Chevening стипендиялык программасынын ээси, илимдин доктору жана антрополог Аксана Исмаилбекова

Германияда илимдин доктору болгон Аксана: патриархалдык коомду аялдар кармап турат

815
(жаңыланган 17:18 24.01.2021)
Chevening стипендиялык программасынын ээси, илимдин доктору жана антрополог Аксана Исмаилбекова Германиядагы Zentrum Moderner Orient институтунун илимий кызматкери жана Галле шаарындагы Мартин Лютер университетинде гендердик маселелер боюнча сабак берет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Европадан илимий даража алып, үй-бүлөлүк жеке турмушун да жөнгө салып келе жаткан 36 жаштагы Аксана Исмаилбекова менен баарлашкан. Ал үч баланын энеси.

— Ата-энеңиз, бала чагыңыз тууралуу билсек болобу?

— 1990-жылдардын орто ченинде ата-энем Нарындан Кант шаарына көчүп келишкен. Биз Кантта чоңойдук, бирок эс алууга чыкканда дайыма айылга кетчүбүз. Чоң жана ынтымактуу үй-бүлөдө чоңойдум. Үйдө ата-энем, менден кичүү төрт бир тууганым жана таенем, таежем болуп бирге турар элек. Ал кезде үйдө интернет, уюлдук телефон деген жок болчу. Жаш балдарга телевизор көрүү кызыксыз эле. Ошентсе да бала чагыбыз абдан кызыктуу өткөн. Шахмат, баскетбол өңдүү ар кандай оюндарды ойноп, китеп окуп, чет тилдерин үйрөнүү менен алек болчубуз. Мен дагы СССРдин кулашы менен ата-энеси жумушсуз калган муунга кирем. Бул мезгил Советтер Союзунун катарына кирген өлкөлөрдө жашаган миллиондогон адамга оорчулук алып келген. Менин ата-энем да жогорку билими болгонуна карабай Россияга жана Казакстанга жумуш издеп барууга муктаж болду. Бир туугандарыбыз менен бир нанды бөлүшүп жеп, мектептен кийин иштеп, ошого карабай жакшы окучубуз. Ал кезде электр жарыгы да бат-баттан өчө бергендиктен, көбүнчө шамдын жарыгында шахмат ойноп отурчу элек. Мунун азыр мага пайдасы тийип жатат. Шахматчылар ар бир ийгиликсиз жүрүш кийинки катаны жасабоого сабак деп билишет. Так ушул түшүнүк мени ойлонуп кадам жасоомо жана максатыма жетүүмө жардам берди.

— Ошентсе да ийгиликке кантип жетиштиңиз?

— Мен негизинен бала чагымдан эле чет мамлекетте окууну кыялданчумун. Эс тартып калганда англис тилине кызыгып, чет мамлекеттен тил үйрөтүү үчүн келген эң алгачкы ыктыярчылардан сабак ала баштагам. Канттагы мен окуган мектепте андай ыктыярчылар болбогондуктан,, эки сааттык жолду жөө басып барып, башка мектептен окуп келүүгө туура келчү. Кийин мектепти бүтүп, жогорку билимди англис тили багытында алууну чечип, БААУга (АУЦА) апам экөөбүз бардык. Барганда эле жерде китеп окуп отурган студенттер, алардын эркин жүргөнү, окуу жайдын аурасы жаккан. Бирок апама "бул жакта окубай эле коёюн, кымбат экен" десем, атам экөө болгон күчүн жумшап окутуп аларын айтты. Университетте жакшы окуган студенттерге 500 доллар стипендия каралган экен. Аны алуу үчүн аябай тырышып окудум. Мында тайпалаштарым да мотивация берди. Бир тайпада он кыз окучубуз. Баары жакшы окуган, акылдуу кыздар болчу. 1-курска жаңы барганда тарых сабагы болуп, менден башкасынын баары кол көтөрүп, мугалимдин суроосуна такылдап жооп берип жатышты. Ошондо аябай уялып, намыстанып өзүмө сөз бергем. Кийин аз уктап, көп окудум. Кээде түнкү саат үчтө туруп алып сабакка даярданган убагым болду. 

