Сурабалдиева: пандемия күчөгөн маалда адам өлүмү азайтылып, гумжардам уурдалган

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЗаседание Республиканского оперативного штаба
Заседание Республиканского оперативного штаба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо тармагындагы чиновниктердин пандемия тушундагы иштерин иликтөө аягына чыкты. Вице-премьер алдын ала жыйынтыктарда гуманитардык жардам талап-тонолгонун, жасалма статистикалар болгонун ачыктады.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева пандемиянын күчөгөн маалында Кыргызстанга келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн иликтеген ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Анын айтымында, айрым мамлекеттик органдардын документтерди жана маалыматтарды берүүнү создуктурганына байланыштуу комиссиянын иш мөөнөтүн узартууга туура келген. Иликтөө тобуна медицина эксперттери, журналисттер жана ар кандай чөйрөнүн өкүлдөрү кирди.
Вице-премьердин айтымында, ал комиссиянын ишинин алдын ала жыйынтыктарын уккан. Корутундусун жана сунуштарды коомчулукка жарыялоону убадалады.
"Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымы биринчи эле күндөн тарта иштөөдөн баш тартканын айтып коюу керек. Айрымдар куугунтук болушу мүмкүн деп коркушту, кээ бирине достору, тааныштары байланышып, мындан ары ишин улантпоону суранышкан. Натыйжада курамда жалаң Кыргызстанда өзгөрүү, саламаттык сактоо системасында чыныгы реформалардын болушун каалаган мекенчилдер калган. Алардын ысымы жакынкы күндөрү иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошо айтылат. Ошондой эле бул комиссия эмне үчүн түзүлгөнү маалымдалат", — деди Сурабалдиева.
Вице-премьер комиссиянын корутундусуна ылайык, пандемия учурундагы өлүмдөр тууралуу маалыматта миңдеп айырма чыгып жатканын белгиледи. Деген менен Сурабалдиева так сандарды көрсөткөн эмес. Анын айтымында, биринчи толкун жогорку чекке жеткен тушта айрым чиновниктер документтерди кечеңдетип, натыйжада дарылоодо жана дары-дармек бөлүштүрүүдө башаламандык пайда болгон.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев - Sputnik Кыргызстан
Жапыкеев: пандемияда иштеген аткаминерлердин баары сурак берип, көбү камалат
"Жең ичинен сүйлөшүүлөр болуп, кимдир бирөө пандемиядан бизнес жасаган. Мурда айтылгандай, комиссиянын ишинин жыйынтыгында катардагы медицина кызматкерлерине сын болбойт. Дарыгерлер эрдик көрсөтүп, адам өмүрүн сактап калууга далбастап аракеттенип жатканда айрым чиновниктер узак мөөнөттүү эс алууга чыгып кетишкен. Айрым оорукананын башкы дарыгерлери керек болсо "кызыл зонага" да барышкан эмес. Гуманитардык жардам уурдалганбы? Ооба. Ведомстволор аралык комиссия көйгөйдү ачып гана чектелбестен, маселени чечүүгө сунуштарды берет", — деп белгиледи Сурабалдиева.
Вице-премьер ошондой эле билим берүү мекемелеринин ачылышы боюнча өз пикирин билдирип, баары жагдайга көнүшү керектигин, анткени жарандар жана экономика мындан аркы чектөөлөргө туруштук бере албай турганын айтты.
Ал 2021-жылдын февраль, март жана апрель айларында илдетке кабылгандардын саны өсүшү мүмкүн экенин эске салды. Вице-премьердин айтымында, өкмөт ондогон ооруканаларды кура алат, ондогон тез жардам унааларын сатып келет, бирок дарыгерлер жетишсиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0