БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстан чет элдиктерге чек арасын ачкан бир ай ичинде өлкөгө дээрлик 100 миңдей жаран кирип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Кеп "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору аркылуу 4-декабрдан 31-декабрга чейин каттагандар тууралуу болуп жатат.
Бул аралыкта Кыргызстандын аймагына жалпысынан 56 880 киши кирсе, алардын ичинен 30 748и чет элдик экени аныкталды.
Ошол эле учурда 39 756 адам Кыргызстандан чыгып кетти, алардын 12 645и башка өлкөлөрдүн атуулдары.Эске салсак, кыргыз өкмөтү 2020-жылдын 4-декабрынан тарта бардык чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар үчүн чек арасын ачкан. Болгону акыркы 72 сааттын ичинде өткөн коронавирусту аныктоочу ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүп, тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүшү керек.
Эмне жөнүндө китеп окуй турганыңды жан дүйнөң менен сезип, билип турушуң керек. Бул абдан маанилүү. Мындай пикирин Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, китеп окуган адамдын акылы тунук, даражасы бийик, ой-чабыты кенен болот.
"Акыркы 30 жылды алсак, китептен такыр алыстагандар бар. Жаштар эле эмес улуу муундагы адамдар деле эмне окуурун билбейт. Мисалы, дүкөнгө кирип кандай темадагы чыгарма издеп жатканын билишпейт. Азыркы жашоо көбүнесе акчага байланып калды", — деди Садыкулова.
Ошондой эле жетекчи китеп окуу маданиятын калыптандыруу керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өкмөт менен Мамлекеттик кеңештин профилдик комиссиясына мигранттарды курулуш тармагына жумушка алуу боюнча талаптарды жөнөкөйлөтүү талабын койду. Мамлекеттик кеңеш менен РФ президентинин алдындагы стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешине берилген тапшырмалар жыйындысы Кремлдин сайтына жайгаштырылды.
Документте айтылганына караганда, кеп КМШга кирген айрым өлкөлөрдүн жарандары тууралуу болууда.
Мигранттар курулуш тармагына бардык санитардык талаптарды сактоо менен алынышы керек. Өкмөт бул боюнча өз сунуштарын 1-мартка чейин бермекчи.
"КМШнын айрым өлкөлөрүнүн жарандарын жумушка алууда COVID-19 инфекциясынын тарап кетишин алдын алуу үчүн бардык чаралар аткарылышы керек. Ошол эле учурда жумушка алуу жолдору жеңилдетилсин", — деп айтылат тапшырмада.
Жыйында Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллин учурда курулуш тармагында жумушчу күч жетпей жаткандыктан, айрым долбоорлорду убагында бүтпөй калуу коркунучу бар экенин айтты. Ал эми Татарстандын президенти Рустам Минниханов Владимир Путинге ар кайсы объектилерге атайылап мигранттарды алып келүүнү сунуштады.