байкал көлүндөгү муз

  • Индонезиянын Ява аралында Семеру вулканы атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды
    © AFP 2021 / AGUS HARIANTO

    Индонезиянын Ява аралында Семеру вулканы атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды

  • Knights Guard хоккей командасынын кыздары Лас-Вегастагы оюн алдында музду тазалап жатышат
    © AFP 2021 / Ethan Miller

    Knights Guard хоккей командасынын кыздары Лас-Вегастагы оюн алдында музду тазалап жатышат

  • Израилдин Иордан өрөөнүндөгү токтоп турган фермадагы крокодилдер
    © AFP 2021 / MENAHEM KAHANA

    Израилдин Иордан өрөөнүндөгү токтоп турган фермадагы крокодилдер

  • АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясына учар алдында президенттик учакка отуруп жатышат. Дональд Трамп ноябрда өткөн президенттик шайлоодо демократ Жозеф Байденге жеңилген. Трамп атаандашы Байдендин инаугурациясына катышпай турганын айткан
    © AP Photo / Luis M. Alvarez

    АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясына учар алдында президенттик учакка отуруп жатышат. Дональд Трамп ноябрда өткөн президенттик шайлоодо демократ Жозеф Байденге жеңилген. Трамп атаандашы Байдендин инаугурациясына катышпай турганын айткан

  • АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден Вашингтондо өткөн инаугурацияда ант берип кызматына расмий киришти. Өз сөзүндө Байден салтка айлангандай эле бардык америкалыктар үчүн бирдей президент болорун убада кылды
    © AFP 2021 / SAUL LOEB

    АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден Вашингтондо өткөн инаугурацияда ант берип кызматына расмий киришти. Өз сөзүндө Байден салтка айлангандай эле бардык америкалыктар үчүн бирдей президент болорун убада кылды

  • 18-22-январь күндөрү Орловка тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү. Спортчулар лыжа менен тоодон ылдый жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүп мелдешти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    18-22-январь күндөрү "Орловка" тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү. Спортчулар лыжа менен тоодон ылдый жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүп мелдешти

  • Бразилиянын Манаус шаарында адамдар COVID-19 жуккан туугандарына кычкылтек баллондорун толтуруу үчүн кезекте турушат. Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.
    © AFP 2021 / MARCIO JAMES

    Бразилиянын Манаус шаарында адамдар COVID-19 жуккан туугандарына кычкылтек баллондорун толтуруу үчүн кезекте турушат. Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.

  • Чилидеги Конгильо улуттук паркындагы түркүн түстүү жарыктар
    © REUTERS / STRINGER

    Чилидеги Конгильо улуттук паркындагы түркүн түстүү жарыктар

  • Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярданып жаткан бийчилер. 26-январда Индияда башкы улуттук майрамы белгиленет. 1950-жылы ушул күнү өлкө Конституциясын кабыл алып, муну менен Британиянын колониясы статусунан Республика статусуна өткөнүн бекемдеген
    © REUTERS / ADNAN ABIDI

    Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярданып жаткан бийчилер. 26-январда Индияда башкы улуттук майрамы белгиленет. 1950-жылы ушул күнү өлкө Конституциясын кабыл алып, муну менен Британиянын колониясы статусунан Республика статусуна өткөнүн бекемдеген

  • Америкалык спортчу Алиса Лю Невада штатында көркөмдөп муз тебүү боюнча АКШнын чемпионатына катышып жатат
    © REUTERS / Orlando Ramirez

    Америкалык спортчу Алиса Лю Невада штатында көркөмдөп муз тебүү боюнча АКШнын чемпионатына катышып жатат

  • Гондурастык мигранттардын Гватемала полициясы менен кагылышы
    © AP Photo / Sandra Sebastian

    Гондурастык мигранттардын Гватемала полициясы менен кагылышы

  • Вьетнамдагы Шондонг үңкүрүндөгү туристтер
    © AFP 2021 / NHAC NGUYEN

    Вьетнамдагы Шондонг үңкүрүндөгү туристтер

  • Москвадагы санкцияланбаган нааразычылык акциясынын катышуучулары
    © Sputnik / Илья Питалев

    Москвадагы санкцияланбаган нааразычылык акциясынын катышуучулары

  • Порт-о-Пренседе (Гаити) вуду мода көргөзмөсүндөгү моделдер
    © AP Photo / Dieu Nalio Chery

    Порт-о-Пренседе (Гаити) вуду мода көргөзмөсүндөгү моделдер

  • UFC мушкери, америкалык Дастин Порье уюмдун эки салмактагы экс-чемпиону ирландиялык Конор Макгрегорду нокаутка түшүрдү. Беттеш 24-январда Абу-Дабидеги Мушкерлер аралы спорттук жайында UFC 257 мелдешинде болду. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап, утту
    © REUTERS / Jeff Bottari

    UFC мушкери, америкалык Дастин Порье уюмдун эки салмактагы экс-чемпиону ирландиялык Конор Макгрегорду нокаутка түшүрдү. Беттеш 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында UFC 257 мелдешинде болду. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап, утту

Белгилер:
нокаут, Конор Макгрегор, инаугурация, Жо Байден, апта ирмеми, Сүрөт
Тема боюнча
Макгрегор нокаут болгондо. UFC мелдешинин бүйүр кызыткан видеолору
Апта ирмеми: учактын жээкке чыккан калдыктары, жок болуп бара жаткан галактика