Научный сотрудник Восточного института Zentrum Moderner в Германии, стипендиат Chevening, доктор наук и антрополог Аксана Исмаилбекова
© Фото / из личного архива Аксаны Исмаилбековой
Аксана Исмаилбекова Германиядагы Zentrum Moderner Orient институтунун илимий кызматкери жана Галле шаарындагы Мартин Лютер университетинде гендердик маселелер боюнча сабак берет.

— Эмне себептен антропология тармагын тандадыңыз? Бизде өтө сейрек кездешүүчү кесип эмеспи...

— БААУнун антропология факультетине тапшырып калганыма абдан кубанычтамын. Буга кичинебизде үй-бүлөбүз менен шаар которгонубуз жана ата-энемдин турмуштун айынан башка мамлекетке кетиши да себеп болду. Ошол кезде мен аргасыздан ички жана тышкы миграциянын кыйынчылыктарын жон терим менен сезгем. Жер которуу, көчүп-конуу адамга кандай таасир тийгизери тууралуу антропологдор жооп берет. Биз саясат, гендер, эл аралык уюмдар жана миграция тармактары боюнча изилдөө жүргүзө алабыз. Антропология — социология, политология, тарых сыяктуу коомдук илим. Негизинен элге жакын илим, алардын жүрүм-турумун ичинен карап, изилдейт. Бул кесиптин ээлери эл аралык уюмдарга, мамлекеттерге өздөрүнүн программасын сунуштап же саясатына киришип, элдин жакшы жашоосу үчүн салым кошо алат.

Муну менен катар жогорку окуу жайда окуп жүргөндө эл аралык мамилелер тармагын экинчи кесип кылып алгам. Бирок ошол эле убакта бизнес, экономика жаатында да лекцияларды угуп, кошумча билимге ээ болгом.

Кыргызстандык виолончелистка Нурмира Салимбаева
© Фото / из личного архива Нурмиры Салимбаевой
— Университетти аяктагандан кийин билим алууну Европада улантып калган турбайсызбы?

— БААУну бүткөн соң Америка, Англия өңдүү чет мамлекеттерде окуп, билимимди тереңдетүү керектигин түшүндүм. Жанымдагы студенттер Европа өлкөлөрүндө окуу үчүн стипендия алууга билдирүү таштай башташты. Аларды көрүп мен дагы өз күчүмдү сынап көрүүнү туура көрүп, натыйжада толук стипендиант аталдым.

— Кайсы программанын стипендианты болдуңуз?

— Soros-Chevening Scholarship стипендиясына ээ болдум. Ал мага Улуу Британияда социалдык изилдөө жүргүзүүчү магистр даражасын берди. Стипендия алуу үчүн баарлашуудан өтүп жатканда интервьюрерлер университеттеги алгачкы окуу жылымда бааларым эмнеге төмөн болгондугун сурашты. Мен аларга 1-курсумдан баштап акыркы курска чейинки окуумдагы прогрессимди (башкача айтканда, өсүүмдү) карап чыгуусун сунуштадым. Алар өзүмдү лидер катары сезе алар-албасыма да кызыгышты. Мен: "Лидер деп катуу сүйлөгөн адамды эмес, анын идеясы, көз карашы башкалардын олуттуу түрдө кабыл алуусуна жана колдоосуна арзыган адамды айтабыз", — деп жооп бердим. Ошентип стипендияга жетишкен соң тамак-аш, жатакана, кийим, акча тууралуу эч ойлонбой Улуу Британияда окуган мага абдан жакты. Бүт дитимди, күчүмдү бир гана билим алууга жумшадым. 

Научный сотрудник Восточного института Zentrum Moderner в Германии, стипендиат Chevening, доктор наук и антрополог Аксана Исмаилбекова
© Sputnik / предоставлено Аксаной Исмаилбековой
Исмаилбекова: мен негизинен бала чагымдан эле чет мамлекетте окууну кыялданчумун

— Chevening стипендиясын алуу үчүн шарттары кандай?

