Футбол академиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Канагат Кадралиев. Архив

Футбол академиясынын түзүүчүсү: боосун байлай албаган балдар да келип тыңып кетет

269
Бир нече жыл мурун Канагат достору менен чогуу Бишкекте Футбол академиясын ачууга белсенишет. "Башта машыктыруучулардын маянасы жол киресин да жапчу эмес. Анда топтордо болгону 2-3 бала гана машыкчу", — деп эскерет ишкер.

Бүгүн Канагат Кадралиев — жүздөн ашуун бала машыккан Футбол академиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Бул милдетти жүктөнгөн үзөңгүлөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын курама командасына ар кыл курактагы топторго ондогон балдарды таптап берген.

— Өзүңүз жөнүндө айтсаңыз.

— Бала кезимден футболго аралаштым, ал түгүл өлкөнүн өспүрүмдүк курама командасында ойночумун. Университетке өткөндө бул ишти токтотууга туура келди. Бирок спортко болгон кызыгуу тараган жок. 2015-жылы ошол командадагы досторум жана өнөктөштөрүм менен болгон жолугушууда балдар футбол академиясын түзүүнү чечтик.

— Башаты кандай болду?

— Ал кезде ар бирибиз 30 жашта элек, досторум да футболдогу карьераларын аяктап калган убак. Мындан ары кандай пландары бар экенин сураганымда адат болуп калгандай эле машыктыруучулук ишмердикке киришерин айтышты. Анан: "Бирөөгө барып иштегенден көрө өзүбүз иш ордун түзсөк эмнеге болбосун?" деген ой келди.

Соучредитель футбольной академии в Бишкеке Канагат Кадралиев
© Фото / Азамат Ибраев
Канагат Кадралиев — жүздөн ашуун бала машыккан Футбол академиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Бул милдетти жүктөнгөн үзөңгүлөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын курама командасына ар кыл курактагы топторго ондогон балдарды таптап берген.

— Оңой эле ачып койдуңуздарбы?

— Кыйынчылыктар али алдыда экен. Үч машыктыруучу — менин дос-өнөктөштөрүм, администратор катары өзүмдөн башка нерсебиз жок. Машыгуу үчүн орун маселесин чечүү керек эле. Калаадагы жасалма чөп төшөлгөн футболдук аянтчалардын көбүн билчүбүз. Аларды адатта адамдар жумуштан чыккандан кийин кечинде ижаралашат. Ал эми бизге дал ошол маалга чейинки учур ылайык болчу.

Ай сайын белгиленген бир суммада ижара акысын төлөөгө акча сала албайт элек. Ошондуктан балдардын санына жараша төлөөнү сунуштадык. Мисалы, бир кишиден 1500 сом алсак, 500 сомдун аянтча акысы, 500 сому машыктыруучуларга маяна, ал эми калганын жабдуу жана долбоорду өнүктүрүүгө жумшай турган болдук.

Балдарды топтоо кыйын экен, башында машыктыруучулардын маянасы жумушка чейинки жол киресин да актачу эмес. Ошол убакта бир топто 2-3 бала эле машыгат. Тааныштарым: "Бул кайдан футбол академиясы болсун?! Төрт гана киши иштейт, өз талааңар да жок", – деп шылдыңдап калышчу. Кантип алакан жайып отуруп калбадык билбейм. Дал ошондо "ишке болгон сүйүүң кыйын кезеңди жеңүүгө көмөк болот" деген сөздү толук түшүндүм көрүнөт. Бул кепти көптөгөн ишкерлерден, машыктыруучулардан уккам.

Биздин өжөрлүгүбүз жана футболго болгон сүйүүбүз менен акыры академияда 100дөн ашуун бала машыга баштады. Андан тышкары, биз өлкөнүн курама командаларындагы ар кыл курактагы топторго 10дон ашуун баланы тарбиялап бердик. Ачыгын айтайын, эгер башында ушундай жыйынтыктарга жетерибизди айтышса, ишенбес элем.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от K A N A G A T (@kanagat_kadraliev)

— Келиңиз эми бизнес жөнүндө эмес, футболдун өзү тууралуу сүйлөшөлү. Спорттун бул түрүнө кызыгып калышыңызга эмне түрткү болгон?

— Ата-энем мени бир ийримге берүүнү чечкенде 3-класста элем. Кандай секциялар бар экенин билүү үчүн апам үйүбүздүн жанындагы Дене тарбия институтуна барат. Анан мага: "Ал жакта футбол, күрөш жана бокс бар экен. Бирок спорттун күч колдонулчу түрлөрүнө барбайсың", – деди. Эртеси күнү атам мени алгачкы машыгууга алып барды, ал эми эки аптадан кийин мен биринчи мелдеште ойнодум. Биздин команда утулуп калган болсо керек эле (жылмайып), бирок аябай сонун болгон. Ошондогу эмоциялар өмүр бою унутулгус. Спортто бала дайым кандайдыр стресстик кырдаалда болот, андайда мүнөз жана эрк калыптанат. Мындан сырткары, спорттун топтук түрлөрүндө бала адатта коомго жакшыраак аралашат, жамаатка, анын эрежелерине жана негиздерине ыңгайлашат.

