БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин омурткасынын эки жеринен грыжа аныкталды. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү каралмак. Бирок ишке тиешелүү адамдардын жоктугунан сот 28-январга жылдырылган.
"Эми 28-январда Алмазбек Атамбаев сотко катыша алат деп кепилдик бере албайм. Анын омурткасынын эки жеринде грыжасы бар. Кечээ жолугуп чыктым, сотто эки-үч саат эмес, мени менен бир саат сүйлөшүп отурууга чыдай албай жатат. Учурдагы эң эле курч оорусу грыжасы болууда. Андан сырткары, жүрөгүндө көйгөй бар, кан басымы төмөн", — деди Жоошев.
Ошондой эле ал мурдагы президентти жакшылап текшерүү үчүн башка ооруканаларга жаткыруу керектигин белгиледи.
Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча айыпталып, он бир жыл эки айга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди өткөн жылдын июнь айында Биринчи май райондук соту кабыл алып, августта Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган.Ал эми Жогорку сот 30-ноябрда өкүмдү жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароо үчүн кайра райондук сотко жиберген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Беш-алты айдан бери маянасын толук ала албай келген жолчулар бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты.
Өлкөнүн ар аймагынан келген 60ка чукул жол кызматкери чогулуп, эмгек акыларын өз убагында беришин талап кылып жатат. Алар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты. Алардын бири Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев.
"Акыры айлабыз кеткенде үнүбүздү чоңдорго жеткирели деп Бишкекке келдик. Жеке мен декабрдан бери айлык ала элекмин. Эмгек өргүүгө чыксак, аны да төлөп беришкен жок. Биз аба ырайы кандай болгонуна карабай жолдо иштеп, бирок акыбызды ала албай чуркап жүрөбүз. Ал эми кышкысын жылуу, жайында көлөкөдө отурган мекеме кызматкерлери убагынан кечиктирбей алууда", — деди Кенжебаев.
Чогулган жолчулардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады.
Бишкекте Frima кургак сүтүн мыйзамсыз жол менен өндүрүп келген жашыруун цех табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады.
Мекемеден билдиришкендей, бул факт Жазык кодексинин 218-беренеси ("Товарларды индивидуалдаштыруу каражаттарын (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) мыйзамсыз пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"25-январь күнү ордо калаадагы базарлардын биринин аймагынан аталган азыкты санитардык эрежел сактабалбаган шартта жасаган цех табылды. Учурда өлкө боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат", – деп айтылат маалыматта.
Финпол азык-түлүктөрдү мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу менен алектенгендер тууралуу кабары барларга кайрылып, 1955 номерине билдирип коюуну суранат.
Мындай азыктар өлкө экономикасына гана эмес, жарандардын ден соолугуна да коркунуч келтирери белгиленген.