11 спецназдан айрылган. Кыргыз милициясынын "Шумкары" тууралуу эмне белгилүү

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециальный полк МВД "Шумкар"
Специальный полк МВД Шумкар  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууда, митинг, концерт өңдүү массалык иш-чараларда милицонерлерден тышкары атайын форма кийген жоокерлер тартыларын байкаган чыгарсыз. Алар милициянын — "Шумкарлары".
Бүгүн кыргыз милициясынын элиталык спецназы, өлкөнүн бүткүл аймагында иш алып барган атайын багыттагы полку, "Шумкар" жети жашка толду. Мындан улам редакция аталган кызмат тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Полктун түптөлүшү

Ички иштер министрлигине караган "Шумкар" 2014-жылдын 17-январында түзүлгөн. Ал эми 2016-жылы полктун карамагына ИИМдин тез чара көрүү атайын отряды (СОБР "Барс") менен кинологиялык борбор өткөрүп берилген. "Шумкарга" бул кызматтардын кошулушу жоопкерчилигин эки эсе жогорулатып, бир катар милдеттерди жүктөгөн. 

"Шумкар" эмнелерге милдеттүү?

"Шумкар" оор кылмыштардын бетин ачууда, куралдуу кылмышкерлерди кармоодо жана ар кандай кырдаалда операцияларды жүргүзөт. Милициянын "Шумкарларына" атайын операцияларды жүргүзгөндөн тышкары өлкө аймагындагы түрдүү иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, саясий кырдаалдарда жарандардын коопсуздугу менен коомдук тартипти сактоо жана укук бузууларга жол бербөө милдети жүктөлгөн.
Ошондой эле кылмыштардан, администрациялык укук бузуулардан, кырсыктардан жана башка олуттуу нерселерден жабыр тарткан жарандарга өз компетенциясынын чегинде жардам көрсөтүшөт. 
© Sputnik / Табылды КадырбековМилициянын "Шумкарларына" атайын операцияларды жүргүзгөндөн тышкары массалык иш-чараларда коомдук тартипти сактоо милдети жүктөлгөн.
Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Милициянын "Шумкарларына" атайын операцияларды жүргүзгөндөн тышкары массалык иш-чараларда коомдук тартипти сактоо милдети жүктөлгөн.

Полктун даярдыгы

"Шумкар" атайын багыттагы полктун кызматкерлери жергиликтүү жана эл аралык окуу-машыгуулардан өтүп турушат. Өздүк курам сержант, прапорщик жана офицерлерден турат. Алардын арасында мамлекеттик Эрдик жана Даңк медалдарына татыгандар бар.
Атайын багыттагы полкто эркектер менен теңтайлаша айымдар да иштеп, анча чоң эмес операцияларды жүргүзүшөт. Алардын катарындагы Күмүшай Орозкулова Sputnik агенттигине маек берип, генерал болууну кыялданарын айткан.

"Шумкарларга" жолдош болгон иттер

© Фото / Пресс-служба МВД КР2016-жылы полктун карамагына кинологиялык борбор өткөрүп берилген.
Будни кинологического центра ПСН Шумкар МВД - Sputnik Кыргызстан
2016-жылы полктун карамагына кинологиялык борбор өткөрүп берилген.
"Шумкар" атайын багыттагы полкунун кинология борбору бар экенин жогоруда айттык. Кинологдор кызматтык иттерди оор кылмыштардын бетин ачууда, шектүүлөрдү, курал-жарактарды, жарылуучу заттарды, баңгизаттарды табууда жана массалык иш-чара, митинг, акцияларда коомдук коопсуздукту сактоо максатында колдонот. 
© Фото / Пресс-служба МВД КРКызматтык иттер шектүүлөрдү, курал-жарактарды, жарылуучу заттарды, баңгизаттарды табууда көмөктөшөт.
Будни кинологического центра ПСН Шумкар МВД - Sputnik Кыргызстан
Кызматтык иттер шектүүлөрдү, курал-жарактарды, жарылуучу заттарды, баңгизаттарды табууда көмөктөшөт.
Күн сайын кинологдор иттер менен машыгууларды өткөрүп, издөө, кармоо жөндөмдөрүн кайталап, дагы башка ыкмаларды өздөштүрүп турушат. 
© Фото / Пресс-служба МВД КРКүн сайын кинологдор иттер менен машыгууларды өткөрүп, издөө, кармоо жөндөмдөрүн кайталап, дагы башка ыкмаларды өздөштүрүп турушат.
Будни кинологического центра ПСН Шумкар МВД - Sputnik Кыргызстан
Күн сайын кинологдор иттер менен машыгууларды өткөрүп, издөө, кармоо жөндөмдөрүн кайталап, дагы башка ыкмаларды өздөштүрүп турушат.
Акыркы жылдары атайын операцияларды жүргүзүүдө иттердин арасында жоготуулар болгон эмес. Кайгылуу окуя 80-жылдардын аягында катталган. Анда ит барымтага алынган адамды бошотуу учурунда өзү жаракат алып өлгөн.

