Мурдагы жылдыкын да кошууга болот. Салык декларациясын тапшыруу башталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБирдиктүү салык декларациясы. Архив
Бирдиктүү салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматы 2019-жылдагы декларациясын толтурууга жетишпей калгандар эки жылдыкын дароо бир учурда тапшырып койсо болорун эскертти.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниясын баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Декларациялык кезектеги кампаниянын эки этапта өтөрү айтылды.
"1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке тараптар өткөн жылы тапкан кирешелери, жер тилкелери, мүлктөрү, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек", — деп айтылган маалыматта.
1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын кыргызстандык уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен өлкө аймагында ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
Телефон кармап турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы: электрондук кызмат көрсөтүүдө мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн
1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү, жер тилкелери (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырган дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.
"Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпей калган жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат", – деп айтылган маалыматта.
Салык кызматы декларация боюнча толук маалыматты 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болорун кабарлады.
Жаңылыктар түрмөгү
0