БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстандын калкынын 50 пайыздан ашыгы коронавирус менен ооруп айыкты деген божомол бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.
Адистин айтымында, июнь айынын аягынан тарта августтун башына чейин адистер изилдөө жүргүзгөн. Натыйжада Кыргызстандын калкынын 30,8 пайызында антитело бар экени аныкталган.
"Бул деген калктын 31 пайызы коронавирус жуктуруп айыкты, эми оорубайт дегенди түшүндүрөт. Февралдан тарта ушул эле изилдөөнүн экинчи этабын жүргүзөбүз. Анын жыйынтыгы апрель айларында чыгып калат. Биздин божомол боюнча, августтан бери калктын 50 пайызынан көбүндө антитело пайда болсо керек. Элдин жарымынан көбүндө антитело пайда болгон учурда оору мурдагыдай көп катталбай калат, — деди Нурматов.
Адис изилдөө кандай тартип менен жүргөнүн түшүндүрүп берди.
Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү коронавирус менен ооруп айыкканын айтып, муну ооругандардын саны азайып калгандыгы менен түшүндүргөн.
Бизге адамдар бөйрөктөгү таштар чоңоюп кетип, оору чыдатпай талып калганда кайрылышат. Заара, кандан анализ алып, эгер бөйрөк сезгенбесе, дароо ташты талкалоо ыкмасы менен дарылоого жөнөтөбүз. Бул тууралуу Жаныбек Мырзабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шоколад, кофе, алкоголь ичимдиктери бөйрөктө ташты пайда кылат.
"Бөйрөктөгү таштар ультраүн соккусу менен 30 мүнөттүк процедурада талкаланат. Кээ бир таштар бир эле сеанс менен тазаланса, айрымдарында 4-5 сеанс жүргүзүлөт. Негизи бөйрөктө фосфат, оксалат жана ураттык таштар пайда болот. Ар бир ташка жараша бир нече сеанс белгиленет. Андан тышкары, дарыгер таштын түрүнө жараша диета белгилеп дарылайт. Биздин борбордо полост жана уретерореноскопия хирургиялык операциялары да жасалат. Биринчисинде бөйрөктөгү таш ичти кесүү жолу менен алынса, экинчисинде аппараттын жардамы менен заара түтүгүнөн кирип, көлөмү бир сантиметрге чейинки таштарды алып чыгабыз", — деди Мырзабеков.
Дарыгер региондогу адамдар бөйрөгү ооруса биздин ооруканада уролог жок деп жүрө бербестен ошол аймактагы терапевтке көрүнсө, ал шаардагы дарыгерлерге жөнөтөрүн кошумчалады.
Тоо туризми бизде эки чоң багытка бөлүнөт. Биринчиси катардагы кызыгуучулардын анча бийик эмес тоолорго жасаган саякаты болсо, экинчиси профессионалдык деңгээлдеги альпинизм. Бул тууралуу Жунус Маметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда борбор калаада ички туризм менен алектенген 120дан ашуун туристтик компания бар.
"Тоо туризми соңку 3-4 жылдан бери популярдуу боло баштады. Буга биринчи кезекте жергиликтүү калктын өзүнүн кызыгуусунун жаралышы. Мурда эл арасында "акча төлөп, кыйналып тоого чыгып эмне керек" деген түшүнүк бар болчу. Азыркы кезде өтө бийик эмес тоолорго чыккан саякатчылардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Мындан улам туристтик компаниялар да улам жаңы маршруттарды, программаларды сунуштап элди кызыктырып жатышат. Мындан аз убакыт мурда борбор калаада ашып кетсе 4-5 эле туристтик компания ички туризм менен алектенчү, учурда алардын саны 120дан ашты. Мунун өзү да талаптын бар экендигинен кабар берет. Ошону менен катар эле тоо туризминин олуттуу багыты болгон альпинизм да өнүгүү жолунда бара жатат десек болот. Бирок бул жакта көбүнесе дасыккан спортчулар машыгат. Арасында чет элден дайыма келип жүргөндөрү да бар. Мунун бардыгы адамдардын баалуулуктарынын өзгөрүп жаткандыгын жана биздин табигый мүмкүнчүлүктөрүбүздүн кенендигин билдирип турат", — деди Маметов.
Ал тоо туризмине кызыккандар үчүн жаш курагына карап да топторго бөлүп алып чыккан программалар бар экендигин кошумчалады.