БИШКЕК, 13-янв. – Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова УКМКнын имаратында абалы начарлап кетти. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Буга чейин маалымдалгандай, Үсөнканова алдамчылыкка шектелип жатат. Ал 2017-2018-жылдары чет өлкөлүк жарандан чогуу бизнес кылабыз деп 5 миллион доллар алып кайтарбай койгону айтылууда.
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКга бир нече жолу чакырылган Үсөнканова 11-январь күнү келген. Тергөө амалдары башталганга чейин эле УКМКнын имаратында отурган кезде Үсөнканованын абалы начарлап кеткен. Натыйжада УКМКнын аскер-медициналык кызматынын дарыгерлери чакыртылган", — деп айтылат маалыматта.
Ведомствонун дарыгерлери Үсөнкановага "Нур" диагностика борборунан кароодон өтүүнү сунуштап, ошол жакка жеткиришкен. Ал жактан стационардык дарылануу сунушталган. Натыйжада Үсөнканова Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган.
Эске салсак, Үсөнканованын адвокаты айыптоолорду четке кагууда.
Эмне жөнүндө китеп окуй турганыңды жан дүйнөң менен сезип, билип турушуң керек. Бул абдан маанилүү. Мындай пикирин Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, китеп окуган адамдын акылы тунук, даражасы бийик, ой-чабыты кенен болот.
"Акыркы 30 жылды алсак, китептен такыр алыстагандар бар. Жаштар эле эмес улуу муундагы адамдар деле эмне окуурун билбейт. Мисалы, дүкөнгө кирип кандай темадагы чыгарма издеп жатканын билишпейт. Азыркы жашоо көбүнесе акчага байланып калды", — деди Садыкулова.
Ошондой эле жетекчи китеп окуу маданиятын калыптандыруу керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өкмөт менен Мамлекеттик кеңештин профилдик комиссиясына мигранттарды курулуш тармагына жумушка алуу боюнча талаптарды жөнөкөйлөтүү талабын койду. Мамлекеттик кеңеш менен РФ президентинин алдындагы стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешине берилген тапшырмалар жыйындысы Кремлдин сайтына жайгаштырылды.
Документте айтылганына караганда, кеп КМШга кирген айрым өлкөлөрдүн жарандары тууралуу болууда.
Мигранттар курулуш тармагына бардык санитардык талаптарды сактоо менен алынышы керек. Өкмөт бул боюнча өз сунуштарын 1-мартка чейин бермекчи.
"КМШнын айрым өлкөлөрүнүн жарандарын жумушка алууда COVID-19 инфекциясынын тарап кетишин алдын алуу үчүн бардык чаралар аткарылышы керек. Ошол эле учурда жумушка алуу жолдору жеңилдетилсин", — деп айтылат тапшырмада.
Жыйында Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллин учурда курулуш тармагында жумушчу күч жетпей жаткандыктан, айрым долбоорлорду убагында бүтпөй калуу коркунучу бар экенин айтты. Ал эми Татарстандын президенти Рустам Минниханов Владимир Путинге ар кайсы объектилерге атайылап мигранттарды алып келүүнү сунуштады.