Караколдо 6,6 килограммдык ымыркай төрөлдү

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүЖительница Томска родила мальчика весом почти в 6,5 кг
Жительница Томска родила мальчика весом почти в 6,5 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, бул 38 жаштагы келиндин бешинчи баласы. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы экени айтылды.
БИШКЕК, 15-янв. – Sputnik. Ысык-Көлдүн Каракол шаарында кечээ, 14-январь күнү, салмагы 6,6 килограммга жеткен уул бала төрөлдү. Бул тууралуу Каракол үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди.
Маалыматка караганда, бул 38 жаштагы келиндин бешинчи баласы. 
Ымыркай кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Дарыгер учурда эне-баланын ден соолугу жакшы экенин кошумчалады.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен жаш эне ай-күнүнө жетип төрөгөнүн кошумчалашты. Учурда ымыркай апасы менен наристе төрөлгөн Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында.
Жаңылыктар түрмөгү
0