— Chevening — бир жылдык стипендия. Ал Улуу Британиянын ар кайсы жеринде окуганга мүмкүнчүлүк берет. Мен Шотландияны тандап алгам. Ал жактан ар кандай кесиптерди да адам өзү тандайт. Мен антропология жаатында изилдөө жүргүзүүнү көздөдүм. Бул стипендия — магистрдин окуу акысын, жатакананы төлөп берип, тамак-ашка жана жол киреге да акча бөлүп берет. Германия, Швейцария, Швеция, Италия өңдүү мамлекеттерде да стипендиялар бар. Кайсы мамлекет болбосун, эң негизгиси, стипендияга жетишүү керек, шарты бирдей. Тилдин сертификаты (TOEFL) окууга өтүүгө сөзсүз зарыл.

— Кийин докторлукту Германияда жактаптырсыз...

— Магистр даражасына ээ болгондон кийин Германиядан антропология жаатында PhD (илимдин доктору) даражасын алууга аракет кылып баштадым. Мага Борбордук Азияга кызыгуусу бар университеттер керек эле. Булардын бири Max Planck Institute for Social Anthropology институту болуп чыкты. Мен Улуу Британияда окугандыктан алар менден англис тили боюнча экзамен тапшыртышкан жок. Антропология жаатында изилдөөчү долбоорумду англис тилинде жазып бердим. Докторлук диссертациямды жактаган соң докторлуктан кийинки долбоорду жазууну Берлинде уланттым.

Научный сотрудник Восточного института Zentrum Moderner в Германии, стипендиат Chevening, доктор наук и антрополог Аксана Исмаилбекова
© Фото / предоставлено Аксаной Исмаилбековой
Исмаилбекова: эс тартып калганда англис тилине кызыгып, чет мамлекеттен тил үйрөтүү үчүн келген эң алгачкы ыктыярчылардан сабак ала баштагам

— Бул өлкөдө билим алууну каалагандарга коюлуучу талап, окуу шарты кандай?

— Германияда окуу бекер. Бирок өзгөчө магистр жана бакалавриатта окугандар үчүн күнүмдүк жашоого айына 600 евро керектелет. Германияда студенттер ар кыл стипендияларга тапшыра алганы менен көбү китепканада же кафеде иштөөнү туура көрүшөт. Бул мамлекетке окууга тапшырууну каалагандар uni-assist.de дарегине кайрылса, көп маалымат алат. Университетке билдирүү иретинде жазган катыңыз абдан кыска жана так болушу абзел. Анда сиз эмне себептен ушул университетте же факультетте билим алгыңыз келгенин даана көрсөтүп беришиңиз керек. Ал эми кайсы бир жаатта докторлук диссертацияңызды жактоону кааласаңыз, изилдөө долбооруңузду жазып, анда да эмнени изилдешиңиз керектигин так бөлүп көрсөтүңүз. Бул багытта DAAD кызматы жакшы жардам берет. Өз алдынча докторлук диссертация жазып, изилдөө жаатында да иш алып барган институттар бар. 

— Азыр кандай иштер менен алектенип жатасыз?

— Мен азыр Leibniz-Zentrum Moderner Orient изилдөө институтунда иштейм. Бул көбүнчө Африка, Араб мамлекеттери жана Борбордук Азияны изилдеген эң чоң институт. Негизинен англис тилинде илимий макалаларды жазып, китептерди чыгарабыз. Буга чейин "Өз бала жана туугандык байланыш" аттуу изилдөө китебим чыккан. Мында мен каада-салт менен маданият үрп-адаттарды сактоо үчүн гана эмес, саясий максатка жетүүдө да колдонуларын ачып бергем. Биздеги саясатчылар мыйзамды болуп көрбөгөндөй бузганына карабастан, эл арасында белгилүүлүккө жана сый-урматка жетише алары тууралуу парадоксту көрсөтүүгө аракет кылдым. Кыргызстандагы азыркы саясий абал да ушундай болуп турат.

(Исмаилбекованын кыргыз тилиндеги илимий макаласы менен да таанышууга болот).

