Улуу таланттын жубайы Нурзат Абдырашитованын айтымында, акын күндөлүк жазчу. Туулган күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттын келинчеги менен акылдашып, анын күндөлүктө калтырган айрым ойлорун алып чыкты.
Күндөлүктө жазылган акындын жеке өзүнө таандык нерселер алынган жок. Тек гана залкардын терең ойлору, улууларды эскерген күндөрү тууралуу жазылган үзүндүлөр берилди.
Бир нерсени унутпашыбыз керек. Биз бактылуу болууга дайыма татыктуубуз! Биздин Кыргызстанда бактылуу адамдар жашашы керек. Биз ошол бактылуу коомдун мүчөсү экенибизди эстегим келди.
08.26.2018
***
Көп окуялар болуп өттү. Өз турмушумда да, коомдо да... Айтматов атабыздан айрылдык. Жоктодум...
...Ошол күнү чарчап келип уктадым. Түн бою ыйлап буркурап, манас айтып чыктым. Баягыдай уйку-соонун ортосунда.
Эч нерсе жаза албай жатам. Айрыкча күндөлүк жаза албай жатам. Эмнеге экенин билбейм.
Убакыт: 20:39. 17.06.08
***
Бүгүн 24-январь, саат 15:17
Эрулан жаңы комуз алды. Бата бердим. Азыр чертип отурат алынча. Кызыкчылыгы күндө артып бараткандай. Буга чейин менин комуздарымды кыңкылдатчу ))).
Мындан ары өзүнүн жеке комузу бар. Ата-бабанын, арбактардын улуу касиетин ушул комузу аркылуу сиңирсе экен уулума! Менден 3 (үч) жылга кеч комуздуу болду.
***
Мен мындан ары өз чечимдеримден баары бир кайтпайм. Тагдыр баарынан күчтүү. Кудай айткандай болот. Бирок аракет кылам. Мен канчалык дени сак болсом, биздин үй-бүлөнүн турмушу ошончо жакшы болот. Башкача айтканда, уйуңду арыктатпай, жүдөтпөй баксаң, ал ошончолук жакшы сүт берет дегендей...
Чыгармачылык менин экинчи негизги өмүрүм, ал урпактарыма чейин пайдасын эле тийгизет. Жана да бул жашоодогу менин миссиям.
Бир келген өмүрдү майнаптуу, таттуу, көңүлдүү жашагым келет. Себеби жакшыбы, жаманбы, ушул деңгээлге келишим үчүн да далай көп мээнет жумшагам. Жашым кырктан ашты.
Келечегим жакшы болушуна терең ишенгим келет. Бир эскертчү нерсе — мен үчүн үй-бүлө эң маанилүү институт.
17.01.2019
***
Эртең менен "Айтыш" мектебинин 10 күндүгүнө бардым. Ашыке, Туке устаттарыбыз баш болгон акындарга туугандарынын саламын айттым.
Мамбетасан Токталынын аманатын Тууганбай байкесине айттым. Жусуп Мамайдын "Манас" китеби Садык Шер-Нияздын колуна кут болуп тийди.
"Садык Шер-Нияз уулуна арналды. Элиңден келгендерден уктум. Эл арасына эмгек сиңирип атыпсың, эсен бол. Эл үчүн эмгек кылган киши жалтайбас керек!"
2005-жыл, 10-ай, 26-күн, Жусуп Мамай
(Бул үзүндү Элмирбек Иманалиевдин кытайлык кыргыздарга барып келгенден кийин жазганы)
Эске салсак, улуу акын Элмирбек Иманалиев оорудан улам 2020-жылдын 20-апрелинде көз жумган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрында Нарын облусундагы Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.
Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.
"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.
Уюмдун мүчөлөрүнө Европада АКШнын аскердик күчтөрүнүн кеңейиши, бир катар батыш өлкөлөрүнүн коалициялык жана улуттук потенциалынын өсүшү, Афганистан жана Сириядагы быкшып турган согуштук жаңжалдар, эл аралык терроризм жана регионалдык экстремизм кооптуулук туудурат. ЖККУнун иш-аракеттери, мүчө мамлекеттердин биргелешкен машыгуулары, Батыштын саясатынын эпкинине туруштук бериши тууралуу аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой толгогон.
Жамааттык коопсуздук тутуму коркунучтарга акыл калчоо менен ыкчам чара көрөт. Эң оболу аскердик даярдык жаатында чогуу иш-аракеттерди өткөрөт. Бул боюнча ЖККУнун Биргелешкен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров Москва калаасындагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын бул баасы орундуу.
Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы "Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жөнүндөгү келишимди" узартууга макул болду. Анткен менен Чыгыш Европада АКШнын ракетага каршы коргонуу тутуму чыңдалууда.
Румыниядагы (Девеселу) ракетага каршы коргонуу тутумдар базасына кошумча 2022-жылы Польшадагы (Редзиково) ушундай эле объекти ишке кирет. Дал ушул жайлардан 2000 чакырымдан ашуун ыраактыкка багытталган сокку уруучу "Томагавк" канаттуу ракеталары колдонулушу ыктымал.Польша, Балтия өлкөлөрү, Болгария жана Румыниядагы алдыңкы базаларда аскердик күчтөрдү кабыл алуу жана жайгаштыруу үчүн Пентагондун курал-жарак, аскердик техника жана материалдык каражаттарын пландуу түрдө топтоо уланууда.
Вашингтон жана Варшаванын ортосундагы коргонуу багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү туурасындагы макулдашууда Польшанын аймагында 20 миң америкалык аскер кызматкерин туруктуу жайгаштыруу үчүн инфраструктура объектилерин куруу камтылган.
ЖККУ өлкөлөрү бир эле убакта Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Кавказ багытындагы коркунучтарга жооп берүүгө аргасыз. 2021-жылдагы аскердик окуулар антитеррордук күрөшкө басым жасап, аскердик машыгууну жакшыртууга жана ЖККУнун коргонуу дараметин өстүрүүгө багытталган.
Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган "Аскердик бир туугандык 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык машыгуулар кыйла маанилүү окуя болмокчу.
Иш-чара "Издөө-2021" чалгындоо күчтөрү жана каражаттарын тартуу менен, ЖККУнун бөлүктөрүнүн камсыздоо материалдык-техникалык камсыздоо ("Эшелон-2021"), уюмдун алкагында Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн ("Өз ара аракет этүү-2021") биргелешкен машыгууларын Жамааттык күчтөрдүн ар кыл компоненттеринин даярдыгын атайын окуулар форматында бириктирет.
Жамааттык коопсуздуктун Борбор Азиялык чөлкөмүндөгү окуулардын жүрүшүндө Жамааттык күчтөр тобу ЖККУ аймагына эл аралык террордук уюмдардын согушкерлеринин киришине жол бербөө уламышы боюнча курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу заттарды ташуу каналдарын бөгөп, террорчулардын "жашыруун ячейкаларын" таап, жок кылат.
Иш-чаранын акыркы баскычында ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн "Бузулгус бир туугандык – 2021" биргелешкен окуусу РФ аймагына пландалган (аскерлер тынчтык орнотуу операция ыкмасы аркылуу кризистик зонада жаңжалдан кийинки жөнгө салуу сценарийине ылайык машыгышат).Биргелешкен иштиктүү оюн ЖККУнун Москвадагы Кризистик чара көрүү (жооп кайтаруу) борборунда мүчө мамлекеттердин тийиштүү министрлик жана мекемелеринин ыкчам топтору менен өз ара аракетте уюмдун Башкы катчысынын жетекчилиги алдында өтмөкчү. Мында жамааттык коопсуздук факторлору майда-чүйдөсүнө чейин каралып, өнүгүшү божомолдонуп, көйгөйлөрдү чечүүнүн бардык баскычтарында таасир этүүнүн компенсациялык чаралары жана механизмдери аныкталат.
Чыгыш Европа багытында америкалык топтордун улам көбөйтүлүп жаткан сокку уруучу-чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрү Беларусь жана Россияга реалдуу коркунуч болуп саналат. "Алдыңкы катарда болууну күчөтүү" жана "Атлантикалык чечкиндүүлүк" операцияларында жана Балтия өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин кайтаруу боюнча миссияга НАТОнун бириккен куралдуу күчтөрүнүн 12 миңден ашуун аскер кызматкери тартылган.
"Түндүк" (Латвия), "Түндүк-Чыгыш" (Польша), "Түштүк-Чыгыш" (Румыния) көп улуттуу дивизияларынын штабдары түзүлгөн. Румынияда көп улуттуу корпустун штабын уюштуруу макулдашылууда. Польшанын аймагында 2020-жылдын ноябрында АКШнын Кентукки штатынан келген кургактагы аскердик бөлүктөрүнүн 5-армиялык штабынын ишмердиги жандандырылган.
