БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Окуу процесси аралыктан жүргөнү менен ЖОЖдордо чыгымдар азайган жок. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйын учурунда билдирди.
Ал жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери аралыктан билим алып жаткандыктан, окуу акысын азайтуу маселесин көтөрүп чыгышканын айтып, бирок акыны азайтууга болбой турганын белгиледи. Өмүров алардын себептерин тизмектеп берди:
Министрликтеги бюджеттик саясат жана финансылык башкармалыктын башчысы Акыйкат Баймуратованын айтымында, былтыркы жылдын июль айында ЖОЖдорго пландык каражаттын үчтөн бири (1,4 миллиард сом) түшкөн эмес. Мындан улам окуу жайлардагы мурдагы каражаттын калган бөлүгүн чогултуп, иштегендердин айлык жана эмгек өргүүсү төлөнүп берилген.
Андан кийин маалымат жыйында Медициналык академиянын өкүлү сүйлөп, алардын окуу жай каражатты аралыктан окутууну уюштурууга сарптаганын билдирген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берип, үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Мындан улам анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөнү айтылат.
Белгилей кетсек, Ю.Б.К. жооптуу адамдар менен биргеликте чарбакер субъектилердин катышуусу менен мамлекеттик сатып алууларды жогорулатылган баада жүргүзгөн туруктуу схеманы түзүп алышканы үчүн 14-декабрда кармалган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйын учурунда Владимир Путин Россия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан. Андан кийин муну Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров дагы ырастаган.
"Эгерде Кыргызстан техникалык мүмкүнчүлүктөрү, тиешелүү шаймандары бар компанияны аныктаса, анда Россия комиссия жиберип, чечим кабыл алууга даяр экенин билдирди", – деди Сагынбаев.
Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундарын да түзөрүн, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болорун белгилеген.