БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровго Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин куттуктады. Бул туурасында Беларусь мамлекет башчысынын сайтында кабарланган.
Лукашенконун телеграммасында Беларусь мындан ары Кыргызстан менен өз ара кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экени айтылган.
"Сиздин ишмердүүлүк суверендүү Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өсүшүн, социалдык туруктуулукту, коомчулуктагы биримдиктин бекемделишине шарт түзөрүнө ишенем", — деген Лукашенко.
Лукашенко Жапаровго бекем ден соолук, аманчылык, кыргыз эли менен биргеликте өлкөнү гүлдөтүү максатында ийгиликке жетишин каалаган.
Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 17 талапкердин арасынан Садыр Жапаров алдыга чыккан. БШК азырынча расмий жыйынтыкты жарыялай элек.
Дача-СУдагы кырсыкта элдин ынтымагына суктандым. Бишкектиктердин күйүмдүүлүгүн көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Мындай сезимдери менен Дастан Женгенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Куткаруучунун айтымында, элден ар кандай жардамдар кырсык болгон күнү түштөн тарта келе баштаган.
"Мен ал күнү күзөттө болчумун. Бир сааттан соң нөөмөттү тапшырабыз деп турганбыз. Аңгыча эле "Манас" аэропорту жакта учак кулады деген чакырык келип түштү. Алгач уккан кулагыма ишенген жокмун, тилекке каршы, маалымат чын болуп чыкты. Саат 8ге чамалап жетип бардык. Согушка түшкөндөй эле болдук. Урандылар менен коюу туман, түтүндүн арасынан чыккан онтологон үндөр жүрөгүбүздүн үшүн алды. Саат 14:00гө чейин тынымсыз иштеп жаттык. Негизги максатыбыз, тилегибиз да тирүү адамдарды табуу эле. Түштөн баштап элден гуманитардык жардам келе баштады. Улгайган апалар бир килограмм кумшекер, бир банка варенье, жаш балдар чогултуп жүргөн тыйындарын кутучасын жара чаап көтөрүп келип жаткандарын көргөндө көзүмө жаш алдым. Шаардыктардын мындай боорукерлигин, ынтымагын ошондо алгач ирет көргөм", — деди Женгенбеков.
Ал куткаруучулук кызмат өзүмчүл болбоого тарбиялай тургандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача-СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.
Sputnik агенттиги Дача-СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Роспотребнадзор мекемесинин Эпидемиология институту COVID-19ду 60-90 мүнөттүн ичинде аныктап берчү тест-система иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган институттун директору Василий Акимкиндин сөзүнө таянып РИА Новости жазды.
"Биз вирусту аныктоо убактысын үч-төрт эсеге кыскарта алдык. Мунун негизинде тест-система иштеп чыктык. Эффективдүүлүгү жагынан кадимки ПЦР-тесттерден калышпайт. Жакынкы күндөрү аны COVID-19дун Улуу Британияда табылган жаңы штаммын аныктап көрүү үчүн жөнөтөбүз", — деди Акимкин.
Окумуштуулар жугуу жагынан күчтүүрөөк деп айтылып жаткан жаңы штаммдарды тез аныктоону максат кылууда.
Ошондой эле адистер жаңы тест-система вирустун мутация болгонун же болбогонун дагы так көрсөтүп берерин кошумчалашты.