Мектептер ачылат, балдарга аяр мамиле жасагыла! Милиция айдоочуларга эскертти

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМартовский снег во Владивостоке
Мартовский снег во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын милициясы айдоочуларга кайрылып жатып эртең, 18-январдан тарта, мектептерде 1-5-9унчу жана 11-класстар окуй баштаарын эскертти.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырды.
ШИИББ айдоочуларга кайрылып жатып эртең, 18-январдан тарта, мектептерде 1-5-9унчу жана 11-класстар окуй баштаарын эскертти.
"Шаардык милиция коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырат. Аларга түшүнүү жана жоопкерчилик менен мамиле жасап, зарыл болсо жардамыңыздарды аябаңыздар. Жолдордо жана аялдамаларда этият болуңуздар, балдар бар жерден абайлап өтүңүздөр жана суукта калтырбай алып кетиңиздер", — деп жазылган билдирмеде.
Ошондой эле жоголгон окуучуну кезиктирип калгандарды жакынкы аралыктагы милицияга тапшырып же күнү-түнү иштеген 102 номерине чалып коюуну өтүнүштү.
Жаңылыктар түрмөгү
0