Ысык-Көл облусунун ооруканаларына тогуз тез жардам унаасы берилди. Сүрөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТез жардам унаасы. Архив
Тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаалар Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу сатылып алынган. Алар саламаттык сактоо министри облуска барганда салтанат менен өткөрүп берилди.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тогуз тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Атайын унаалар Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу сатып алынып, министр облуска иш сапары менен барганда салтанат менен өткөрүп берилген.
Тез жардам унаалары төмөнкүдөй бөлүштүрүлмөй болду:
  • 1 унаа Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына;
  • 2 унаа Каракол шаарындагы облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна;
  • 2 унаа Түп райондук ооруканасына;
  • 1 унаа Тоң аймактык ооруканасына;
  • 1 унаа Балыкчы аймактык ооруканасына;
  • 1 унаа Ананьево айылындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборуна;
  • 1 унаа Чолпон-Ата шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборуна өткөрүлүп берилди.
Жалпысынан Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу 66 тез жардам унаасы сатып алынып, республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарына таратылары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0