Кулагы көп чуулдаган киши тез арада дарыгерге кайрылышы керек. Себеби

© AFP / FRED TANNEAUБейтаптын кулагын текшерип жаткан дарыгер. Архив
Бейтаптын кулагын текшерип жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
В12 витамини аз адамдын кулагы гана белги бербестен, айрым учурда колу-бутунун айрым жерлери чымырап, убактылуу эч нерсени сезбей калат.
БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Кулактын маал-маалы менен чуулдап турушу олуттуу оорулардан кабар берет. Бул тууралуу Express илимий басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Окумуштуулар кулактын чуулдашына В12 витамининин тартыштыгы себепкер экенин айтышты.
"Бул витамин нерв системасынын ишине, канда эритроциттердин пайда болушуна жана ДНКга жооп берет. Эгер бул витамин жетишпесе, нерв клеткалары бири-бири менен жетишерлик байланыша албай, ошондон улам кулакта үндөр пайда болот", — деп айтылат макалада.
В12 витамини аз адамдын айрым учурда колу-бутунун айрым жерлери чымырап, убактылуу эч нерсени сезбей калат.
Ошондуктан адистер өзүнөн мындай белгини байкаган бардык адамдарга колдон келишинче эртерээк дарыгерге кайрылууну сунуштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0