Карта ойноп жаткан адам. Архив

Инимди кумар оюндарынан кантип чыгарам. Бир тууганы санаага салган аялдын каты

1344
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.

Сиздерге психологдун кеңешин алуу үчүн кайрылып жатам. Менин да 35 жаштагы бир тууган иниме байланыштуу көйгөй жаралууда. Иним шаар жеринде турат. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы болсо да жаман адаттын артынан түшүп алып, аялын эле эмес бизди да түйшүккө салууда. Мындан жети жыл мурун үйлөнгөндө бир туугандар чогулуп, борбордон мейманкана тибиндеги бөлмө алып бергенбиз. Азыр ошондо турушат. Андан бери эч ирденбей койду. Келинибиз тигүүчү болуп иштеп, балдарынын окуусуна, тамак-ашына, күнүмдүк жашоого акча таап жүрөт. Кийим-кечектерине биз жардам беребиз. Аялы кетип калбаса экен деп сарсанаабыз. Анткени бир тууганыбыз үйдүн кожоюну катары жумушта иштеп акча таппайт. Тактап айтканда, акыркы 3-4 жылдан бери такыр эле бекерчиликке көнүп алды. Мурда мектепте иштечү, кийин таксист болуп жүрүп кырсыкка кабылып машинасын сатты. Ошондон бери эле өзгөрдү. Кумар оюндарына кандайча, ким аркылуу кызыгып кеткени белгисиз. Айланасы ошондой болуп жатабы, айтор, жоро-жолдоштору менен үйлөргө барып мелдешип карта ойнойт экен. Футболду да акчага мелдешип ойношорун уктум. Өзүнөн сурасак ачылып айтпайт. Жакшыраак жумуш издеп жатканын айтып кутулат. Мектептен жумуш таап берсек, айлыгы аз деп көңүлдөнбөйт. Жок дегенде кароолчу болуп бир жерге орношуп алса деле жакшы болот эле. Эмне ойлоп жүргөнү белгисиз.

Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.

Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.

1344
Белгилер:
жигит, кумаркана, Гүлнара Жасоолова, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу (147)
Тема боюнча
Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле сууп кетти... Келиндин даты
Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

5
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев өлкөдө граундхоппинг аркылуу футболдук стадиондорго барып, дүйнөнү кыдыргандардын саны көбөйүп жаткандыгын айтты.

Дүйнөнүн белгилүү граундхопперлери Кыргызстандагы футболдук беттештерге катышып, стадиондорду каттап кеткендер бар. Мындай пикирин Бексултан Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

Анын айтымында, граундхопперлер футбол көрүп, стадиондорду гана каттабастан башка элдердин маданиятын, тарыхын өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

"Граундхоппинг – футболдук саякаттын бир түрү. Бул түшүнүктүн максаты башка өлкөгө стадионго барып, футбол көрүп, ошол жерди каттоо дегенди билдирет. Бирок жөн гана стадионго кирүү эмес, ал элдин маданиятын, тарыхын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, граундхоппинг аркылуу дүйнөнү кыдырса болот. Жалпак тил менен айтсак, стадиондорду коллекциялоо. Бул кыймыл Англияда пайда болгон. "Бристоль Сити" клубунун күйөрманы Англияда болгон 92 футболдук беттешке барып, стадиондорду белгилеген. Бул жетишкендикти каттоо максатында гезит ачып, ийгилиги тууралуу бөлүшкөн. Анын эрдигине суктанып, башкалар да стадиондорду кыдыра башташкан. Өлкөдө фанатизм маданиятына кызыккандар бул кыймылды жакшы түшүнөт. Кыргызстанда мындай адамдардын башын бириктирген уюм жок. Болгону "граундхоппер" деген тиркемени смартфонго көчүрүп алып, барган стадионду, оюнду, шаарды белгилеп каттап коёбуз. Бизде кыймылга активдүү катышкан 4-5 адам бар. Мисалы, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүнөн граундхопперлер келгендигин кароого болот", — деди Усеналиев.

Ошондой эле ал Кыргызстан европалыктар үчүн абдан кызыктуу өлкө деп эсептелерин кошумчалады.

5
Белгилер:
Бексултан Усеналиев, саякат, футбол
Тема боюнча
Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?
Жайлоо. Архив

Прокуратура: Ысык-Көлдөгү менчиктелип кеткен жайыт мамлекетке кайтарылды

28
(жаңыланган 12:13 14.05.2021)
2015-жылдын жай айларында жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер райондук соттун чечими менен менчикке өтүп кеткен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ысык-Көл облустук прокуратурасы менчикке өтүп кеткен 3,48 гектар жерди аныктап чыгып, аны кайра мамлекетке кайтарды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен 2015-жылдын жай айларында жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер К.А. аттуу жарандын менчигине мыйзамсыз берилип кеткен. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө бул фактылар ачыкка чыкты", — деп айтылат маалыматта.

3,48 гектар жайытты мамлекетке кайтарып бериш үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасы доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырган. Анын натайжасында кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

28
Белгилер:
менчиктештирүү, чечим, жер, сот, прокуратура, Ысык-Көл району, Кыргызстан
Тема боюнча
Прокуратура: Таластагы жайыт, Нарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды