136 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте үч бейтап каза болду. Статистика

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта ооруканаларда 806 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 238 кишинин абалы оор болсо, 41инин абалы өтө оор деп бааланууда.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 136 адамдан табылып, 205 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 83;
  • Чүй облусу – 34;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Баткен облусу – 2.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 72;
  • Ош шаары – 5;
  • Чүй облусу – 53;
  • Ош облусу – 15;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 14;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 10.
Кечээтен бери Бишкекте үч киши коронавирустун курмандыгы болгон.
Медициналык бет кап кийген кыз жана жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жылдардын өтүшү менен кантип өзгөрөт
Азыркы тапта ооруканаларда 806 оорулуунун коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 238 бейтаптын абалы оор болсо, 41инин абалы өтө оор деп бааланууда.
Кечээ өлкө боюнча медиктерден коронавирус табылган жок. Ошол эле учурда алты медицина кызматкери сакайып кетти.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 723кө жетти. Анын ичинен 78 563ү айыкса, тилекке каршы, 1 378 адам акка моюн сунду.
Жаңылыктар түрмөгү
0