Спецназдарды сынаган крап берети

Атайын багыттагы полкко кызматка киргендердин бардыгы кара түстөгү берет кийишет. Ал эми өзүнүн мыктылыгын тастыктайм дегендер крап беретин алуу үчүн атайын сыноодон өтүшөт. Анын тапшырмасы оор, бардыгы эле чыдап, кыялданган баш кийимин кие албайт. 
Беретти тапшыруу сынагы жылына бир жолу уюштурулгандыктан, ар бир облус өз ичинен мыктыларды тандап борборго жиберет. Баш кийимди кийүү төрт баскычтан турат.
Биринчи тапшырмада кандидат буга чейин крап беретин кийген кызматкерлер менен эки мүнөттөн төрт беттеш (рукопашный бой) өткөрүп, бардыгын утуп чыгышы керек.
Кровавый побег 9-ти преступников из СИЗО-50. Были ли извлечены уроки — итоги - Sputnik Кыргызстан
№50 абактан 9 кылмышкер качкан кандуу окуя. Кимдер жазаланып, эмне өзгөрдү?
Экинчи тапшырмада кызматкер 20 килограмм оордук менен, тагыраагы, аскердик форма, каска, бронежилет кийип жана башка курал-жарактарын көтөрүп 12 чакырымды чуркап өтүшү керек. Мындай учурда жай басканга болбойт, анын тыкыр аткарылышы комиссия тарабынан көзөмөлдөнөт.
Үчүнчү баскычта курал-жарактын түрү менен ар кандай чеберчиликте ок атышат.
Төртүнчү тапшырмада спецназдардын көтөрүмдүүлүгү жана чыдамкайлуулугу текшерилет. Ал үчүн Долматов (Купер) тестинен өтүшөт, башкача айтканда, бир нече спорттук көнүгүүнү жасап беришет.
Төрт тапшырманы тең "беш" деген баага тапшыргандар ардактуу крап беретин кие алышат.
Ал эми кийинки жылдары жоокер крап беретин коргоо үчүн ага талапкер болгондор менен күч сынашып, баштапкыга караганда жеңилирээк тапшырмаларды аткарып берет. 

