Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг учурунда

Атамбаевдин сотунда тарапташтары митинг уюштурду. Видео, сүрөттөр

127
(жаңыланган 12:52 15.01.2021)
Саат 14:00гө пландалган отурум жарым саат кечигип башталып, жабык режимде өтмөй болду. Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары анан ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу үй камагына чыгарылышы мүмкүн экенин айткан.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралып жаткан сотто анын тарапташтары митинг уюштурушту.

Жеринен Sputnik кабарчысынын билдиргенине караганда, ал жерге 50дөй адам чогулган. Алар Бирини май райондук сотунун алдына жана имартаттын фойесине турушат.

Саат 14:00гө пландалган отурум жарым саат кечигип башталып, жабык режимде өтмөй болду. Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары анан ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу үй камагына чыгарылышы мүмкүн экенин айткан.

Андагылар Атамбаевди бошотууну, бакиевчилерди бийликке жолотпоону жана экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну талап кылып жатышат.

  • Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралып жаткан сотто анын тарапташтары митинг уюштурушту
    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралып жаткан сотто анын тарапташтары митинг уюштурушту
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Жеринен Sputnik кабарчысынын билдиргенине караганда, ал жерге 50дөй адам чогулган. Алар Бирини май райондук сотунун алдына жана имартаттын фойесине турушат
    Жеринен Sputnik кабарчысынын билдиргенине караганда, ал жерге 50дөй адам чогулган. Алар Бирини май райондук сотунун алдына жана имартаттын фойесине турушат
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Саат 14:00гө пландалган отурум жарым саат кечигип башталып, жабык режимде өтмөй болду. Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары анан ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу үй камагына чыгарылышы мүмкүн экенин айткан
    Саат 14:00гө пландалган отурум жарым саат кечигип башталып, жабык режимде өтмөй болду. Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары анан ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу үй камагына чыгарылышы мүмкүн экенин айткан
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 3
© Sputnik / Эркин Садыков
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралып жаткан сотто анын тарапташтары митинг уюштурушту

Эске салсак, мурдагы президент №47 жаза өтөө жайында дарыланууда. Буга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармалып турган.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан боштулушу боюнча айыпталып, он бир жыл эки айга эркинен ажыратылган. Бирок Жогорку сот чечимди жокко чыгарып, ишти Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жиберген. Мурдагы өлкө башчыга тиешелүү башка дагы кылмыш иштери бар.

127
Белгилер:
митинг, чечим, сот, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (130)
Тема боюнча
Алмазбек Атамбаев кимге добуш бергенин адвокаты айтты
Ташиев тергөө абагындагы Алмазбек Атамбаевден кабар алды
Нуска китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова

Садыкулова: кандай китеп окуурун билбеген жаштар көбөйдү

3
"Нуска" китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова учурда жаштар арасында кандай темадагы китеп окуурун билбеген, жашоодогу багытын издегендер көбөйгөнүн айтты.
Садыкулова: кандай китеп окуурун билбеген жаштар көбөйдү

Эмне жөнүндө китеп окуй турганыңды жан дүйнөң менен сезип, билип турушуң керек. Бул абдан маанилүү. Мындай пикирин Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, китеп окуган адамдын акылы тунук, даражасы бийик, ой-чабыты кенен болот.

"Акыркы 30 жылды алсак, китептен такыр алыстагандар бар. Жаштар эле эмес улуу муундагы адамдар деле эмне окуурун билбейт. Мисалы, дүкөнгө кирип кандай темадагы чыгарма издеп жатканын билишпейт. Азыркы жашоо көбүнесе акчага байланып калды", — деди Садыкулова.

Ошондой эле жетекчи китеп окуу маданиятын калыптандыруу керектигин кошумчалады.

3
Белгилер:
бизнес, жаштар, билим, китеп, нускама
Тема боюнча
Министр: китептерде ката кетпеши үчүн "Окуу китеби" борбору ачылды
Россияда курулушта иштеген мигранттар. Архивдик сүрөт

Путин мигранттарды курулушка жумушка алуу тартибин жеңилдетүүнү тапшырды

17
(жаңыланган 11:08 19.01.2021)
Чет элдик жарандар ишке бардык санитардык талаптарды сактоо менен, бирок кыйынчылыгы жок алынышы керек. Россия өкмөтү бул боюнча өз сунуштарын 1-мартка чейин берет.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өкмөт менен Мамлекеттик кеңештин профилдик комиссиясына мигранттарды курулуш тармагына жумушка алуу боюнча талаптарды жөнөкөйлөтүү талабын койду. Мамлекеттик кеңеш менен РФ президентинин алдындагы стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешине берилген тапшырмалар жыйындысы Кремлдин сайтына жайгаштырылды.

Документте айтылганына караганда, кеп КМШга кирген айрым өлкөлөрдүн жарандары тууралуу болууда.

Мигранттар курулуш тармагына бардык санитардык талаптарды сактоо менен алынышы керек. Өкмөт бул боюнча өз сунуштарын 1-мартка чейин бермекчи.

"КМШнын айрым өлкөлөрүнүн жарандарын жумушка алууда COVID-19 инфекциясынын тарап кетишин алдын алуу үчүн бардык чаралар аткарылышы керек. Ошол эле учурда жумушка алуу жолдору жеңилдетилсин", — деп айтылат тапшырмада.

Жыйында Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллин учурда курулуш тармагында жумушчу күч жетпей жаткандыктан, айрым долбоорлорду убагында бүтпөй калуу коркунучу бар экенин айтты. Ал эми Татарстандын президенти Рустам Минниханов Владимир Путинге ар кайсы объектилерге атайылап мигранттарды алып келүүнү сунуштады.

17
Белгилер:
курулуш, миграция, КМШ, Россия
Тема боюнча
ЕАЭБ пенсиясын кимдер кандай шартта алышат? 7 суроого жооп
Маразыков: айыл калкы менен бийлик ортосуна эмгек мигранттары көпүрө болот