Тянь-Шань тоолору. Архивдик сүрөт

Россиялык окумуштуулар Тянь-Шань тоолорунан байыркы аралдын жээгин табышты

256
(жаңыланган 11:43 14.01.2021)
Санкт-Петербург университетинин окумуштуулары Борбор Азиянын геологиясын өткөн кылымдын ортосунан тарта изилдеп, Тянь-Шандын геологиясы боюнча алдыңкы илимий мектепти түзүшкөн.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин окумуштуулары Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан болжол менен 500 миллион жыл мурун Кембрий океанында пайда болгон тоо тектеринин комплексин табышты. Бул тууралуу окуу жайдын сайтына жазылды. 

Аймактын тарыхын ачып берген изилдөөнүн жыйынтыгы Geoscience Frontiers журналына жарыяланды.

Сонкултау тоолорунан адакиттер, тагыраагы, алгачкы жолу Адак аралында сүрөттөлгөн тоо тектер табылган. Бул арал Тынч океанынын түндүк бөлүгүндөгү Алеут арал тоосунун бир бөлүгү.

"Байыркы тоо тектерин изилдөө бир гана аймактын геологиялык тарыхын жакшы билүү үчүн керек эмес. Ири руда кендери адакиттер менен байланыштуу. Буга Чилидеги алтын жана жез кендери мисал", — деген изилдөө тобунун жетекчиси, доцент Дмитрий Конопелько.

Сонкултау граниттеринин бөтөнчө курамы окумуштуулардын көңүлүн 2007-жылы аймакты картага түшүрүү маалында бурган.

Тянь-Шань тоолорундагы талаа иштерине бельгиялык жана австриялык окумуштуулар катышса, аналитикалык ченөө менен талаа маалыматтарын талдоону Новосибирскидеги жана Лондондогу адистер колго алган.

Санкт-Петербург университетинин окумуштуулары Борбордук Азиянын геологиясын өткөн кылымдын ортосунан тарта изилдей башташкан. Көп жылдык изилдөөлөр жана талаа тажрыйбалары аталган университетте Тянь-Шандын геологиясы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы илимий мектепти түзүүгө мүмкүнчүлүк берген. Учурда илимий иштер дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар менен биргеликте активдүү жүргүзүлүп жатат.

256
Белгилер:
изилдөө, тоо, Тянь-Шань, Кыргызстан
Тема боюнча
Жолдошев: Алай тоолорунан табылган петроглифтер коло доорунан башталат
Бүркүт дронго чабуул жасаганда... Кыргызстандын тоолорунан тартылган видео
Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев. Архивдик сүрөт

Сот Кылыч Саркарбаев үй камагына чыгарылганын тастыктады

26
(жаңыланган 11:44 19.01.2021)
Өткөн жылдын 21-декабрында Саркарбаевдин баш коргоо чарасы тандалып, эки айга тергөө абагына киргизилген болчу.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев соттун чечими менен үй камагына чыкты. Маалыматты Ош облустук сотунун маалымат катчысы Назгүл Исманова тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, шаардык сот 16-январда Саркарбаевдин бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Чечимдин негизинде ага соттун уруксатысыз Ош шаарынан башка аймакка чыгууга тыюу салынды, ошондой эле кечки 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүндө болушу шарт.

Ушул эле шаардык сот 21-декабрда Саркарбаевдин баш коргоо чарасын тандап, эки айга тергөө абагына киргизген.

Кылыч Саркарбаев паспортун жасалмалаган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен өткөн жылдын 27-декабрында кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.

Бул окуяга байланыштуу ал Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган.

Саркарбаев жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышканы маалым.

26
Белгилер:
Кылычбек Саркарбаев, УКМК, өзгөртүүлөр, чара, сот
Тема боюнча
Ош шаардык спорт комитетине жаңы жетекчи дайындалды
Транспорт министрлигинин статс-катчысы 2,5 млн. сом төлөп абактан чыкты
Бейтаптан анализ алып аткан медайым. Архивдик сүрөт

Бир суткада 90 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду

38
(жаңыланган 11:44 19.01.2021)
Азыркы учурда 742 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 37 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 90 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 145 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 21;
  • Чүй облусу – 37;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 23;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 3.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 83 268ге жетти.

Айыккандар:

  • Бишкек – 61;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 45;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 2.

Оору илештиргендердин басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 79 249 бейтап айыккан.

Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкектен, бири Ошто болчу.

Азыркы учурда 742 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 220сынын абалы оор болсо, 37 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Өткөн суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган эмес.

38
Белгилер:
өлүм, медик, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
КР калкынын канчасында коронавируска каршы антитело бар? Изилдөөнүн жыйынтыгы
Россияда "британиялык" штамм мартта күч алары болжолдонууда
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Түндө жана таңда чыккан өрт эки адамдын өмүрүн алды

0
(жаңыланган 11:53 19.01.2021)
Адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган. Учурда өрттүн себептери такталууда.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.

"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", —  деп айтылат маалыматта.

ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.

0
Белгилер:
түтүн, Чүй облусу, Бишкек, кырсык, өлүм, өрт
Тема боюнча
Өзгөн: клиникадагы өрт. Бир адам ооруканага түшүп, 11 кишини алып чыгышты