Бишкек: маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылууда

Жазылуу
Жүргүнчү ташуу кызматтарын көрсөткөн ишканалардын биринин өкүлү айдоочулар иш таштоону пландап жатканын билдирди.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкектеги маршруткалардын айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып жатат. Бул тууралуу алар Бишкек жетекчилиги жана шаардык кеңештин төрагасы менен жолукканда айтышты.
Жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Алтынбек Доспаев тариф 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин эске салды.
"Сиздер льготалары бар жарандарды ташыгандыгы үчүн муниципалдык транспортко компенсация төлөп жатпайсыңарбы, эмнеге бизге төлөбөйсүңөр? Бул мыйзам бузуу", — деди ал.
Ага вице-мэр Азиз Алымкулов жооп кайтарды.
Заседание экологического совета для борьбы со смогом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы ыш менен күрөшүүгө экокеңеш түздү
"Силер бизди да ойлогула деп жатасыңар, биз 40 компанияга тарифти көтөрүүгө уруксат берип койсок, миллионго жакын жүргүнчүлөрдү кантебиз? Азыр шаар тургундарынын арасынан маршруткалардын тарифи кымбат экенин айтып кайрылгандар көп. Силер иш таштайбыз, митингге чыгабыз деп жатасыңар. Өзүңөр ойлосоңор, жарым жылдан бери балдар араң мектепке бара баштады. Шайлоодон кийин абал эми тынчып келе жатса... Силерди билбейм, биз мыйзам жолунда гана иштейбиз", — деди Алымкулов.
Ал эми айдоочулардын өкүлү Жумашалы Куттубаев мэриядан тарифти көтөрүү боюнча мөөнөттү тактап берүүсүн суранды.
"Айрым айдоочулар 15-январда, дагы башкалары 18-январда иш таштайбыз деп жатышат. Мага так жооп берсеңер, аларга эмне деп айтышым керек", — деди ал.
Компаниялардын биринин өкүлү айдоочулар жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылып жатканын билдирди.
Ошондой эле пандемиянын айынан автоунаа тетиктеринин кымбатташы көйгөй жаратып жатканын айткан айдоочулар болду.
"Сегиз жылдан бери тариф көтөрүлө элек. Бирок башка нерселер кымбаттап жатат. Мурда бир жолкусунда 350 сомго май куйсак, азыр 700 сомго чыкты", — деди дагы бир айдоочу.
Эске салсак, Бишкекте маршруткада жүрүү акысы күндүз 10 сом болсо, түнкүсүн 12 сомду түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0