Кайгуул милициянын автоунаасы. Архив

Маршрутка көйгөйү: Милиция аялдамадагы аялдарды, балдарды үйүнө ташыды. Видео

422
(жаңыланган 00:03 19.01.2021)
Милиционерлер маршрутка маселесинен улам аялдамаларда калган бишкектиктерге жардам берип, үйлөрүнө жеткирип жатышты.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.

Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.

Мэриядан бүгүн калаадагы 1350 микроавтобустардын 400-450сү ишке чыкты деген маалымат берген. Шаардык транспорт башкармалыгынан маршруттук каттамдардын 90 пайызы кадимки калыбында иштеп жатат дешкен. Ал эми кечкурун аялдамаларда эл топтоло баштап, коомдук транспортту күткөндөр көбөйгөндө Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Улан Бейшенбаев маршрутка боюнча кырдаал турукташкандыгын, ал эми жогорудагы көрүнүш автотыгын менен байланыштуу болушу мүмкүн деген жообун айткан.

422
Белгилер:
жардам, милиция, маршрутка, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Каттамга чыкпай койгон маршруткалар. Шаардагы абалды көрсөткөн видео
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

15 саат болду. "Дордойдо" кездеме саткан дүкөндөгү өрт толук өчө элек. Сүрөт

16
(жаңыланган 12:22 07.03.2021)
Тилсиз жоо кечээ 20:30дар чамасында чыккан. Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө, болжол менен жарым бөлүгү күйгөн.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кечээ кечинде Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарында чыккан өрт азыркыга чейин өчө электигин ӨКМ билдирди.

Кечээ 20:30дар чамасында жайгашкан "Дордойдогу" "Алтын-Тоо" базарындагы текстиль материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан.

  • Кечээ кечинде Свердлов районуна караштуу Дордой базарында чыккан өрт азыркыга чейин өчө электигин ӨКМ билдирди
    Кечээ кечинде Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарында чыккан өрт азыркыга чейин өчө электигин ӨКМ билдирди
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Кечээ 20:30дар чамасында жайгашкан Дордойдогу Алтын-Тоо базарындагы текстиль материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан
    Кечээ 20:30дар чамасында жайгашкан "Дордойдогу" "Алтын-Тоо" базарындагы текстиль материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган. Өрт саат 00:01де чектөөгө алынган
    Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган. Өрт саат 00:01де чектөөгө алынган
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Учурда эки өрт өчүрүүчү бөлүм кызмат кылып жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда
    Учурда эки өрт өчүрүүчү бөлүм кызмат кылып жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Кечээ кечинде Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарында чыккан өрт азыркыга чейин өчө электигин ӨКМ билдирди

Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган. Өрт саат 00:01де чектөөгө алынган.

"Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө, анын ичинен болжол менен 200 чарчы метри күйгөн. Азыр өрт толугу менен өчө элек. Адатта текстиль материалдары кеч өчөт", — деп айтылат маалыматта.

Учурда эки өрт өчүрүүчү бөлүм кызмат кылып жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

16
Белгилер:
базар, дүкөн, өрт, ӨКМ, "Дордой" базары
Тема боюнча
Кара-Суу районунда бир мектеп толугу менен күйүп кетти. Сүрөт
Колледжтеги өтүп жаткан сабак. Архив

Билим сапатын жакшыртуу керек. Колледж мугалимдери окутула баштады

20
(жаңыланган 11:41 07.03.2021)
Окутуучулардын тажрыйбасын тереңдетүү "Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында өтүп жатат.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тренингдер "Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында өтүп жатат.

Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.

Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.

20
Белгилер:
мугалим, колледж, билим, тренинг, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Батракеева: ЖРТга катталгандан кийин телефон номерди өзгөрткөнгө болбойт
Бишкекте 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке бара баштайт