Жалал-Абад облусунун медицина мекемелерине 11 тез жардам унаасы тапшырылды

COVID биринчи катталган Жалал-Абадга 11 тез жардам унаасы берилди. Сүрөт

151
(жаңыланган 19:43 16.01.2021)
Тез жардам унаалары Бүткүл дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттын эсебинен алынган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун медицина мекемелерине 11 тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

  •  Кареты скорой помощи купленные медицинским учреждениям Джалал-Абадской области
    Жалал-Абад облусунун медицина мекемелерине 11 тез жардам унаасы тапшырылды
    © Фото / Зульфия Тургунова
  •  Кареты скорой помощи купленные медицинским учреждениям Джалал-Абадской области
    Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аймактарда тез жардам унааларына болгон муктаждык дагы деле бар экенин белгилеп, пандемия шартында медициналык мекемелердеги кемчиликтер байкалганын белгиледи.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Жалал-Абад облусунун медицина мекемелерине 11 тез жардам унаасы тапшырылды

Унааларды тапшыруу аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Ал өткөн жылы коронавирус илдети эң алгачкылардан болуп Жалал-Абадда катталганын айтып, аны менен күрөшүүдө дарыгерлердин салымы чоң болгонуна токтолду. Министр өкмөттө бул багыттагы шарттарды жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.

"Тез жардам унаалары Бүткүл дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттын эсебинен алынган", — деп айтылат билдирүүдө.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аймактарда тез жардам унааларына болгон муктаждык дагы деле бар экенин белгилеп, пандемия шартында медициналык мекемелердеги кемчиликтер байкалганын белгиледи. Калктын ден соолугуна кам көрүү үчүн заманбап тез жардам унааларынын тапшырылуусу кызматкерлердин да түйшүгүн жеңилдетип жатканын айтты.

151
Белгилер:
коронавирус, унаа, тез жардам, Жалал-Абад
Тема боюнча
Кыргызстанда дагы бир менчик лабораторияга ПЦР-тест жүргүзүүгө уруксат берилди
COVID: Казакстанда өлгөндөрдүн саны көбөйүп, Нур-Султан кызыл зонага кирди
Исполняющий обязанности мэра Бактыбек Кудайбергенов навестил работницу муниципального предприятия Тазалык, пострадавшую в результате наезда

Бишкекте таңда унаа коюп, ооруканага түшкөн "Тазалыкчынын" абалы айтылды

2
(жаңыланган 18:18 01.03.2021)
Бир нече күн мурун ишкананын кызматкери Мадина Токобаева апасы менен жолду тазалап жатканда BMW үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу аны сүзүп, из жашырып кеткен.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылган "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкеринин абалын билди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бир нече күн мурун таңкы саат 6:30да ишкананын кызматкери Мадина Токобаева апасы Жылдыз Орозалиева менен Каралаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолду тазалап жатышкан.

"Эки кызматкер тең өңү чагылышып турган атайын жилеттерди кийгени менен Каралаев көчөсү менен түштүк-чыгыш тараптан катуу ылдамдыкта келе жаткан BMW үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа Мадина Токобаеваны сүзүп кеткен. Ал бети-башы канжалап, эс-учун жоготуп жатып калган. Энеси айдоочунун унаасынын номерин караганга жетишкен эмес, ал из жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Токобаева Тез жардам кызматынын унаасында эсине келген, учурда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда. Мээси чайкалып, буту сынып, көзү-башы көгөрүп, шишигени белгилүү болду. 

Исполняющий обязанности мэра Бактыбек Кудайбергенов навестил работницу муниципального предприятия Тазалык, пострадавшую в результате наезда
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылган "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкеринин абалын билди
"Бүгүн мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ооруканага келип кызматкердин абалын билип кетти. Кыздын абалы бир аз жакшырып, өз алдынча отуруп калды", — деп жазылган билдирмеде.

Мэрия кошумчалагандай, жол кырсыгынан кийин айдоочунун тууганы делген Фархад аттуу адам Токобаеванын дарылануусуна жардам бергени айтылган. Рулда 17 жаштагы бала болгон. Жол кырсыгынын себеби аныкталып жатат.

Ошондой эле "Тазалыктын" кызматкерлери камсыздандырылганы, ишкана материалдык жардам көрсөткөнү белгиленди.

2
Белгилер:
мэр, жол кырсык, кызматкер, МП "Тазалык", Бишкек
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунда тайгаланган автоунаа арыкка түшүп кетти. Видео

Ордунан көчүрүлгөн байыркы үйдөн тарта жүндөн арылган койго чейин. Апта ирмеми

4
(жаңыланган 18:15 01.03.2021)
  • Boeing 747 Франкфурттагы (Германия) аба майданына учуп келе жатат
  • Келгин куштар. Бул турналарды Галилей деңизине (Израиль) жакын Хула көлүнөн тартып алышкан
  • 139 жылдык тарыхы бар үй. Аны Сан-Францискодо жаңы жерге көчүрүп бара жатышат
  • РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолуккан учур
  • Марс планетасында тартылган сүрөт. Perseverance Mars Rover аппаратынын навигациялык камерасы
  • Мекенди коргоочулар күнүнө карата россиялык десантчылардын майрамдык номерлеринин бири. Москва облусу
  • Севильедеги (Испания) модачылдардын нааразылык акциясында
  • РФ жана Беларусь президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко карда жүрүүчү техника менен
  • Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду ашыкча жүктөн арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду
  • Миландагы мода жумалыгында дизайнер Даниэль Дель Кор жаңы коллекциясын көрсөттү
  • Британ деп аталган тукумдагы мышыктын сүрөтүн Москвада өткөн КоШарики Шоу көргөзмөсүндө тартып алышкан
  • Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп жатат. Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды
  • Нью-Делидеги жашоочуларга (Индия) AstraZeneca вакцинасын сайышты
  • Кара түстүү афроамерикалык Амады Орберинин элесине арналган акция. Ал Жоржия штатындагы Брансуика (АКШ) шаарында чуркап жүргөн учурда ок жеген
  • Калутаре (Шри-Ланка) аймагында алтын балыктарды саткан адам
  • Аскерий төңкөрүшкө каршы чыккан кыздын сүрөтү. Янгон (Мьянма)
  • Муз үстүндө чимириле бийлеген Елизавета Нугуманова. Жалгыздап көркөмдөп муз тебүү боюнча аялдар арасындагы Россия Кубогунун финалы
  • Извержение вулкана Этна на Сицилии.
Sputnik Кыргызстан узаган аптадагы урунттуу окуяларды чагылдырган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