Эл аралык академиялык коомдун кабыл алган эрежесине ылайык, окумуштуу өсүп-өнүгүп туруу үчүн биринчи чыгарган китептен соң бир канча убакыт өткөрүп экинчи изилдөө китебин чыгаруусу зарыл. Ушу тапта жазып жаткан китебимди эки жылдан кийин Улуу Британиядан же АКШдан чыгарууга ниеттенип жатам. Азыр чоң долбоор менен алекмин. Экинчи китебимде Орто Азиядагы миграция тууралуу изилдөөмдү жазам. Мында Фергана өрөөнүнө барып изилдөө жүргүзмөкмүн, бирок коронавирус пандемиясы болуп кетти. Мигранттар өз үй-бүлөсүн гана бакпастан, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп, ар кандай социалдык долбоорлорду ишке ашырып жатышканы да белгиленет. Бул жалпы Борбордук Азиядагы феномен. Муну илимий иш катары жазып, китеп чыгарайын деп турам. Мындан тышкары, немец балдарга гендер боюнча сабак берем. 

Научный сотрудник Восточного института Zentrum Moderner в Германии, стипендиат Chevening, доктор наук и антрополог Аксана Исмаилбекова
© Фото / из личного архива Аксаны Исмаилбековой
Исмаилбекова: антропология факультетине тапшырып калганыма абдан кубанычтамын. Буга кичинебизде үй-бүлөбүз менен шаар которгонубуз жана ата-энемдин турмуштун айынан башка мамлекетке кетиши да себеп болду.

— Кыргызстандагы гендер жаатында да изилдөө жүргүздүңүз беле?

— Изилдөөлөрүмдө Борбордук Азиядагы патриархалдык коомду көбүнчө аялдар кармап турары белгилүү болгон. Биздин аялдар эркектерди алдыга умтулууга шыктандырып, жакшы сөз менен жайгарып, ошол эле убакта өз кызыкчылыгын да жерде калтырбайт. Башкача айтканда, өз мүдөөсүн көздөп турат. Анткени патриархалдык коомдо аялдар өзү жол таап, жеке багытын тандап алышат. Ошондой эле тынчтыкты сактоодо аялдардын ролу абдан чоң. 2010-жылдагы июнь окуясында да Кыргызстанда абалды көбүнчө аялдар турукташтырган. Алар аксакалдарга "сиз ушундай айтып коюңуз, анткени улуусуз" деп багыт берет. Жаштарга да аксакалдарды угуп, жашын сыйлоо керектигин эскертип, акыл айтышат. Башкача айтканда, кыргыз коомунда көшөгөнүн артында көп иштерди аялдар жасоодо.

— Долбоор жазып изилдөө ишине грант, ага жолдомо алуу да оңой болбосо керек?

— Мен азыр изилдөө жасап жаткан орунга 250дөн ашык окумуштуу билдирүү таштаган экен. Институт менин жана дагы бир катар окумуштуулардын долбоорун тандап алышкан. Онго жакын окумуштуудан турган комиссия менин изилдөө ишим туурасында сурап, бир саатка жакын баарлашуу жасашты. Өз долбоорумду тааныштырып, анын теориялык жактан илимге кошо турган салымын далилдеп бердим.

— Үй-бүлөңүз тууралуу билсек болобу?

— Билим алуу жана карьера жасоо —  бул маңыздуу нерсе, бирок үй-бүлө күтүү да абзел. Ошондуктан дайыма иш менен үй-бүлөнүн ортосундагы балансты табууга аракет жасайм. Германияга кетерде жолдошум да мага колдоо көрсөтүп, өз жумушун таштап чогуу учуп келген. Немец тилин нөлдөн баштап үйрөнүп, кайрадан университетти бүтүрдү. Азыр өзүнө ылайык жакшы жумуш таап алган. Үч балабыз бар. Балдар сырттан немисче сүйлөшүп, мектептен англисче жана орусча үйрөнүшөт. Ал эми үйдөн жалаң кыргызча сүйлөшөбүз. Пандемияга чейин Кыргызстанга жылына эки ирет барчубуз. Азыр бара албай жатабыз. Аябай сагындык. Ата-энем, бир туугандарымдын баары Кыргызстанда турушат.

