Насыябыз бар, жети күн эс албай иштейбиз! Маршрутка айдоочуларынын арыз-муңу

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүМаршрутное такси
Маршрутное такси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулардын айтымында, көбү автоунааларын насыяга алып иштетишет. Мындан сырткары, тапкан акчасын батиринин ижара акысына, автоунаанын тетиктерин алууга коротушат.
БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы түз эфирде маршрутка айдоочулары менен сүйлөшүп, алардан эмне себептен жол кирени көтөрүү керектигин, пландалып жаткан иш таштоо тууралуу сурады.
Буга чейин ордо калаадагы маршруттук микроавтобустардын айдоочулары коомдук транспорттогу жол кире акысын 15 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышкан. Эгер андай болбой турган болсо, ишти токтотуп митингге чыгышарын эскертишкен. 
© Sputnik / Эмиль Садыров18-январда иш ташташы мүмкүн болгон маршрутка айдоочулары эмне дейт? Түз эфир
18-январда иш ташташы мүмкүн болгон маршрутка айдоочулары эмне дейт? Түз эфир - Sputnik Кыргызстан
18-январда иш ташташы мүмкүн болгон маршрутка айдоочулары эмне дейт? Түз эфир
Айдоочулардын айтымында, көбү автоунааларын насыяга алып иштетишет. Мындан сырткары, тапкан акчасын батиринин ижара акысына, автоунаанын тетиктерин алууга коротушат.
Маршрутка айдоочусу Сейитбек Айылчиевдин айтымында, азыр азык-түлүктөн тарта күйүүчү майга чейин кымбаттап, айдоочулардын кыйналып жаткан учуру.
"Кымбаттабаган эч нерсе калган жок. Мурда 500 сомдон сатылган тетиктер азыр 1000 сом, андан дагы кымбат. Азык-түлүк канча кымбаттады? Жол кире акысына беш сом кошуп койгула десек ызылдап жатышат. Эмнеге баасы асман чапчыган башка нерселерге нааразы болушпайт? Элдин көбү беш күн иштеп, эки күн эс алат. Айдоочуларга андай мүмкүнчүлүк жок. Себеби айрымдары автоунаанын ижара акысын, батирдин акысын чыгарып алайын деп чуркашат. Айдоочулардын 90-95 пайызы автоунаасын насыяга алып иштеп жатышат. Мындан сырткары, автоунааны улам оңдотуп туруш керек", — деди Айылчиев.
Коомдук транспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка акысын 15 сомго чейин көтөрүү талабы. Бишкек мэриясы жооп кайтарды
Ал 18-январда иш таштоо болор-болбосу азырынча белгисиз экенин да айткан.
"Мындан 2-3 жыл мурда деле иш таштаганбыз. Анда дагы чечип беребиз деп, бирок ошол бойдон калып калган. Эми эртең көпчүлүккө карайбыз. Эл чечет", — деди ал.
Дагы бир айдоочу кесиптештери мындай талаптарды аргасыздан коюп жатканын кошумчалады.
"Жыргаганыбыздан бул талаптарды койгон жокпуз. Баары кымбаттады. Көбү батирде турат. Автоунаалар бат-баттан бузулат, аны оңдоого да акча кетет. Жүргүнчүлөрдүн арасында 10 сом берип коюп каалаган жеринен токтотуп, кыйын болгондор бар. Автобус, троллейбустар эрте эле токтойт. Иштегендерди түнгө чейин баягы эле маршрутка айдоочулары ташыйт. Беш сом эч кимдин деле тагдырын чечпесе керек", — деди дагы бир айдоочу.
Маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо, Бишкек мэриясы ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрыла турганын билдирген.
Бишкек ШИИБ да маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0