БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Коронавирустун жайылуу темпи боюнча Кыргызстан жашыл зонада. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин адистери коронавирустун аймактарда жайылуу темпинин картасын түзүшкөн.
Анда Чүй облусунан башка аймактардын баары сары зонадан жашыл зонага өткөнү айтылат. Ал эми кызыл зонада азыр бир да облус жок.
Маалым болгондой, жумасына оору жуктургандар репродукциялык сан менен 100 миңге карата 40ка жетсе, анда ал жашыл зонага кирет. Эгер 100 миңге карата 20дан 50гө чейин жетсе, анда сары зонада болуп эсептелет. Эгер репродукциялык сан 100 миңге карата 80ди көрсөтсө, анда кызыл зонага кирет.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев буга чейин репродукциялык сан деген эмне экенин түшүндүргөн. Анда эгер бир киши бир эле адамга жуктургудай абал болсо, кырдаал турукташкан деп эсептелинет.
Мамлекеттер көп учурда айыл чарба тармагын дотациялайт. Бирок бул сектордун социалдык мааниси абдан жогору. Мындай пикирин Муратбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, Кыргызстанда айдоо жер аз болгондуктан массалык түрдө айыл чарба продуктусун өндүрүү мүмкүн эмес.
"Негизи эле дүйнөдө айыл чарба тармагы кирешелүү деп эсептелинбейт. Мамлекеттер көбүнчө бул тармакты дотация кылат. Ага карабастан, анын социалдык мааниси өтө жогору. Муну биз баары бир жасашыбыз керек. Анткени өлкө калкынын 60 пайыздан жогорусу айыл жергесинде жашагандыктан көбү мал чарбачылык жана дыйканчылык менен иш кылат. Айыл чарбанын приоритеттүү жагын карасак болот. Мисалы, биздин айдоо жерлерибиз көп эмес. Массалык түрдө айыл чарба продуктусун өндүрө албайбыз. Жери көп Казакстан, Беларусь сыяктуу айыл чарба продуктусун массалык түрдө өндүрүп, эл аралык базарда алар менен атаандашуу мүмкүн эмес. Бирок биздин табигый, сапаттуу продуктуларды чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз жогору. Алсак, эттин элиталык сортторун, балды, жапайы чөптөрдү аз өлчөмдө, кымбат баада экспорттоо керек. Айыл чарба тармагын мына ушул жолду тандап гана өнүктүрө алабыз," — деди Исмаилов.
Ошондой эле ишкер инвестиция кыска мөөнөттүү иш эмес экендигин түшүнүүнү кошумчалады.
Бизге адамдар бөйрөктөгү таштар чоңоюп кетип, оору чыдатпай талып калганда кайрылышат. Заара, кандан анализ алып, эгер бөйрөк сезгенбесе, дароо ташты талкалоо ыкмасы менен дарылоого жөнөтөбүз. Бул тууралуу Жаныбек Мырзабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шоколад, кофе, алкоголь ичимдиктери бөйрөктө ташты пайда кылат.
"Бөйрөктөгү таштар ультраүн соккусу менен 30 мүнөттүк процедурада талкаланат. Кээ бир таштар бир эле сеанс менен тазаланса, айрымдарында 4-5 сеанс жүргүзүлөт. Негизи бөйрөктө фосфат, оксалат жана ураттык таштар пайда болот. Ар бир ташка жараша бир нече сеанс белгиленет. Андан тышкары, дарыгер таштын түрүнө жараша диета белгилеп дарылайт. Биздин борбордо полост жана уретерореноскопия хирургиялык операциялары да жасалат. Биринчисинде бөйрөктөгү таш ичти кесүү жолу менен алынса, экинчисинде аппараттын жардамы менен заара түтүгүнөн кирип, көлөмү бир сантиметрге чейинки таштарды алып чыгабыз", — деди Мырзабеков.
Дарыгер региондогу адамдар бөйрөгү ооруса биздин ооруканада уролог жок деп жүрө бербестен ошол аймактагы терапевтке көрүнсө, ал шаардагы дарыгерлерге жөнөтөрүн кошумчалады.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Судьялар кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссиясы Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди.
Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынган, ага Калиева өзү катышкан эмес.
Буга чейин УКМК Калиева ар кандай шылтоо менен Дисциплинардык комиссиянын ишин чоюп келе жаткандыгын айткан. Буга Жогорку соттун маалымат кызматы жыйын башкы судьянын ден соолугуна байланыштуу жылдырылып келгенин билдирген.
Атайын кызмат "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына иш козгогон. УКМК төрагасы бул ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин айтып, ага карата иш козголгонун билдирген.
Атайын органдын мындай маалыматына Жогорку сот жооп берип, акыркы учурда УКМК сот бийлигинин өкүлдөрүн негизсиз, далили жок айыптап жатканын айткан. Ошондой эле бул сот системасынын беделин түшүрүп жатканы кошумчаланган.