815
Белгилер:
илим, Германия
Тема боюнча
Түркияда дарыланууга муктаж кыргызстандыктарга жардамдашабыз. Ишкер Лиранын маеги
Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек
Кеңсе. Архив

"Кумтөрдүн" кеңсеси тинтүүгө алындыбы? Расмий жооп

41
(жаңыланган 18:39 15.05.2021)
Соңку күндөрү алтын казуучу компаниянын айланасында ар кандай териштирүү, анын катарында соттук иштер да жүрүп жатат. Мындан сырткары, компаниянын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия да иш алып барууда.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасына карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Айрым ЖМКлар жазгандай, УКМКнын кызматкерлери бүгүн компаниянын кеңсесине тинтүү жүргүзүп, тиешелүү документтерди алышкан.

Тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев да "Кумтөдө" тинтүү жүрүп, документтер алынганын белгиледи.

Анын айтымында, мунун компанияга тышкы башкаруу киргизүү тууралуу мыйзамга тиешеси жок. Маселе мурда козголгон кылмыш ишине байланыштуу болууда.

УКМКнын маалымат кызматы тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирип, окуя тууралуу маалымат берүүдөн, ошондой эле мекеменин кеңсесине тинтүү жүргүзүлгөнү тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.

"Кумтөр" боюнча абал

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Өлкө президенти Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген.

11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн” ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады.

Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар доо арыз берүү каралган.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

41
Белгилер:
жооп, УКМК, тинтүү, кеңсе, Кумтөр
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Жапаров: "Кумтөргө" тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн
Канада менен Улуу Британиянын элчиликтери Кумтөр боюнча билдирүү жасады
Карга акенин (Карга Мендегул уулу) Дархан айылындагы айкели. Архив

Карга аке тууралуу 14 факты. Чачкын болсок чачылабыз, бир балээге кабылабыз

56
Мойт аке, Карач аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Кыдыр аке — алты аке тууралуу фактыларды окурмандарыбызга сунуш кылып келдик. Мына ушул алты акеге эгемендүүлүк алгандан кийин бир топ изилдөөчүлөр, нускалуу адамдар жетинчи акени — Карга акени кошо башташты.

Карга аке салттуу акелердин акылмандыгын, кеменгерлигин алып жүрөт жана аке деген атка татыктуу орду бар экендигин көрсөтөт. Аны эл Карга бий, Карга ата, Карга аке деп атап келген жана "акелердин акеси" деп да мүнөздөгөн.

Биз бүгүн Мендегул уулу Карга аке тууралуу 14 факт сунуштайбыз.

Туулган жери, теги. Карга акенин туулган жери так айтылбайт. Бирок көпчүлүк санжырачылар Ысык-Көлдүн азыркы Жети-Өгүз районуна караган Даркан айылы анын киндик кан тамган жери дешет. Туулган жылы 1718-жыл экендиги белгиленип жүрөт. Демек, ал биз буга чейин сөз кылган алты акенин баарынан жашы жагынан улуусу. Атасы – Мендегул, чоң атасы – Түлөке, анын атасы – Желдең. Ошону үчүн анын уруусу бугунун ичиндеги желдең уруусу деп аталат.

Талашка тактык киргизген эмгектер. Карга акени акелердин курамына кошуу же кошпоо тууралуу бир кыйла талкуу жүргөн. Мына ошол талашка даркандык тилчи-профессор, комузчу, Карга акенин урпагы Үсөнбек Асаналиев, тарыхчы-профессор, ошол эле айылдык Эгемберди Маанаев, ысык-көлдүк акелер боюнча изилдөөчүлөр Кашымбек Асанбеков, журналист Кубан Мамбетов кыйла тактык киргизген. Жазуучу Айдарбек Сарманбетов "Капсалаң доор. Карга аке" деген өмүр баяндык романын жазган. Мына ушул эмгектерде Карга акенин акелик даражасы тастыкталган.

Ысымынын сыры. Кыргызда Карга ысымдуу адам сейрек учурайт. Эл ичинде айтылып келген сөзгө караганда, бала туулганда боз үйдүн чамгарагына бир карга конуп алып, кетпей какылыктай берген экен, ошондон атасы Мендегул анын атын Карга койгон. Карга аке жүз он жыл жашаган.

