Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Февралда Бишкекте шаардык транспортту толук көзөмөлдөөчү департамент түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин Байтик Баатыр көчөсүндөгү автоунаалар
Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндөгү автоунаалар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы мекеме жол чырактар жана жолго тиешелүү башка объектилер боюнча иш алып барары, "Коопсуз шаар" долбоорун координациялай турганы айтылды.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясында февраль айынын аягында Шаардык транспорт жана жол инфраструктурасы департаменти түзүлөт. Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин убактылуу орун басары Улан Бейшенбаев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда айтты.
© Sputnik / Табылды КадырбековШаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин убактылуу орун басары Улан Бейшенбаев
Координатор по вопросам транспорта мэрии Бишкека Улан Бейшенбаев - Sputnik Кыргызстан
Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин убактылуу орун басары Улан Бейшенбаев
"Иш жүрүп жатат. Жумушчу топ департаментти түзүү боюнча укуктук актыларды дайындоодо. Менимче, февраль айынын аягына чейин ал ишин баштайт", — деди ал.
Буга чейин Бишкек мэриясынан Шаар транспорту боюнча департамент түзүлгөнү жатканын айтышкан. Ал такси кызматын дагы көзөмөлгө алмакчы. Ошондой эле жаңы мекеме жол чырактар жана жолго тиешелүү башка объектилер боюнча иш алып барарын, "Коопсуз шаар" долбоорун координациялай турганы белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0