Колледждерде окуп, иштеген 50 миң адамдын маалыматы электрондук базага киргизилди

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүПолитехникалык колледждин студенттери окуу учурунда. Архив
Политехникалык колледждин студенттери окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрондук система долбоорунун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин ачык маалыматтар порталы түзүлгөн.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кесиптик окуу жайлардын 52 778 окуучусунун жана 7 373 кызматкеринин маалыматтары электрондук системага киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, электрондук система окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле бюджеттин чыгымдарын натыйжалуу пландоого, билим берүүнү андан ары өнүктүрүүгө да өбөлгө түзөрү айтылды.
"Электрондук системада бардык класс-курстардын окуучулары боюнча маалымат жайгаштырылат. Базага окутуучулук курам жана алардын жетишкендиктери, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базалары жөнүндө да билдирмелер жүктөлөт", — деп айтылат маалыматта.
Маалымат базасын толтуруу боюнча кесиптик окуу жайларда иштегендерге онлайн семинарлар өтүп жатканы кошумчаланды.
Аталган долбоордун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин ачык маалыматтар порталы түзүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0