Атасынын малын бөлгөндөгү акылмандыгы. Карга өзүнчө түтүн булатып калган кезде атасы Мендегул каза болот. Адатта атанын жылдык ашы өткөн соң балдары анын мал-мүлкүн бөлүп алат. Бул жолу да салт боюнча ошондой кылышмак болгондо Карга "азыр малды бөлбөй туралы, адегенде бой жүргөн эки инибизди үйлөп-жайлап алалы, анан көрөбүз" деп, Ногой менен Сүйөрдү үйлөнтүшөт, ошондон кийин гана калган малды бөлүштүрөт. Ушул сунушу менен эл оозуна алынат. Мал баарына  тең тийсе да, аны кармап калган эки гана бир тууган – Карга менен Байкиши болуптур. Ошол-ошол болуп, анын байлыгы бийлиги менен кошо көбөйүп отурган экен.

"Түшпөс бий" атыккан. Карга аке отуз-отуз бешинде эле бий болуп, ошол бойдон кызмат аркалап, эл тагдырын оң жагына чечип келген, жүз он жашка чыкканча айткан сөзү эптүү, эл ичинде кептүү болуп жүрдү. Жашаган жери Жуукунун ичин, жайында жайлоосу Каркыраны акылмандыктын алтын ордосуна айландырган. Карга аке менен чер жазышып сүйлөшкөнү, анын батасын алганы Ысык-Көлдөн гана эмес, алыс-жууктан: казактардан, Нарын менен Ат-Башыдан, Чүй менен Кочкордон адилеттик, калыс чечер кеңеш издеп адамдар ат арытып, байы да, кедейи да, манабы да, бийи да, баатыры да үзүлбөй келип турган. Атактуу Сарт аке да, Тилекмат аке да анын кашына келип батасын алып, аке даражасына жеткен.

Сырткы душмандардан коргонуунун жолдорун айткан. Карга акенин жашаган мезгили ойрот-жунгар (калмак) баскынчылары менен кыргыз-казактардын катуу уруштарына туш келген. Мына ошол уруш-талаштан аман чыгуунун жолу анын оюнча ынтымакта болгон, "Ынтымак оңдуу болбой, ырыскы жөндүү болбойт", "Чачкын болсок чачылабыз, бир балээге кабылабыз" деп элди ынтымак-ырыска чакырган. Ошон үчүн "Касиеттүү көл, урпактарга буюру, укум-тукумга буюру!" деп тилек тилеп, "Калмактын камчысы кайрылбасын, калкым көлдөн айрылбасын!", "Жангорлуу жоодон сактасын, жоболоңдуу доодон сактасын!" деген баталарын ыроологон. Ойрот-калмактардын ким экендигин баамдап, аларга "Ойроттон шок чыгат, оюндан от чыгат", "Коктуңду калмак кор кылды, колотуңду тор кылды", "Калмак каймагыңа көз артпайт, баймагыңа көз артат" деп алардын образын так ачып берген. Мына ошол Карга аке сыяктуу акылмандардын даанышман сөздөрүнө шыктанган кыргыз жигиттери өз жеринен баскынчыларды биротоло кууп чыккан.

Орус бийлигинен жардам сураган алгачкылардын бири. Ысык-Көл өрөөнү бир жагынан Кытайдын кысымында калса, бир жагынан уруулук кагылыштар күчөп, бир жагынан казак улам-улам кол салып, бир жагынан Кокон хандыгы көз артып, айтор, кыйын күнгө кабылган. Ошондо 106 жаштагы Карга аке жыйырма үч бий менен кеңеш куруп, 1824-жылы Падышалык Россиянын Батыш-Сибирь генерал-губернатору менен сүйлөшүү үчүн элчилерди жиберүү демилгесин көтөргөн. Алар ошол жылы 6-декабрда Омскиде орус бийлик өкүлдөрүнүн кабыл алуусунда болот.

