Муфтият имамдары былтыр 15 миңден ашуун түгөйгө нике кыйып, каттоого алган

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүТрадиционная чеченская свадьба в Грозном
Традиционная чеченская свадьба в Грозном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлө институтун бекемдөө максатында негизделген нике каттоо журналы 2019-жылдын 12-июнунда ишке берилген.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Муфтият тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү шарияттык нике каттоо журналына былтыр 15 119 түгөйдүн никеси катталган.
Буга 2020-жылы молдолор кыйган никелер жазылган. Журналга каттап жатканда имамдар жубайлардын өздүгүн тактоочу паспортторун талап кылып, 18 жашка толгон жарандарга гана шарияттын негизинде нике кыюу жөрөлгөсүн жүргүзөрү айтылат.
Нике каттоо журналы төмөнкү максатты көздөйт:
  • мусулмандардын шарияттык никеге туруусун каттоого алуу жана өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөө;
  • үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу жана нике, талак, нафака маселелерин кеңири түшүндүрүү аркылуу ажырашуулардын алдын алуу;
  • өлкөдө нике кыюуну жолго салуу жана дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүү;
  • күйөө никедеги милдеттерин аткарбаган учурда аялдардын шарияттык, мүлктүк, мурастык укуктарынын сакталуусун камсыздоо;
  • жубайлар ортосунда сүйүү, мээрим жана келечек урпакты көбөйтүү, абийир, намысты сактоо.
Эскерте кетсек, шарияттык нике каттоо журналы 2019-жылдын 12-июнунда ишке берилген. Ал журнал дин кызматкерлерине атайын окутуудан өткөндөн кийин гана муфтият тарабынан тапшырылат. 
Жаңылыктар түрмөгү
0