БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкекте муниципалдык бала бакчаларды ачуу 1-февралга пландалууда. Бул туурасында Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отурумунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Отурумга төрагалык кылып жаткан депутат Казыбек Эргешов 20-январдан тарта бала бакчаларды ачуу пландалып жатабы деген суроо берген.
"Жок, бала бакчаларды ачуу маселесин балдар боюнча түзүлгөн абалга карайбыз. Эгерде эпидемиялык кырдаал начарлап кетпесе, анда 1-февралда ачабыз", — деди Чыныбаева.
Борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев отурумдун катышуучуларына маалымат берип жатып, Бишкекте 14 жашка чейинки 25 бала коронавирус менен ооругандыгын айтты. Анын билдиргенине караганда, бөбөктөргө оору эң көп жуккан учур ноябрга туура келген.
БИШКЕК, 20 янв — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 23-январынан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген кыргызстандыктар үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары сөзсүз болушу керек. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүн алдын алуу максатында текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.
"Эл аралык каттамдарды ишке ашырууда аба кемесинин бортундагы жүргүнчүлөргө сурамжылоо өткөрүлөт. Келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. Аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптарынын сакталышы, ПЦР-иликтөөсүнүн бар-жогу текшерүүгө алынат. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда ооруканага жаткырылат", — деп айтылат маалыматта.
ПЦР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына же авиакаттамдын кармалуусу сыяктуу объективдүү себептерден улам өтүп кетсе (72 саат), жарандар аэровокзалдан ПЦР-иликтөөдөн өтүүгө тийиш болот.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" аттуу эскерүү китебинин бет ачары өтөт. Бул туурасында Кыргызпатенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара эртең, 21-январда, саат 11.00дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын конференц-залында өтөт.
Бул китеп Кыргызпатент тарабынан 2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган.
Анда Төрөкул Айтматовдун көп кырдуу ишмердигинин ичинен Кыргызстандын эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы архивдик материалдардын негизинде чагылдырылган.Бет ачарга Кыргызстандын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Китеп окурмандардын кеңири катмарына сунушталат.