Кыргызстанда дагы бир менчик лабораторияга ПЦР-тест жүргүзүүгө уруксат берилди

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүТестирование на коронавирус в Баку
Тестирование на коронавирус в Баку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми чет жактарга чыккандарга беш лаборатория ПЦР-тест жүргүзөт. Алардын экөө мамлекеттик болсо, үчөө менчик.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстанда дагы бир жеке менчик лаборатория чет өлкөгө чыккан жарандар үчүн ПЦР-тест жүргүзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Интермедикал" деген лабораторияга Республикалык режимдик комиссия уруксатын берген.
Мындан ары чет өлкөгө чыккандарга эки мамлекеттик жана үч менчик лаборатория ПЦР-тест жүргүзө алат. Алар:
1. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин улуттук лабораториясы;
2. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ош шаарындагы улуттук лабораториясы;
3. "Бонецкий" менчик лабораториясы;
4. AQUA менчик лабораториясы;
5. "Интермедикал" менчик лабораториясы.
Жаңылыктар түрмөгү
0