Командадагы балдар менен алакабыз аябай жакшы, бир топ жыл өтсө да жумуштан кийин ойноо үчүн чогулуп турабыз. Спорттук аянтчада бардык социалдык чек жана макамдар жоюлуп кетет. Укмуштай эмоцияларга, чыныгы кубанычка бөлөнүп, өз жамаатыңдын колдоосуна татыйсың. Мунун наркы бийик.

— Баланы футболго кайсы куракта берген оң?

— Эң кенже тобубузда 4-6 жаштагы балдар машыгат, биз ал топту "балакайлар" деп атайбыз. Система ушундай түзүлгөн, академияда ар бир курактык топтун өз машыктыруучусу бар. Анын баланын дене түзүлүшү жана психологиялык өрчүшүнө жараша белгилүү милдеттери бар. Бул система адамдык факторду кыскартууга жардам берип, спортчу менен машыктыруучунун ортосундагы мамилени эки жыл сайын "жаңыртып" турууга мүмкүндүк түзөт. Маселен, бир машыктыруучуда бала ачыла албайт, дагы башкасы учкунун өчүрүп коюшу мүмкүн. Мындан сырткары, тарбиялануучу ар эки жылда өзүн көрсөтүү керектигин түшүнүп, дайым сергек болот.

Бөбөктөр үчүн атайын методикабыз бар. Эң оболу бул курактык топтогу балдар үчүн стресс деңгээлин болушунча азайтуу жана футболго кызыктыруу үчүн ата-энелерге аларды урушпоо керектигин түшүндүрөбүз. Мисалы, балаңыз менен машыгууга келдиңиз, ал эми ал аянттан чуркап чыгып ыйлай баштады дейли. Андайда эч убакта баланы кайра аянтка чыгарууга аракет кылбоо керек. Тескерисинче, баланы кучактап, коопсуздукта экенин, сиз жанында экениңизди сезгендей мамиле кылуу зарыл.

Ар бир баланын социалдашууда өз деңгээли бар экенин түшүнүү абзел. Адатта бакчага барган балдар көбүрөөк ыңгайлашат. Бирок ар бир бала жаңы жагдайга, айрыкча аянтта башкарууга аракет кылган бейтааныш кишиге өзүнчө реакция кылат.

Соучредитель футбольной академии в Бишкеке Канагат Кадралиев
© Фото / Азамат Ибраев
Кадралиев: Эң кенже тобубузда 4-6 жаштагы балдар машыгат, биз ал топту "балакайлар" деп атайбыз. Система ушундай түзүлгөн, академияда ар бир курактык топтун өз машыктыруучусу бар.

— Демек, бала төрт жашында эрежелерин түшүнүү менен футбол ойной алабы?

— Ооба, бирок бул курактык топто биздин милдет — тартипке жана өз алдынчалыкка үйрөтүү. Бул жашта аянтчада адегенде башаламан болот. Өзүм кызыгып бир-эки ирет бөбөктөрдү машыктыруу процессине катышкам. Абдан жакшы тажрыйба болгон.

Аянтчага чыкканымда бир бала башкасынан топту алууга тырышып, түртүп алган. Калган балдар айланада чуркап жүрөт. Анда өзүм балалуу боло элек кезим, эмне кыларымды билбей апкаарып калдым. Албетте, машыктыруучу дароо көзөмөлдү колго алып, көйгөйдү чечип койгон эле.

Бир айдан кийин ошол эле топтун машыгуусуна барсам мага ата-энелер ыраазычылыгын билдирип: "Ой, мурда уулум мындай элге аралашчу эмес, азыр балдарга жолугууга ашыгып турат...", "Менин балам беш жашында бут кийиминин боосун байлай алчу эмес, эми формасын өзү даярдайт", – деп жатышты. Айрым балдар өздөрү эч нерсе кыла албагандай ата-энелерин ушунчалык манипуляциялашат, ал эми машыктыруучуга анте албайт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от K A N A G A T (@kanagat_kadraliev)

— Көп балдарга ата-энелерине караганда күчтүү "басым жасоочу рычагына" айланганын айтып мактанган машыктыруучу менен сүйлөштүм эле. Ата-энелер, мисалы, балдарын үй тапшырмасын аткарууга көндүрүү үчүн да ага телефон чалышат экен.

— Биздин машыктыруучулар балдар жана алардын ата-энелери менен көбүрөөк иш алакасын түзүшөт. Бала эртең секциядан кетти дейли, ата-энелер чүрпөсүнө таасир этип коюуну өтүнүп машыктыруучуга чалып отурбайт да. Дегеле, футбол үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөөнү өбөлгөлөйт деп эсептейм. Ата-энелер балдарына колдоо көрсөтүү үчүн мелдештерге келишет. Ошондуктан команда утулуп жатканда машыктыруучу кат алышуучу жалпы платформага: "Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздарды урушпай, тескерисинче, аларды колдоңуздар", – деп жазат. Бул ата-эне менен спортчунун этикети, буга үйрөтүү зарыл.

