БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Тюмень шаарында (Россия) бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен келе жаткан товарды кармашты. Бул тууралуу Урал бажы башкармалыгынын сайтында айтылат.
Маалыматка караганда, ал жерде "дүйнөлүк бренддердин товарлары" болгон.
"Интеллектуалдык менчик укуктары бузулган товар менен эки жүк ташуучу унаа Кыргызстандан Москва шаарына бара жаткан. Ыкчам кызматкерлер товарларды карап жатып Chanel, Gucci, Louis Vuitton, Adidas, Puma жана Paul & Shark бренддеринин белгилери коюлган көйнөк, шым, футболка, шейшептерди таап алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Товарды алып бара жаткан тарап анын оригинал экенин тастыктоочу документтерин көрсөткөн эмес.
Аталган факты боюнча РФтин Кылмыш жана жазык кодексинин 180-беренесине ("Товардык белгини мыйзамсыз пайдаланып, ири өлчөмдө чыгым алып келүү") ылайык кылмыш иши козголду. Күнөөлүүлөр эки жылга эркинен ажырап, 80 миң рубль өлчөмүндө айып төлөшү мүмкүн.
Бардык чогулган материалдар полицияга өткөрүп берилгени белгилүү болду.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы мамлекетке келитирилген чыгымды төлөп берип үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Мындан улам анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөнү айтылат.
Белиглей кетсек, Ю.Б.К. жооптуу адамдар менен биргеликте чарбакер субъектилердин катышуусу менен мамлекеттик сатып алууларды жогорулатылган баада жүргүзгөн туруктуу схеманы түзүп алышканы үчүн 14-декабрда кармалган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйын учурунда Владимир Путин Россия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан. Андан кийин муну Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров дагы ырастаган.
"Эгерде Кыргызстан техникалык мүмкүнчүлүктөрү, тиешелүү шаймандары бар компанияны аныктаса, анда Россия комиссия жиберип, чечим кабыл алууга даяр экенин билдирди", – деди Сагынбаев.
Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундарын да түзөрүн, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болорун белгилеген.