Жардам керек! Бир жаштагы Айлиндин жүлүнүнө кайрадан операция жасалмай болду

Жазылуу
Кыздын энеси кайрадан жасала турган операцияга 50 миң доллар керек болуп жатканын айтып, каражат топтоо үчүн эсеп ачты.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кичинекей кыргызстандык Айлинге кайрадан операция жасоого туура келип жатканын Сатыбалдиевдердин үй-бүлөсүнүн жакындары кабарлашты. Кайдыгер эмес жарандардан жардам керек болууда.
Наристе 2019-жылдын 29-декабрында төрөлгөн. Үч айдан кийин ал ак канга чалдыккан. Кыздын атасы Талант Сатыбалдиев буга чейин Sputnik агенттигине берген маегинде дарыгерлер эки ай убакыт бергенин айткан. Буга байланыштуу 100 миң доллар топтоо үчүн элден жардам суралып, эсеп ачылган эле.
© Фото / из личного архива Таланта СатыбалдиеваТалант Сатыбалдиев менен кичинекей кызы Айлин
Девятимесячный ребенок с лейкемией - Sputnik Кыргызстан
Талант Сатыбалдиев менен кичинекей кызы Айлин
Клиника арзандатуу жасап, топтолгон каражатка 10-ноябрь күнү наристенин жүлүнүнө операция жасалган. Ага энеси донор болуп берген. Үй-бүлө кыздын абалы жакшырып, ооруканадан чыкканын айтышкан.
Бирок Сапанованын айтымында, алар оорукананын имаратынан сырткары үч эле жума жашашты. Кайра текшерүүдөн өткөндө жаңы жүлүндө жетиле элек клеткалар пайда болгону аныкталган. Башкача айтканда, оору наристеге кайра кайтып келген.
Бул жолу кызга атасы Талант Сатыбалдиев донор болуп бермекчи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясында иштейт. БШКнын өкүлү Руслан Изреков бир нече күн мурда Сатыбалдиев Түркияга учуп кеткенин тастыктады.
Сапанова биринчи операция үчүн алган карыздарын толук кутулуп бүтө электе экинчи операцияга жардам суроого аргасыз болуп жатышканын айткан. Ал реквизиттерди өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0