— Кыргызстанда балдар футболун өнүктүрүүдө абал кандай? Соңку убакта алдыга жыла алдыкпы?

— Менимче, ооба. Үч жыл мурун өлкөдө балдар командалары аз болчу, ал эми алар маанилүү да. Спорттун кандай түрү болбосун өнүгүшү үчүн аны биринчи кезекте жайылтуу керек. Анткен менен кыргыз футболуна жеке демилге жетишсиздик кылат. Ушул тапта республикада спорт негизинен федерациялар жана меценаттардан улам гана кармалып турат. Бирок бизде узак мөөнөттүү жеке инвестициялар абдан аз, ал эми ишмердиктин кайсы түрү болбосун, бул өтө маанилүү. Коммерциялык кызыкчылык болушу үчүн улам мелдештер, машыгуулар да болуп турушу шарт, булар да кыйла каражат талап кылат. Материалдык кайтарымы болбосо узак мөөнөткө салым салчулар аз. Мисалы, инвесторлорду тартуу үчүн мамлекет кандайдыр бир салык төлөөдө жеңилдиктерди бере алмак. Мен бизнесмен катары кайсы бир футбол командасына демөөрчүлүк көрсөтөм дейли, ордуна салыктан жарым-жартылай бошотулам. Ошондо ишкерлер бүт дити менен күйүп-бышкан багытына каражат салышмак.

269
Белгилер:
Кыргызстан, бизнес, талаа, ата-эне, бала, машыктыруучу, футбол
Тема боюнча
Жакыпов: Кыргызстанда хоккей боюнча машыктыруучулар жокко эсе
Кыргыздын мыкты балбандарын таптаган машыктыруучулар наам алышты. Сүрөт
Медициналык кызматкер COVID-19 алынган үлгү менен. Архив

COVID: көз жумгандар болгон жок, айыккандар арбын. 7-марттын статистикасы

10
(жаңыланган 11:09 07.03.2021)
Кыргызстанда соңку суткада COVID-19дан каза тапкандар катталган жок. Ооруну жуктургандарга караганда айыккандардын саны арбын болду.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда учурда коронавирус жуктурган 14 бейтап ооруканада өтө оор абалда жатса, 44 адамга аталган илдет жуккан. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Өткөн суткада COVID-19дан көз жумгандар болгон жок. Аталган илдеттен 46 адам айыгып кетти.

Маалыматтарга таянсак, ооруканаларда учурда коронавирустан 344 адам дарыланууда.

"Стационардагылардын ичинен 88 бейтап оор, 14 киши өтө оор абалда жатат", — деп айтылат штабдын маалыматында.

Амбулатордук дарыланууда 261 бейтап бар экени кабарланды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 21
  • Ош - 2
  • Чүй облусу – 5
  • Нарын облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу – 12

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 17
  • Чүй облусу – 14
  • Ош облусу – 4
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Баткен облусу – 2
10
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирустан айыккандар чалдыгышы мүмкүн болгон оорулар. Тизме
"Спутник V" Pfizer вакцинасын озду. Аны дүйнөдө 45 мамлекет жактырды
Ит менен сейилдеп жүргөн кыз асман тиреген имараттардын фонунда. Архив

Асман тиреген имаратта жашоо кимдерге кыйынчылык жаратарын дарыгер айтып берди

14
(жаңыланган 10:49 07.03.2021)
Дарыгер кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Мисалы, көп кабаттуу үйгө тепкич менен баруу кимдир бирөөлөр үчүн кыйын.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Асман тиреген имараттарда жашагандар айлананын кооздугуна жакшы көз чаптыра алат, бирок ден соолукка кооптуулук жараларын медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-терапевт Алексей Хухрев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.

Адис кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Маселен, көп кабаттуу үйлөрдүн лифтиси иштебей калса жүрөк-кан тамыр жана башка оорулары бар адамдарда көйгөй болушу ыктымал.

"Жүрөктүн ишемиялык дарты, ашыкча салмак, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары, астмасы барлар тепкич менен узакка көтөрүлө албай кыйналат", — деген Хухрев.

Ошол эле учурда курч кармаган респиратордук инфекцияга кабылып же кулак тунуп жатса иштеген лифт менен жүрүү дагы оорчулукту жаратышы мүмкүн.

"30-кабат болжол менен 100-110 метрди түзөт. Ага лифт менен 10 секундада көтөрүлгөн адам ыңгайсыздыкты сезет", — деп эскерткен дарыгер.

Бирок адис аллергия менен жабыркагандарга бийик кабатта жашоо бир жагынан пайдалуу экенин айткан. Себеби шамал күчтүү аллерген болуп саналган өсүмдүк чаңчаларын болжол менен 15-кабатка чейин эле көтөрө алат.

14
Белгилер:
жүрөк, аллергия, оору, дарыгер, лифт, тепкич, бийиктик, имарат
Тема боюнча
Ден соолукка пайдалуу шорпо аталды
Адам бир күндө жашылча менен жемишти канча көлөмдө жеш керек