Сабактагы окуучулар. Архивдик сүрөт

Эки топко бөлүнүп, 20-25 мүнөттөн окушат. Мектептеги окуу боюнча 6 суроого жооп

2579
(жаңыланган 18:09 13.01.2021)
18-январдан тарта ордо калаадагы мамлекеттик жана муниципалдык мектептер ачылып, анда 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары кадимки тартипте билим ала баштайт.

Мектептер ачылса окуу кандай тартипте жүргүзүлөт. Окуучу көп мектеп, класстар канча топко бөлүнүп билим алышат? Мектеп формасы кандай болот? Ушул жана башка ата-энелерди кызыктырган суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп алды. Материалды даярдоого Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын маалымат катчысы Мээрим Халиалдаева жардам берди.

Сабактар кандай тартипте жүргүзүлөт?

Бишкек шаарындагы мектептердин көбүндө бир класста 40тан ашык бала окугандыктан, алар эки тайпага бөлүнүп, эки башка убакытта билим алышат. Мисалы, 1-класстын биринчи тайпасынын сабагы саат 8:00дө, экинчисиники саат 11:00дө башталат.

Адатта бир партага эки бала отуруп окуса, эми бир партага бирден гана окуучу отургузулуп, алар шахмат түрүндө жайгаштырылат. Мектепте окуучулар кабинеттен кабинетке көчпөй, бир жерде окушат. Аларга предметтик мугалимдер келип сабак өтүп турат. 40тан аз окуучу болгон күндө дагы бир класс экиге бөлүнөт. Эң башкысы бир партага бир бала отуруп, класста алардын саны аз болушу шарт. Эки топко бөлүнүп окуп жаткандыктан, бир сабак 20-25 мүнөткө созулат. 1-класстарга азыраак сабак өтүлсө, 9-11-класстарга салыштырмалуу көбүрөөк сабактар кирет.

Ата-эне балдарын мектепке жибербей үйдөн окутса болобу?

Эгер ата-эне баласынын үйдөн окушун кааласа, анда алгач мектеп директоруна себептери менен кат жазышы керек. Эгер жетекчилик уруксат берсе, анда ата-эне ал уруксат кагазды класс жетекчисине берет дагы баласын үйдөн окута берет. Баланы аралыктан окутканда ата-эне телеканалдарда өткөрүлүп жаткан телесабактарды көрсөтүп, мугалим берген тапшырманы аткартуу милдетин алат.

Аралыктан окуган балдарга мугалим өзүнчө да сабак өтөбү?

Ооба. Мындан сырткары, телеканалдарда да телесабактар өтүлөт. Окуучу аны да көрүшү керек. Бул үчүн мугалимдерге кошумча айлык акы төлөнүп берилбейт.

Санитардык талаптар кандай аткарылат?

Ар бир мектепке кол жууй турган бурч уюштурулуп, мугалим, окуучулар бет кап тагынышат. Сабак башталардын алдында медкызматкер, мектеп администрациясы жана мугалимдер менен биргеликте балдардын дене табын өлчөп атайын журналга жазышат. Мугалим өзүнүн, балдардын ден соолугу тууралуу мектеп администрациясына айтып турууга милдеттүү.

Мектеп формасы кандай болот?

Мектепке барып билим алчу окуучуларга окшош форма кийүү талабы коюлбайт. Башкысы алар билим уясына таза кийинип келиши керек. Эгер ата-эненин мүмкүнчүлүгү болсо, балдардын үстүнө ак (көйнөк), алдына кара (шым, юбка), башкача айтканда, классикалык форма менен мектепке жиберсе болот. Эч ким ата-энени кыйнабайт.

Бала бакчалар кандай тартипте балдарды кабыл алат?

Бала бакчалар 20-январда ачылат деген божомол бар. Бирок ага чейин калаадагы эпидкырдаалды Санэпидем көзөмөлдөп турат. Эгер ооругандардын саны кайра өсүп кетпесе, анда аталган мекеме уруксатын берет. Бакчалардын иши боюнча алгоритм азыркы тапта иштелип жатат.

2579
Белгилер:
билим берүү, бала бакча, режим, салттуу билим, онлайн, тартип, окуу, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2508)
Тема боюнча
Министрлик: быйыл ЖОЖдордо экзамендер онлайн, аттестация салттуу режимде өтөт
Упаковки с вакциной Спутник-V в Мурманском областном центре специализированных видов медицинской помощи.

Кыргызстан Россиядан 500 миң доза "Спутник V" вакцинасын сурады

21
(жаңыланган 14:01 23.01.2021)
Министрдин айтымында, 500 миң доза вакцина 250 миң кишиге жетет. Тиешелүү кат өлкө президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун атынан РФ башчысына жиберилген.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынан 500 миң доза сурады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү кат өлкө президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун атынан РФ башчысы Владимир Путинге жиберилген.

"Азырынча Россиядан жооп келе элек. Россиянын саламаттыкты сактоо министри маселени жогорку деңгээлде чечүү үчүн кат жөнөтүүнү өтүнгөн. Өзүм Москвага иш сапары менен барганда да муну чечип берүүнү сурангам", — деди Бейшеналиев.

Министр 500 миң доза вакцина 250 миң кишиге жетерин кошумчалады.

Кечээ ЖККУнун Кыргызстандагы "Кант" базасына COVID-19 вакцинасынын биринчи партиясы жеткирилген болчу.

21
Белгилер:
вакцина, Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргызстан, Россия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2508)
Тема боюнча
COVID-19га каршы россиялык вакцинаны түзгөн адис Кыргызстанда туулган
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт
Салют үчүн артиллериялык техника колдонуу. Архивдик сүрөт

Инаугурацияда артиллериялык техника колдонулмай болду

93
(жаңыланган 13:46 23.01.2021)
Артиллериялык тузүмдөр аскердик даярдыктын деңгээлин кармоого багытталгандыктан ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгы белгиленди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек инаугурация аземинде артиллериялык аскер техникасы колдонула турганын тастыктады.

Маалымат катчы инаугурация мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара экенин айтып, президенттик кызматка киришүү менен ал өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы болуп каларын белгилеген.

“Артиллериялык аскер техникасын колдонуу инаугурация аземинин атрибуттарынын бири жана кеңири таралган тажрыйба. Артиллериялык тузүмдөр, кандай болгон күндө дагы, күнүмдүк режимде аскердик даярдыктын деңгээлин кармоого багытталгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилей кетүү керек. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Демек, буга кошумча эч кандай чыгым болбойт”, — деди Байтерек.

Белгилей кетсек, буга чейин 28-январга белгиленген президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын-пикирлерди билдирген.

Ошол эле учурда артиллериялык курал кодонулары туурасында дагы маалымат тарай баштаган. 

 
Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.

93
Белгилер:
техника, инаугурация, Галина Байтерек
Тема:
Садыр Жапаровдун инаугурациясы
Тема боюнча
Кудум кинодогудай. Жапаровдун инаугурациясына кандай даярданып жатышат. Видео
Жапаровдун инаугурациясын өткөрүү сценарийи өзгөрдү. Чыгым канчага кыскарат
Элдин сынынан улам инаугурациянын сценарийи кайра түзүлөт. Расмий маалымат