Майрамдан кийин кантип арыкташ керек? Дарыгер-диетологдун кеңеши

© Фото / Pixabay/ Deedee86Кыз белин өлчөп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз белин өлчөп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыктайм дегендер суюк тамакты көп ичип, суу же сүт менен жасалган боткого басым жасашы керектиги айтылды.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Дарыгер-диетолог, тамак-аш коопсуздугу, биотехнология жана тамактануу боюнча федералдык изилдөө борборунун илимий кызматкери Юлия Чехонина ден соолукка кедергисин тийгизип албай туура арыктоонун жолун айтты. Адистин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.
Дарыгердин айтымында, 10 күндүн ичинде адам тынбай тамак ичсе деле 3-4 килограммдан ашык семирбейт.
"Кайра кадимки формага келиш үчүн өзүнүн адаттагы рационуна эле кайтып, жөнөкөй эрежелерди сактап койсо жетиштүү", — деген адис.
Диетолог ачка болууну жана колбаса колдонбоону сунуштаган.
"Табигый эт азыктарына басым жасаңыздар. Килкилдек (холодец), балык этин деле жей бериңиздер", — деген Чехонина.
Проблема с ожирением в Китае - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы эң толук аял эки жылда 150 килограммга арыктады. Сүрөт
Мындан сырткары, арыктайм дегендер суюк тамакты көп ичип, суу же сүт менен жасалган боткого басым жасашы керектиги айтылды.
Юлия Чехонина айына беш килограмм салмак таштабаш керектигин белгилейт. Мындай учурда зат алмашуу төмөндөп, тери жабыркап калышы ыктымал. Теринин абалы жакшы болушу үчүн күнүнө белогу көп тамак жеш керек.
Адис белгилегендей, жумасына бир-эки жолу тамакты азайтып койгон деле туура. Ал эми дем алыш күндөрү жакшы көргөн десертке уруксат берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0