Жүргүзгөн операциялар жана курман болгондор

"Шумкар" атайын багыттагы полкунда жалпысынан 11 жоокер кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон. Мунун ичинде СОБРдин дагы жоокерлери бар экендигин белгилей кетели.
— 2000-жылы 11-сентябрда Жалал-Абаддын Чаткал районунун Ак-Сай айылындагы куралдуу топ менен болгон салгылашууда үч спецназ каза болгон.
Элитное подразделение Альфа - Sputnik Кыргызстан
Жүрөгү тоо жигиттер гана барат! "Альфа" элиталык кызматы тууралуу 8 факты
Аталган операцияда курман болгон атайын багыттагы отряддын 1-ротасынын командиринин орун басары, милициянын улук лейтенанты Муратбек Туйтунов Талас облусунун Талас районуна караштуу Талды-Булак айылында 1967-жылы 2-октябрда туулган. 2001-жылдын 10-майында өзү туулган айылдагы Бакай-Таш орто мектебине ысымы берилген.
Ушул эле окуяда баатырларча курман болгон отряддын милиционер-снайпери, милициянын кенже сержанты Дмитрий Накидкин 1979-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында туулган.
Жогорудагы операцияда элдин коопсуздугу үчүн жанын берген кинолог, милициянын улук сержанты Мирдин Түгөлбаев 1976-жылдын 4-январында Чүй облусуна караштуу Москва районунун Предтеченко айылында туулган. 2001-жылдын 31-январында Предтеченко орто мектеби Мирдин Түгөлбаев атындагы орто мектеп болуп өзгөрүлүп, ошондой эле Мирдиндин музейи ачылган. Мындан тышкары, өзү жашаган көчөгө ысымы берилген. 
— 2004-жылдын 20-ноябрында Ош шаарында террорчулар менен болгон кармашууда атайын отряддын взвод командири, милициянын кенже сержанты Нурланбек Сайдинов курман болгон. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкан айылында 1978-жылы 11-августта туулган. 2004-жылдын 26-ноябрында Төлөйкан айылындагы Бодур-Таш орто мектеби Нурланбек Сайдиновдун атын алган.
— 2006-жылдын 12-майында Баткен облусунун Кадамжай районуна Тажикстандан кирип келген куралдуу топту жок кылууда атайын отряддын 2-ротасынын чабуул тобунун милиционери, милициянын старшинасы Улан Сарыбаев мерт болгон. Ал 1978-жылдын 8-февралында Чүй облусунун Сосновка айылында туулган. 2006-жылдын 7-августунда өзүнүн айылындагы көчөлөрдүн бирине ысымы берилген.
Легендарлуу генерал-майор Эргеш Алиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эргеш Алиев — милиционерлердин "атасы". Легендарлуу генерал тууралуу 9 факты
— 2007-жылдын 19-январында Аламүдүн районунун Пригородное айылында уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү, өзгөчө оор кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн Айбек Назаровду кармоо операциясы жүргөн. Анда атайын отряддын 1-бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам милиционери, милициянын старшинасы Өмүрбек Жумакадыров каза тапкан. Ал 1977-жылдын 28-майында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында туулган.
— 2011-жылдын 22-ноябрында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда тез чара көрүү атайын отрядынын 2-бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу милиционери, милициянын сержанты Уланбек Жаанов көз жумган. Ал 1986-жылдын 19-декарбында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Эшме айылында туулган. Ал айылда Уланбек Жаанов атындагы спорттук клуб ачылган.
— 2014-жылдын 11-апрелинде кызматтык милдетин аткаруу учурунда "Шумкар" атайын багыттагы полкунун эки кызматкери каза болгон. Полктун Ош шаарындагы 3-батальонуна атайын каражат жеткирип бараткан унаа Жалал-Абаддагы Чычкан капчыгайынан оодарылып кеткен.
Бул кырсыкта полктун камсыздоо взводунун айдоочу-милиционери, милициянын прапорщиги Нургазы Молдожакыпов каза тапкан. Ал 1982-жылдын 21-декабрында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Биринчи май айылында туулган.
Ушул эле каргашада полктун камсыздоо взводунун айдоочу-милиционери, милициянын старшинасы Максат Жоробеков да көз жумган. Ал 1984-жылдын 11-декабрында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылында туулган.
— 2015-жылдын 12-октябрына караган түнү №50 тергөө абагынан ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, тогуз кылмышкер качып чыккан. Дагы бир жарадар болгон офицер ооруканада беш күндөн кийин каза болгон. Качкындардын бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн.
22-октябрда түнкү саат 22.30да Достук кичи районунда жашырынып жаткан Алтынбек Итибаев жок кылынган. Үч саатка созулган атайын операция учурунда тез чара көрүү атайын отрядынын кесиптик даярдоо боюнча улук инспектору, милициянын капитаны Төлөбек Исмаилов көз жумган. 
37 жашында курман болгон жоокердин артында жубайы, үч баласы калган. Исмаилов 1978-жылдын 19-июнунда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Куланак айылында туулган. Өзү төрөлгөн айылдагы орто мектепке аты берилип, музейи дагы ачылган. Андан тышкары, туулган жеринде Төлөбектин атынан көпүрө курулган.
— "Шумкар" атайын багыттагы полкунда соңку жоготуу 2018-жылы 20-июнда болду. Кызматтык милдетин аткарууда милициянын майору Рысбек Майрамбеков курман болгон. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАтайын багыттагы полк анда кызмат өтөгөндөр психологиялык жактан бекем, эрктүү, күчтүү, тайманбас, кайраттуу болушу керектигин белгилейт.
Специальный полк МВД Шумкар - Sputnik Кыргызстан
Атайын багыттагы полк анда кызмат өтөгөндөр психологиялык жактан бекем, эрктүү, күчтүү, тайманбас, кайраттуу болушу керектигин белгилейт.

Кимдер ИИМдин спецназы боло алат?

Атайын багыттагы полкко кайрылгандар алгач маектешүүдөн өтөт. Андан кийин документтери каралып, дене бой даярдыгы текшерилип, соңунда психологиялык тест каралган. Эгер кененирээк айта турган болсок, "Шумкарга" иштейм деген киши Кыргызстандын жараны, соттолбогон, жашы 19дан 30га чейин, аскердик кызмат өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес, орто же жогорку билимдүү болушу керек. Спорттун ар кандай түрү боюнча чебер же ага талапкерлерге артыкчылык берилет. Маселен, спорт чеберлеринин бою 167 сантиметр болсо кызматка алына берет.
Альфа, Шумкар, Скорпион”… Эң сырдуу кызматтар тууралуу баяндайбыз  - Sputnik Кыргызстан
"Альфа", "Шумкар", "Скорпион”… Эң сырдуу кызматтар тууралуу баян
Атайын багыттагы полк анда кызмат өтөгөндөр психологиялык жактан бекем, эрктүү, күчтүү, тайманбас, кайраттуу, түрдүү кырдаалда кызматтык милдеттерин так жана жогорку деңгээлде аткара билиши керектигин белгилейт.
"Шумкардан" тышкары Кыргызстандын Күч түзүмдөрү менен Куралдуу күчтөрүндө спецназдын канча түрү бар, алардын милдеттери, аткарган тапшырмалары, күжүрмөн даярдыгы, техникалык жактан камсыздалышы жана кандидаттарга талаптары тууралуу Sputnik даярдаган лонгридден окуңуздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0