Уурулукка мамилеси. Асаналиевдин жазганы боюнча, бир жолу атактуу Бирназар бий Алдаш уулу Карга бийге конок болуп келет. Анын минген аты мыкты, ат жабдыгы андан өтөт экен. Бирназар бий "балдарга атты каратып коюңуз" десе, Карга аке "бизде ууру жок" деп коёт. Эртеси жанагы ат жоголот. Ошондо Карга аке "ак болгонуң арыкты аттап өтөсүң, кара болгонуң арыкка кулап өлөсүң" деп балдарынын баарын арыкты аттатат. Анан бир уулу арык четине кулап, ошол замат жан бериптир. Ошондо Карга аке: "Менин мындай уулум жок, мындан ары мунун атын оозуңарга албагыла, эсиңерге салбагыла. Өлдү деп өкүнбөгүлө, чуу чыгарып өкүрбөгүлө. Жамы жар болсун, жаткан жери тар болсун! Жар уратып жашырып койгула, буга бир ууч топурак арам!" — деп чечим чыгарыптыр.

Бугулардын башчылыгына Боромбайдын келишин каалаган. Ыйкы-тыйкы, алай-дүлөй заманда Ысык-Көлдөгү бугу уруусу кыйын кырдаалга кептелет. Аларды хан катары алдыга баштап кетер лидер керек эле. Ар ким ар кимге тартып турганда Карга аке биримдиги жоголуп жаткан бугуларды бир бириктирсе ушул жигит бириктирет деп Бирназар бийдин ашында отуздан эми оогон Боромбайга "Жолубузга сакчы бол, журтубузга башчы бол", "Ар уруу элди курап ал, адилет карап сурап ал", "Көп элди көп экен деп көкөлөтпө, көп элге аз элиңди чөгөлөтпө", "Бирин ашынта мактап, экинчисин басынта мактаба", "Узун карап тең сана, убайга салбай кең кара", "Айтканың жерде калбасын, канатың карып талбасын", "Жүрөгүң кабында болсун, акылың табында болсун", "Сен – түндүк, биз – уукпуз, бирде жылуу, бирде суукпуз" деп келип, батасын берет. Ак боз жорго ат мингизет жана жалпы бугулардын манабы, султан даражасында болсун деп ошол кишинин тегерегине баш кошууга чакырат. Ал Карга акенин осуятын отуз жылдан соң толук аткарып, Россия падышачылыгына Шералы уулу Качыбек баш болгон өкүлдөрүн жиберип, 1855-жылы 17-январда Омск шаарында бугу кыргыздарынын өкүлдөрү кабыл алынып, бугулуктардын Россия менен дипломатиялык байланышы башталат.

Көп жыл жашаган. Карга аке 110 жашка чыккан. Өмүр соңунда, 1828-жылы да акыл-эси кадимкидей болуп, элге батасын аябай берип, акылын айтып турган. "Жаш сурасаң Карга акеге бар" деген сөз анын ошол узак жашаганынан келип чыккан болуу керек. Бир жолу кеч күздө Жуукунун ичиндеги Кыргоо деген кыштоого баратып, аты бир жерге аярлай түшөт, ошондо кенже баласы Жаныбекке "менин сөөгүмдү ушул жерге жашыргыла" деп керээзин айткан. Ал ызгаардуу кышта каза болот. Каза болор алдында келиндерин чакыртып, биринчи жолу бет маңдай көрүп батасын берет, кыздарына кошок коштуруп, небере кызы Аруукенин кошогуна өзгөчө ичи чыгат, эркек балдарын болсо өкүртүп сынайт. Анан балдары кыйналбаш үчүн "Менин сөөгүмдү жаз келгенче музга катып тургула" дейт, балдары сөөктү кырк күн музда кармашат да, кийин жылуу күн келгенде бүт салт-санаасы менен жерге беришет.

Карга акенин урпактары жана руху. Ар кандай согушка жөнөп жаткан, алыс жолго чыккан анын урпактары Карга акенин коргонундагы мүрзөсүнө барып куран окуп, топурагынан бир чымчым жанына сала кеткен. Ал Жаргылчакта арык каздырып, эгин кылдырган экен, ошол арык "Карга акенин арыгы" аталып келген.

