Райым Матраимовдун өкүл баласы канча акча төлөп үй камагына чыкканы айтылды

Жазылуу
Сот шектүүнү келтирилген бир миллион сомдук зыян төлөгөнүн жана үй-бүлөлүк абалын эске алуу менен абактан бошотконун белгиледи.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов келтирилген зыянды мамлекетке кайтарып, үй камагына чыкты. Бул туурасында Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Сайпидиновдун баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралып, эки айга үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган.
"Шектүүнү кармоо мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган. Токтом кабыл алууда шектүүнүн өздүгү аныкталганын, туруктуу жашаган жери такталганын, келтирилген 1 033 700 сомдук зыян толугу менен төлөнгөнүн жана үй-бүлөлүк абалын эске алуу менен үй камагына чыгарылды. Прокурордун өтүнүчү канааттандырылбай, С.М.А сот залынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ кызматкерлери УКМКнын имаратын алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чай ичкиле дешкен. УКМК Матраимовдун өкүл баласынын айыптоосуна үн катты
Үй камагынын шартына ылайык, айыпкер саат 22:00дөн 06:00гө чейин жашаган жери Савай айылындагы үйүнөн сыртка чыгууга тыюу салынып, тергөөчүнүн биринчи чакыруусу менен келүүгө, жашаган аймагынан сырткары чыкпоого милдеттендирилген.
УКМК Сайпидиновду Савай айылындагы мектептин спорт залынын курулуш иштеринин суммасын бир миллион сомго негизсиз жогорулаткан, сапатсыз жасаткан деген шек менен 11-январда кармаган.
Белгилей кетсек, Мунарбек Сайпидинов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен катышкан. Өткөн жылдын 18-ноябрында чекисттер анын үйүн, жумуш ордун тинткен. Андан соң айыл өкмөт башчы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен да жолуккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0