Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасы борбор калаадагы чакан дүкөндөрдүн аталышынын жазылышы жана жасалгасы боюнча бирдиктүү дизайн иштеп чыкты

Бишкектеги дүкөндөрдүн фасадын бирдей дизайнда жасалгалоо сунушталды. Сүрөт

131
Азырынча жаңы дизайн менен Москва көчөсүндөгү бир нече дүкөндүн аты жазылды. Мэрия бул нерсе көзгө эстетикалык жактан жагымдуу көрүнөрүн айтууда.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы чакан дүкөндөрдүн аталышынын жазылышы жана жасалгасы боюнча бирдиктүү дизайн иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Муниципальное предприятие Бишкекглавархитектура разработало вариант дизайна павильонов Бишкека
© пресс-служба мэрии города Бишкек
"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы чакан дүкөндөрдүн аталышынын жазылышы жана жасалгасы боюнча бирдиктүү дизайн иштеп чыкты

Азырынча жаңы дизайн менен Москва көчөсүндөгү бир нече дүкөндүн аты жазылды. Мэрия бул нерсе көзгө эстетикалык жактан жагымдуу көрүнөрүн айтууда.

Мындан тышкары, муниципалитет Москва жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөн ээлерине павильондордун сыртын иретке келтирип алуусун суранды.

131
Белгилер:
дизайн, дүкөн, Бишкек
Тема боюнча
Мэрия Оштун чок ортосунан ишкерлик үчүн ижарага жер берүүдө. Сынак
Банк карточкалары. Архив

Эксперт банктык карта ээлеринин эң көп кездешкен катачылыктарын атады

7
(жаңыланган 10:21 26.01.2021)
Адистин айтымында, карта боюнча жалпы катачылыктар биринчи кезекте картанын маалыматтарынын коопсуздугуна жана которуулардын же төлөмдөрдүн коопсуздугуна байланыштуу болот.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кредиттик жана дебеттик карталардын ээлери көбүнчө ар кандай катачылыктарга туш болушат, бирок бардыгына тиешелүү универсалдуу жаңылыштыктар да бар. Бул тууралуу Синергия университетинин банк иштери кафедрасынын окутуучусу Дмитрий Ферапонтов билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Адистин айтымында, жалпы катачылыктар биринчи кезекте картанын маалыматтарынын, которуулардын же төлөмдөрдүн коопсуздугуна байланыштуу.

"Негизги катачылыктар банкоматтарды колдонууда жана накталай/карта операцияларын жүргүзүүдөгү этиятсыз мамиле кылуу. Бул учурда кардар картаны окуй турган же кайталана турган клавиатурага багытталган камераларга ж.б. түзмөктөргө көңүл бурбай калышы мүмкүн", – деген адис.

Картаны колдонуу шарттарын, жеңилдик берилген учурларды жана мүмкүн болгон бардык комиссияларды билбөө менен байланышкан каталар да кездешет. Натыйжада кардар бир нече жеңилдиктен кол жууп калат, атүгүл акчаны жоготуп алуу кооптуулугуна да кептелиши мүмкүн. Адис мында кардар башка мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурбай, банк картасы аркылуу төлөө функциясын аткаруу менен гана чектелип каларын айткан.

7
Белгилер:
төлөм, кардар, эксперт, карта, банк
Тема боюнча
Банктык картадан акча уурдалса эмне кылуу керек. Кеңештер
Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылына барды

Кайдыгер мамиле жасагандар жоопко тартылат. Облус башчысы Терек-Сайга барды

14
(жаңыланган 10:19 26.01.2021)
Облус башчысы учурда суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар-жогун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатканын айткан.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылына барды. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

