Бишкек: окуучулар кандай тартипте билим аларын башкармалыктан кабарлашты

Жазылуу
Иманалиеванын айтымында, мектепте окуучулар кабинеттен кабинетке көчпөй, бир жерде окушат. Аларга предметтик мугалимдер келип сабак өтүп турат.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын социалдык маселелер боюнча отурумунда борбор калаадагы окуучулардын кандай тартипте окуй тургандыгын билдирди.
Ал борбордогу мектептер балдарды кабыл алууга даяр экендигин айтты.
"Азырынча 1, 5, 9, 11-класстарга уруксат берүүнү сунуштап жатабыз. Башкаларга салыштырмалуу булар мектепке келип-кетип окууга өтө муктаж. Аралыктан окутуу билимдин сапатына таасирин тийгизет. Иштей баштаган мектептерге 2-3 жума мониторинг кылып, эгерде ооруп калгандар ошол эле деңгээлде болсо, анда башка класстарды да офлайн системасына өткөрүүнү карап көрүүнү сунуштоону ойлоп жатабыз", — деди ал.
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: бала бакчаларды ачуу кайсы күнгө пландалып жатканы айтылды
Иманалиеванын айтымында, мектепте окуучулар кабинеттен кабинетке көчпөй, бир жерде окушат. Аларга предметтик мугалимдер келип сабак өтүп турат.
"Окуучулар шахматтык тартипте отургузулат. Класс эки тайпага бөлүнөт. Үчкө бөлө албайбыз, бул үчүн мугалимдерге кошумча акы төлөп берүүгө туура келип калат", — деди башкармалыктын жетекчиси.
Кабинеттер жетиштүүбү деген суроого Иманалиева бардык окуучулар мектепте бир маалда келбей тургандыгын айтты.
"Бардык балдарды бир мезгилде киргизбейбиз. Ар биринде сабактын башталышы каралган. Мисалы, 1-класстын биринчи тайпасынын сабагы саат 8:00дө, экинчисиники саат 11:00дө башталат", — деп түшүндүрдү ал.
Иманалиева мектеп жана бала бакчалар үчүн зыянсыздандырган каражаттар 6 миллионов 800 миң сомго сатып алынгандыгын, ал болжол менен эки айга жетерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0