129 киши жуктуруп, Бишкекте бир адам көз жумду. COVID статистикасы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 986га жетти. Анын ичинен 78 866сы айыкса, тилекке каршы, 1 382 адам акка моюн сунду.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 129 адамдан табылып, 151 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 54;
  • Чүй облусу – 34;
  • Ош облусу – 9;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 20;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 3.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 69;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 43;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Баткен облусу – 2.
Өткөн суткада Бишкек шаарынын бир тургуну коронавирустун курмандыгы болду.
Заседание Республиканского оперативного штаба - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева: пандемия күчөгөн маалда адам өлүмү азайтылып, гумжардам уурдалган
Азыркы тапта ооруканаларда 799 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 229 бейтаптын абалы оор болсо, 44үнүн абалы өтө оор деп бааланууда. 
Кечээ өлкө боюнча медиктерден коронавирус табылган жок. Ошол эле учурда төрт медицина кызматкери сакайып кетти.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 986га жетти. Анын ичинен 78 866сы айыкса, тилекке каршы, 1 382 адам акка моюн сунду.
Жаңылыктар түрмөгү
0