  • Полпред Джалал-Абадской области Абсаттар Сыргабаев во время посещения села Терек-Сай Чаткальского района
    Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылына барды
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Джалал-Абадской области
  • Предприятие Эти Бакыр Терек-Сай в селе Терек-Сай Чаткальского района
    Ал "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасынын  алтын ылгоочу эски фабрикасындагы саркынды суу чогулган жайдагы кырсыктын себептерин жеринен көрүп чыккан
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Джалал-Абадской области
  • Полпред Джалал-Абадской области Абсаттар Сыргабаев во время посещения села Терек-Сай Чаткальского района
    Облус башчысы жагдай боюнча тараптар менен сүйлөшүп, учурда суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар же жоктугун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатканын айткан.
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Джалал-Абадской области
1 / 3
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Джалал-Абадской области
Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылына барды

Ал "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасынын  алтын ылгоочу эски фабрикасындагы саркынды суу чогулган жайдагы кырсыктын себептерин жеринен көрүп чыккан.

Облус башчысы жагдай боюнча тараптар менен сүйлөшүп, учурда суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар же жоктугун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатканын айткан.

"Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, маселени ар тараптуу калыс иликтөө үчүн жергиликтүү тургундардан да кошулду. Окуянын келип чыгуусуна кайдыгер мамиле жасагандар сөзсүз түрдө мыйзам чегиндеги жоопкерчиликке тартылат. Азыркы учурда кооптуулук жараткан жагдайлар жок. Абалдан чыгуу үчүн тургундардын сабырдуулугу керек. Такталбаган маалыматтардан оолак болуп, мыйзамдан сырт көрүнүштөргө барбоого чакырам. Жашоочулардын ден соолугу биз үчүн да маанилүү", — деди Сыргабаев.

Айыл тургундары кен иштеткен компанияга болгон бир катар нааразычылыктарын айтып, муктаждыкты жоюуда үймө-үй суу жеткирүү жетишсиз болуп жатканын билдиришкен. Өкмөттүн өкүлү бул маселени чечүүгө ишкана толук жоопкерчилик аларын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берген.

Белгилей кетсек, 23-январда Терек-Сай айылындагы алтын ылгоочу фабрикада атайын курулган жай жырылып кетип, иштетилген калдыктар дарыя суусуна агып түшкөн.

"Кыргыз алтын" жана Түркиянын "Эти Бакыр" компанияларынын биргелешкен "Эти Бакыр Терек-Сай" ЖЧКсы бул аймакта 2016-жылдан бери иштеп келет.

Терек-Сай айыл аймагында Терек-Сай жана Кызыл-Токой аттуу калк жашаган эки айыл бар. Мында жалпы 5 500 киши жашаары айтылып, эки айылдын эли тең аталган суудан пайдаланышары маалым болду.

14
Белгилер:
кен, фабрика, Терек-Сай
Тема боюнча
Бизди чыккынчы дебегиле! Өкмөт Жетим-Тоо кени сатылбай турганын билдирди
Акча каражаттары. Архив

Былтыр Улуттук банк сомду колдоо үчүн 500 млн. доллардан ашык каражат жумшады

0
(жаңыланган 10:23 26.01.2021)
2020-жылдын башында АКШ акчасынын баасы 70 сомдон ашчу эмес. Бирок жыл бою анын наркы өсүп, бир нече жолу 85 сомго чейин көтөрүлгөн учурлар болду.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандын Улуттук банкы 518,5 миллион доллар сатты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине аталган мекемеден билдиришти.

Эске салсак, 2020-жылдын башында АКШ акчасынын баасы 70 сомдон ашчу эмес. Бирок жыл бою анын наркы өсүп, бир нече жолу 85 сомго чейин көтөрүлгөн учурлар болду.

"Мунун айынан Улуттук банк 30 жолу жалпы суммасы  518,5 миллион долларга жеткен интервенция кылууга аргасыз болгон. Анын ичинен 52 миллион 550 миңи накталай түрдө сатылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда банк АКШ валютасын сатып алуу боюнча бир дагы операция өткөргөн эмес.

 

0
Белгилер:
интервенция, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын алтын валюта кору күн сайын 2 млн. долларга азаюуда