Литванын Куралдуу күчтөрүнүн Беларустун мамлекеттик чек арасына жакын жердеги "Пабраде" полигонуна америкалык танктык батальон жайгаштырылган. НАТО чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүн чыңдап, өзөктүк потенциалды аскердик багытта колдонууну жактайт.
Окуулардын көпчүлүгүнүн сценарийинде Германиядан түндүк-чыгыш (ФРГ – Польша – Балтия өлкөлөрү) жана түштүк-чыгыш (ФРГ – Венгрия – Болгария) коридорлору аркылуу аскердик бөлүктөрдү көчүрүү, кийин аларды чабул коюучу көп улуттуу ири топтордо пайдалануу ниети камтылат.
НАТОнун ишмердигинин негизги багыттары Вашингтондун түздөн-түз көзөмөлүндө жана "россиялык агрессияны ооздуктоого" даярдык уюмдун дээрлик бардык доктриналык документтеринде бекитилген.
АКШ бийлигинин тышкы саясатынын негизги багыты – аскердик күчтүн эсебинен глобалдык лидерликти камсыздоо. Мамлекеттер аралык алакалардын жаңы "нормалары" пайда болгон карама-каршылыктарды чечүүдө күч ыкмаларын пайдалануу чегин төмөндөтөт.
Борбор Азия чөлкөмүндө ЖККУ өлкөлөрүнө исламдык террорчу топтор негизги кооптуулукту туудурат. Генерал-полковник Анатолий Сидоровдун маалыматында, "Талибан" кыймылынын катарында (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердигине тыюу салынган террордук уюм) 70 миңге чукул согушкер бар, алардын 15 миңи Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен түндүк райондорунда аракет этишет.
Талибдер Афганистан Ислам Республикасынын территориясынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт. Өлкөнүн азыркы жетекчилигин кулатып, "Афганистан Ислам эмирлигин" кайра калыптандырууга умтулат.
Аймактык коопсуздукка "Ислам мамлекетинин" (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердигине тыюу салынган террордук уюм) 4000дин тегерегиндеги согушкери бар афгандык филиалы коркунуч келтирет.
Айрыкча чыгыш жана түндүк провинцияларындагы отряддар активдешкен. Террорчулар Тажикстан жана Пакистан менен чектешкен райондорду көзөмөлдөөгө, ыңгайлуу плацдармдарды түзүүгө, кийин аларды Борбор Азия мамлекеттеринде кеңейтүүгө умтулушат.
Афганистанда ошондой эле "Өзбекстандын ислам кыймылы", "Аль-Каида", "Чыгыш Түркестандын ислам кыймылы" (2500гө жакын согушкер) террордук топтору да бар. Бул менен катар чет элдик (АКШ жана НАТО) аскерлердин дагы кыскарышы, афгандык күч структураларынын куралдуу оппозияга майнаптуу туруштук берүүгө жөндөмсүздүгү исламчылардын кызыкчылыгын жайылтууга жана алардын тарапташтарынын санын арттырууга ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө.Жамааттык коопсуздуктун Кавказ аймагында Грузия менен НАТОнун аскердик кызматташуусу күч алып, региондо АКШнын аскердик орун алышы, анын ичинде республиканын территориясынын жана Кара деңиз акваториясынын аба мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн кеңейип келе жатканы байкалат.
Брюсселдеги жакындагы эле жолугушуулардын жыйынтыгында аталган өлкөнүн жетекчилиги жана Түндүк атлантикалык альянс тарабынан "НАТО – Грузия орчундуу чаралар топтому" толукталып, эки жак быйыл биргелешкен ыкчам жана аскердик даярдык машыгууларды, альянстын согуштук кемелеринин грузиялык портко карай алган сапарларын, улуттук армиянын НАТО стандарттарына жетишүүсү "аяктаганча" каржылык жардамды көбөйтүү боюнча макулдашты.
Ошол эле убакта Грузия, Молдова, Украина союзун түзүү демилгеси да ортого салынууда. Кошмо штаттардын Кавказда абалды ырбатууга жана туруксуздукту жаратууга басым жасаганы мыйзам ченемдүү түрдө чөлкөмдөгү коопсуздукка доо кетишине кептегени турат.
Тышкы кооптуулук жана коркунучтарга карабастан ЖККУнун аскердик кызматташтыгы коргонуучу мүнөздө гана жүрөт, Жамааттык күчтөрдүн жоопкерчилигиндеги аймактарда террордук топтор менен күрөштө Россия армиясы сириялык тажрыйбасын колдонууга аргасыз болбойт деген үмүт бар.