300 жылдыгы белгиленди. 1996-жылы 25-октябрда Карга акенин урпактары анын 280 жылдыгына карата Даркан айылындагы мүрзөсүнө чоң күмбөз-монументин тургузган. Ал эми 300 жылдыгы 2018-жылы май айында Бишкекте жана Жети-Өгүз районунун Даркан айылында өттү. Аны Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясы, эл аралык "Саякбай манасчы" жана "Карга аке" коомдук фонду уюштурган. Иш-чаранын алкагында Айдарбек Сарманбетовдун "Капсалаң доор. Карга аке" деген өмүр баяндык романынын таанытымы да белгиленди.

Карга акенин керемет кептери. "Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол", "Кайратты – элден, келбетти – жерден ал", "Тазалыкты суудан ал, ынтымакты туудан ал", "Туякка – жер тирек, канатка – жел тирек, ханга – эл тирек", "Учугуңар сүзүлбөсүн, тукумуңар үзүлбөсүн", "Тагынан тайыбас хан жок, ажал албас жан жок", "Өмүр – аласа, жан – бересе", "Аз курусун, азга бүткөн жан курусун, көп курусун, көпкө бүткөн мал курусун", "Жоо каптаса өчүлөр, өлүм каптаса өчүгөр", "Кайраты кеткен катыгар, карт болгон оору айыгар", "Жардынын байы бол, жакырдын жайы бол", "Кудайдын бергени угулбайт, жалгаганы туюлбайт", "Сабыр – сакалдууда, сыпаа – акылдууда", "Айткан сөз – абага учкан чымчык, ойлонбой сүйлөгөн – кырсык", "Душманга өздөй караба, түшөрсүң бир күн санаага", "Душманың кылдай болсо тоодой көр, ийнедей болсо төөдөй көр", "Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетир", "Жоо жакаласа, бөрү этектейт", "Сындашкан туугандан сырдашкан тууган озот" ж.б.

Баталары. Карга аке ооруп жатканда кабар алганы барган Сарт акеге жана ал аркылуу бүт элге мындай бата берген экен: "Силерди суу атасы Сулайман колдосун, аалам атасы Көкө-Теңир колдосун, ашуусу бийик тоо атасы Дабан колдосун, мал атасы Кайберен колдосун; Күтүүсүз бүлүк салган көчкүдөн сактасын, жалындап күйгөн өрттөн сактасын. Капыстан келген жоодон сактасын, агымы катуу селден сактасын. Күбүр сөздөн, каардуу кандын касабасынан сактасын. Кор азаптан, жол азабынан сактасын; Айтканыңар элге эм болсун, зоболоңор кандар менен тең болсун; Эл арасы бейкут болсун. Оозуңарга алганыңар чындык болсун, дитиңерге келген оюңар ишке ашсын; Элди бузганды жер көчкү бассын. Жайытыңар жайлуу болсун, өрүшүңөрдү мал бассын; Бала-чакаңар жөндүү болсун, кыз-кыркыныңар эптүү, көрктүү болсун. Үйүңөрдөн ырыскы-даам өксүбөсүн, кап-куржунуңар бөксөрбөсүн. Үйүңөр жыртык болбосун, үзүк-туурдугуңардын өңү өчпөсүн, очогуңардын оту өчпөсүн. Тасмалыңардан аш кетпесин. Элиңерге даанышманыңар баш болсун...".

Же дагы бир батасы: "Жолдо жооң болбосун, башта дооң болбосун. Уулуң угумдуу, айтканың жугумдуу болсун. Түндүгүң түшпөсүн, тууганың түтпөсүн. Ырыскың бүтпөсүн, керегең бек болсун, кебиң эп болсун. Уулга кубат берсин, келинге уят берсин. Барк-баалуу баш берсин, бак-дөөлөттүү жаш берсин. Ирегең майлуу болсун, ишиң жайлуу болсун. Өлүп көбөйгөн мал берсин, ооруп айыккан жан берсин. Малыңа мал кошулсун, жаныңа жан кошулсун. Тузуңду ак санаган татсын, кара санаган пейилинен тапсын" ж.б.

56
Белгилер:
Карга аке, баатыр, Ысык-Көл облусу, кеңеш, акыл, даанышман, бата
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Тема боюнча
Тилекмат аке тууралуу 12 факты. "Сөз атасы" аталган элдик дипломат
Сарт аке тууралуу 9 факты. Толсоң – бөксөрбө, чайпалсаң – төгүлбө