БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. 14-январдан тарта "Түндүк электр" ишканасынын абоненттери "Кыргыз почтасынын" бөлүмдөрү аркылуу электр кубатына чыккан эсептерди төлөй алышпайт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматынан билдиришти.
Себеби — келишимдин аяктап калышы.
Эсептерди терминалдар, электрондук капчыктар, коммерциялык банктар, MegaCom компаниясынын сатуу жана кызмат көрсөтүү борборлорунан төлөөгө болот. Мындан сырткары, "Түндүк электрдин" Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарындагы кассаларына кайрылуу мүмкүн экени айтылды.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы президенти Жозеф Байден алгачкы иш күнүндө кол койгон жарлыктарынын бири менен Кыргызстан катарына кирген бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
"Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды.
"АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Британиядагы Оксфорд университетинин окумуштуулары тез аранын ичинде коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина даярдоого белсенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости чет элдик сайттарга шилтеме берип жазды.
Аталган окуу жайдын командасы ушул тапта AstraZeneca вакцинасы менен иштеп жатат. Буга кошумча коронавирустун жаңы штаммына каршы изилдөө жүргүзө турганын айтышкан.
Ал эми Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жаңы штаммдар боюнча илимпоздор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген.Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Ал азыр бир катар мамлекеттерге жайылууда.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ Сейсмология институтуна таянып билдирди.
Жер титирөө кечээ, 20-январь күнү, саат 22:01де катталган.
Ал Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.