БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева тармактык мамлекеттик органдарга мектептердеги, ЖОЖдордогу жана бала бакчалардагы санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоону тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Республикалык штабдын кеңешмесинде эпидемиологиялык абал, COVID-19дун жаңы штаммын өлкөгө киргизбөө, жаңы жылда жана шайлоолордо карантиндик талаптардын сакталышын камсыздоо чаралары каралган.
Ошондой эле билим берүү мекемелеринин кадимки режимдеги ишин этап-этабы менен жандандыруу маселеси талкууланган.
"Мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана балдар бакчаларынын ишин жандандыруу башталууда. Окуучулар, студенттер чоң жоопкерчиликти түшүнүп, бет кап кийип, колду тез-тезден жууп жана аралыкты сактап, санитардык эрежелердин баарын аткарышы керек. Мекемелердин администрациясы жана тармактык мамлекеттик органдар талаптардын аткарылышын камсыздоого тийиш. Аны менен катар балдардын иммунитетин чыңдоо үчүн спорт жана тамактануу маселесине өзгөчө көңүл буруу шарт", — деди Сурабалдиева.
"Айрым медициналык мекемелердин короосунда жарыктандыруу жок, жолдор тайгак, ичи суук, ысык суусу каралган эмес, жабдуулар эскирген. Бейтаптар ушундай шартта дарыланууга туура келүүдө. Бардык ооруканаларды жана бейтапканаларды текшерүүгө алыңыздар. Ар биринде элементардык гигиеналык процедураларды жүргүзүү шарттары коюлуп, ооруканага барчу жолдор тазаланып турушу кажет", — деди вице-премьер.
Ошону менен бирге пандемия учурунда калктын аяр катмарын колдоого алуу маселеси талкууланып, Сурабалдиева бир дагы кайрылуу социалдык кызматтардын көңүл сыртында калбашы керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйын учурунда Владимир Путин Россия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан. Андан кийин муну Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров дагы ырастаган.
"Эгерде Кыргызстан техникалык мүмкүнчүлүктөрү, тиешелүү шаймандары бар компанияны аныктаса, анда Россия комиссия жиберип, чечим кабыл алууга даяр экенин билдирди", – деди Сагынбаев.
Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундарын да түзөрүн, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болорун белгилеген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 97 кишиден коронавирус аныкталды, ал эми 157 бейтап оорудан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Марттагы пандемиядан бери оору жуктургандардын саны 84 068ге жетти.
Өткөн суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Жалпысынан оорудан айыккандардын саны 80 182ге жетти.
Учурда стационарда 643 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 219у оор, ал эми 27си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 907 бейтап бар.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ак халатчандар арасында 4 168 учур катталып, 4 077си сакайды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".
"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.
Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.