139 жылдык тарыхы бар үйдү оор жүк ташуучу автоунаа менен Сан-Францискодо бир жерден экинчи, жаңы орунга көчүрүштү.

РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Марс планетасына учкан Perseverance Mars Rover Жерге жаңы видеолорду жиберди.

Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды.

4
  • Boeing 747 Франкфурттагы (Германия) аба майданына учуп келе жатат
    © AP Photo / Michael Probst

    Boeing 747 Франкфурттагы (Германия) аба майданына учуп келе жатат

  • Келгин куштар. Бул турналарды Галилей деңизине (Израиль) жакын Хула көлүнөн тартып алышкан
    © AP Photo / Oded Balilty

    Келгин куштар. Бул турналарды Галилей деңизине (Израиль) жакын Хула көлүнөн тартып алышкан

  • 139 жылдык тарыхы бар үй. Аны Сан-Францискодо жаңы жерге көчүрүп бара жатышат
    © REUTERS / Brittany Hosea-Small

    139 жылдык тарыхы бар үй. Аны Сан-Францискодо жаңы жерге көчүрүп бара жатышат

  • РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолуккан учур
    © Sputnik / Михаил Метцель

    РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолуккан учур

  • Марс планетасында тартылган сүрөт. Perseverance Mars Rover аппаратынын навигациялык камерасы
    © AFP 2021 / HANDOUT

    Марс планетасында тартылган сүрөт. Perseverance Mars Rover аппаратынын навигациялык камерасы

  • Мекенди коргоочулар күнүнө карата россиялык десантчылардын майрамдык номерлеринин бири. Москва облусу
    © Sputnik / Евгений Одиноков

    Мекенди коргоочулар күнүнө карата россиялык десантчылардын майрамдык номерлеринин бири. Москва облусу

  • Севильедеги (Испания) модачылдардын нааразылык акциясында
    © AFP 2021 / CRISTINA QUICLER

    Севильедеги (Испания) модачылдардын нааразылык акциясында

  • РФ жана Беларусь президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко карда жүрүүчү техника менен
    © Sputnik / Алексей Дружинин

    РФ жана Беларусь президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко карда жүрүүчү техника менен

  • Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду ашыкча жүктөн арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду
    © REUTERS / EDGAR'S MISSION INC

    Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду

  • Миландагы мода жумалыгында дизайнер Даниэль Дель Кор жаңы коллекциясын көрсөттү
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Миландагы мода жумалыгында дизайнер Даниэль Дель Кор жаңы коллекциясын көрсөттү

  • Британ деп аталган тукумдагы мышыктын сүрөтүн Москвада өткөн КоШарики Шоу көргөзмөсүндө тартып алышкан
    © Sputnik / Наталья Селиверстова

    Британ деп аталган тукумдагы мышыктын сүрөтүн Москвада өткөн "КоШарики Шоу" көргөзмөсүндө тартып алышкан

  • Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп жатат. Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды
    © Sputnik / Арам Нерсесян

    Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп жатат. Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды

  • Нью-Делидеги жашоочуларга (Индия) AstraZeneca вакцинасын сайышты
    © REUTERS / ANUSHREE FADNAVIS

    Нью-Делидеги жашоочуларга (Индия) AstraZeneca вакцинасын сайышты

  • Кара түстүү афроамерикалык Амады Орберинин элесине арналган акция. Ал Жоржия штатындагы Брансуика (АКШ) шаарында чуркап жүргөн учурда ок жеген
    © AP Photo / Stephen B. Morton

    Кара түстүү афроамерикалык Амады Орберинин элесине арналган акция. Ал Жоржия штатындагы Брансуика (АКШ) шаарында чуркап жүргөн учурда ок жеген

  • Калутаре (Шри-Ланка) аймагында алтын балыктарды саткан адам
    © AFP 2021 / LAKRUWAN WANNIARACHCHI

    Калутаре (Шри-Ланка) аймагында алтын балыктарды саткан адам

  • Аскерий төңкөрүшкө каршы чыккан кыздын сүрөтү. Янгон (Мьянма)
    © REUTERS / STRINGER

    Аскерий төңкөрүшкө каршы чыккан кыздын сүрөтү. Янгон (Мьянма)

  • Муз үстүндө чимириле бийлеген Елизавета Нугуманова. Жалгыздап көркөмдөп муз тебүү боюнча аялдар арасындагы Россия Кубогунун финалы
    © Sputnik / Владимир Песня

    Муз үстүндө чимириле бийлеген Елизавета Нугуманова. Жалгыздап көркөмдөп муз тебүү боюнча аялдар арасындагы Россия Кубогунун финалы

  • Извержение вулкана Этна на Сицилии.
    © AP Photo / Salvatore Allegra

    Извержение вулкана Этна на Сицилии.

Белгилер:
мода, Армения, АКШ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Чектөөгө карабай чардап майрамдаган бразилиялыктар. Карнавалдан сүрөттөр