БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кышкысын эртең мененки тамакты ичпей чыгуу ден соолукка бир топ зыян алып келет. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борборунун адиси Перизат Кадыркулова айтты.
"Эртең менен көпчүлүгүбүз табиттин жоктугунан же шашкандан улам көчөгө ачка чыгып кетебиз. Бул туура эмес. Анткени кышкысын сыртта жүргөндө организм жылынууга аракет кылат, ал үчүн абдан көп энергия талап кылынат. Күчтүү тамаксыз болбойт", — деди адис.
Ошондой эле ал кышында жылуу мезгилге караганда 2-3 эсе көбүрөөк энергия керектигин кошумчалады.
Буга чейин Кадыркулова тоңуп, колу-бутун үшүк алган адамга кантип туура жардам көрсөтүү керектигин түшүндүргөн. Анын айтымында, үшүгөн терини майлап, ысытуу үчүн спирт же кар менен сүрткөнгө, ысык сууга салууга болбойт.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйын учурунда Владимир Путин Россия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан. Андан кийин муну Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров дагы ырастаган.
"Эгерде Кыргызстан техникалык мүмкүнчүлүктөрү, тиешелүү шаймандары бар компанияны аныктаса, анда Россия комиссия жиберип, чечим кабыл алууга даяр экенин билдирди", – деди Сагынбаев.
Вакцина өндүрүүчү компанияны Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги тандайт. Талапкерлерди Кыргызстандын Мамлекеттик өнөр жай комитети сунуштайт. Айрым талапкер болгон компаниялар буга чейин министрлик менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Каржы маселелерин Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги жана компания чечет, ал эми кыргыз өкмөтү шарт түзүп бериши керек.
Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундары менен камсыз кыларын, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болоорун белгилеген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 97 кишиден коронавирус аныкталды, ал эми 157 бейтап оорудан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Марттагы пандемиядан бери оору жуктургандардын саны 84 068ге жетти.
Өткөн суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Жалпысынан оорудан айыккандардын саны 80 182ге жетти.
Учурда стационарда 643 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 219у оор, ал эми 27си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 907 бейтап бар.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ак халатчандар арасында 4 168 учур катталып, 4 077си сакайды.