Өмүрдү узартууга өбөлгө болчу адат аталды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүМедитация кылып жаткан кыз. Архив
Медитация кылып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медитация —  тынч отуруп алып мээни тазалап оюн иретке келтирүү жана дем алууну көзөмөлдөө.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Күн сайын медитация кылуу адам өмүрүн узартууну шарттайт. Бул тууралуу америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып РИА Новости билдирген.
Медитация — адамдын тынч отуруп алып мээни тазалап, оюн иретке келтирүү жана дем алууну көзөмөлдөө.
Тибеттин руханий лидери Далай-лама XIV. Архив - Sputnik Кыргызстан
Далай-лама ачууну кантип жеңсе болорун айтып берди
Адистер 66 жаштан 81 жашка чейинки ыктыярчыларды тандап алып эксперимент жүргүзгөн. Алардын жарымына күн сайын 15-20 мүнөттөн өздөрүнө ыңгайлуу отуруп алып медитация кылуу тапшырмасын беришкен.
Үч ай өткөндөн кийин катышуучулардын кан басымы орточо көрсөткүчтөн бир топ төмөндөгөнү белгилүү болгон. Башка топтогулардан мындай нерсе байкалган эмес.
Мындан тышкары, изилдөө маалында биринчи тайпанын катышуучуларынын жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандар 30 пайызга төмөн деп бааланган.
Илимпоздордун айтымында, күн сайын медитация жасоо стрессти, коркуу сезимин азайтат. Муну менен адам өмүрү узак болору белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0