Медайым баланын температурасын өлчөп жатат. Архив

COVID-19дун жаңы штаммы балага жукканын кантип билсе болот. Белгилер

224
(жаңыланган 09:44 13.01.2021)
Ооруп калган балдардын жарымынан көбү тез чарчап, айрым учурда эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, түнт болуп калууда. Ал эми ымыркайлар себеби жок эле ыйлап, чыргоолонуп жатышат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Коронавирустун Улуу Британияда пайда болгон штаммына балдар кабылган учурда мурдагысына салыштырмалуу башкача белгилер байкалып жатат. Бул тууралуу Express басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Ооруп калган балдардын жарымынан көбү тез чарчап, айрым учурда эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, түнт болуп калууда. Ал эми ымыркайлар себеби жок эле ыйлап, чыргоолонуп жатышат.

"Жаңы штаммга кабылган балдардын 53 пайызы бир эле учурда башы жана ичи ооруп жатканын айтууда. Дене табы 37 градустан жогору болуп, тамагы ооруган балдар дагы бар", — деп айтылат кабарда.

Балдардын 35 пайызы ооруп жатканда тамакка табити тартпай калат, өзгөчө бул белгини бир жашка чейинки балдардан байкаса болот.

Буга чейин адистер Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы штаммы көбүнесе балдарды жабыркатарын айтышкан.

224
Белгилер:
ден соолук, белги, бала, штамм, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1258)
Тема боюнча
ЖМК: COVID-19дун Африкада табылган штаммы вакцинаны тоготпой коюшу мүмкүн
Нью-Йорк шаарындагы Эркиндик айкели. Архив

Байден АКШга кирчүлөргө жаңы эрежелерди киргизди

17
(жаңыланган 09:54 22.01.2021)
Жозеф Байден кызматка киришери менен экс-президент Дональд Трамптын бир катар жарлыктарын жокко чыгарган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Кошмо Штаттарга кире турчу адамдардан ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамаларды гана эмес, карантин да талап кылынарын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Вирустун жаңы штаммын аныктап калсак, АКШга башка мамлекеттерден учуп келгендерге жаңы чараларды киргизебиз. Ар бири бет капчан болушу шарт. Ошондой эле АКШга келе турчулар учакка отурарда коронавируска тест тапшырып, Америкага келгенде карантинден өтүшү зарыл", — деген Байден.

Белгилей кетсек, Байден кызматка киришери менен экс-президент Дональд Трамптын бир катар жарлыктарын жокко чыгарган.

Алгач президент АКШны кайрадан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө кылып киргизди. Эске салсак, 2020-жылдын апрель айында Американын ал кездеги лидери Трамп ДССУну Кытайга өтө эле көңүл бурарын, болбосо уюм АКШ бөлгөн акчанын көпчүлүк үлүшүн аларын айтып чыккан. Июль айынан баштап Кошмо Штаттар уюмдан чыгуу процессин баштаган.

17
Белгилер:
эреже, карантин, коронавирус, Жо Байден, АКШ
Тема боюнча
Байден мигранттарга коюлган чектөөлөр боюнча Трамптын жарлыгын жокко чыгарды
АКШ кайрадан ДССУга кошулду. Байден Трамптын бир нече жарлыгын жокко чыгарды
Абактагы адам. Архив

Финполдун Ички иликтөө башкармалыгынын башчысы Токоев эки айга камалды

24
(жаңыланган 09:47 22.01.2021)
Финполдун жооптуу кызматкери 2014-2020-жылдары көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Мыйзамсыз байыган деп кармалган Финполдун Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 20-январда Биринчи май райондук сотунда Токоевдин баш коргоо чарасы тандалып, 18-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынган.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Айбек Токоевди 18-январда кармаган. Ал 2014-2020-жылдар аралыгында көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келген эмес.

24
Белгилер:
жетекчи, УКМК, кармоо, финансы полициясы
Тема боюнча
УКМК Ветинспекциянын мурдагы башчысы Жумакановду экинчи ирет кармады
Сот Кылыч Саркарбаев үй камагына чыгарылганын тастыктады
Өрт өчүрүү. Архив

Түндө Бишкекте кафе өрттөнүп, аны таңга жуук өчүрүштү. Видео

9
(жаңыланган 10:06 22.01.2021)
Түндө ӨКМге борбор калаанын Абдымомунов көчөсүндө кафе күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү бир бригада жөнөп кеткен.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. "Короче" Telegram-каналы Бишкектеги өрттүн видеосун жарыялады.

ӨКМге Абдымомунов, №259 дарегинде жайгашкан тамактануу жайы, "Pur-Pur" кафеси күйүп жатат деген кабар түшкөн.

Маалыматта кафенин ичиндеги оокаттар өрттөнүп кеткени айтылды. Учурда тиешелүү органдар өрттүн себебин тактап жатат.
Тилсиз жоо түнкү саат 02:10до чектөөгө алынып, жалын толугу менен таңкы саат 04:13тө өчүрүлгөн.

9
Белгилер:
ӨКМ, өрт, Бишкек
Тема боюнча
Аравандагы өрттөн 38 жаштагы киши каза болду